Токтоматова Алтынай Сопубековна

C:\Users\admin\Desktop\Майрам Сатаровна\Выпускники\alt pic.png
 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, ф.и.к. Токтоматова Алтынай Сопубековна К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Герман филологиясы (Европа цивилизациясы) факультетин 2000-ж. артыкчылык диплому менен аяктап, англис тили жана адабияты окутуучусу адистигине жана референт-котормочу кошумча сертификатына ээ болгон. 
 Эмгек жолун аталган факультеттин Герман филологиясы кафедрасында 2000-жылы окутуучу болуп баштаган. 2001-2009-жылдары Европа цивилизациясы факультетинин англис тили кафедрасында ага окутуучу болуп иштеген. 
 Дасыккан, тажрыйбасы мол мугалимдерден билим алуу айрыкча ишинин кѳзүн билген ага окутуучу азыр да аталган факультетте үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Укен Дүйшѳмбиевна Адыбаева эжейден таалим-тарбия алганыбызды сыймыктануу менен белгилеп кетким келет. Мугалим катары эмгек жолумдун байсалдуу болушуна ошол кездеги жетекчи-декан Нарынкул Кусеиновна Ирсалиева эжейдин мен эле эмес, жалпы жаш адисттердин мугалим болуп калыптанышына, тажрыйба топтоосуна салымы чоң. Ѳлкѳ ичиндеги ар кандай методикалык семинарларга катыштырып, иш планынын жазылышын жана аткарылышын, окутуунун сапатын ѳзү кѳзѳмѳлгѳ алышы менен кѳптѳгѳн илим-билимдүү жаш адистерди даярдап чыгарган ѳзгѳчѳ устат десем жаңылышпайм. Окутуу менен гана чектелбестен илим-билимге жол ачкан университет мен үчүн акжолтой уя бойдон кала берет. 2007-ж Дурус Исакбаевич Козуевдин жетекчилиги учурунда Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде квалификацияны жогорулатуучу үч жумалык курс ѳткѳндүгүм ѳзүнчѳ бир дүйнѳнүн эшигин ачып берди. Университеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем, мен санай берсем, алардын саны эсеп жеткис. Алардын ар биринин кайталангыс сапаттары, нарк-назили, профессионалдык даярдыгы студенттердин жүрѳгүндѳ түбѳлүккѳ кала бермекчи.
2009-ж А.Токтоматова К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин 30 жылдык юбилейине карата Ардак грамота менен сыйланган.
 А.Токтоматова «Сүйүнбай Эралиевдин «Ак Мөөр» лирикалык поэмасынын котормосуна лингвопоэтикалык анализ» аттуу темада илимий ишин жазып, 2017-жылы 29-май айында ийгиликтүү коргогон. Котормо, маданият таануу багытында 10дон ашык илимий макаланын автору, Сулайман Рысбаевдин «Айжаз менен Бегулан» романтикалуу аңгемесин жана С.Эралиевдин «Ак Мөөр» поэмасын англис тилине которгон. Жергиликтүү жана эл аралык илимий-практикалык иш чараларга катышып келет. 
 К.А.Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университети тарабынан уюштурулган интернет-конференцияга (2014), Түркия Республикасындагы Докуз Эйлүл университети (Dokuz Eylul Universitesi, Izmir, Turkey) тарабынан уюштурулган «Тил, адабият стилистика аттуу XIV эл аралык симпозиумга» (2014), Шанлыурфадагы Харран университети (Harran universitesi, Sanliurfa, Turkey) тарабынан уюштурулган «Улуттук маданияттагы аялдар» (2015), аттуу симпозиумга, Түндүк Кипрдеги (2017) 3-эл аралык илим изилдѳѳ когрессине катышкан.
 11 жыл англис тилин атайы предмет катары окутууда синтаксис, англис тилинин тарыхы, лексикология, англис тилин окутуунун методикасы аттуу теориялык-усулдук дарс окуган. Акыркы жылдары англис тилин чет тили катары окутууда да илимий-методикалык тажрыйбасы мол.  Өзүн профессионалдык жактан өстүрүүгө дайым кызыкдар. Кыргызстан-Сорос фонду,  Lingua англис тили мектеби, Teachers Helping Teachers тил үйрөтүү боюнча Япония ассоциациясы, КТМУ тарабынан уюштурулган   жана АКШ элчилиги, АУЦА жана  Lingua англис тили мектебинин биргелешип уюштурган методикалык семинарларга катышып, мыкты көрсөткүчтөргө жетише алды. 2007-жылы Россия Федерациясынын Москва улуттук лингвистикалык университетинде «Англис тилин чет тили катары окутуунун теориялык жана практикалык актуалдуу маселелери» программасынын алкагында квалификациясын жогорулаткан. «XXI – кылымдын кадрлары»  аттуу президенттик программанын жеңүүчүсү катары «Программалоо техникасы» боюнча Индияда Нью-Делли шаарында билимин жогорулатып келген. 
 2016- жылы тарых жана маданият жылына карата уюштурулган «Мекенге таазим» Республикалык фестивалы, «Жаңы ысымдар» аттуу адабий конкурсуна «Ак Мѳѳр» поэмасынын котормосу менен катышып, котормо жанры боюнча жеңүүчү деп табылган. 2017- жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна мүчѳ.