Кыргыз тил күнүнѳ карата ѳтүлгѳн «Эне тилим эне сүтүм» аттуу тарбиялык саат

Отправлено 26 нояб. 2017 г., 00:17 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 26 нояб. 2017 г., 00:18 ]

Не удалось найти URL спецификации гаджета
23- сентябрь кыргыз тил күнүнѳ арналган тарбиялык саатта  Европалык  Цивилизация Факультетинин 4-курстун  студенттери катышты. Команда беш адамдан турган тѳмѳнкү группалардан чогулду: ЛП 14/2, Л 14\2, Л 14\1, Л 14\3, МО 14\1. ϴтүлгѳн күнү 22.09.2017, сааты 13.00, ауд БАЗ (2).
  • Берилген тапшырмалар тѳрт тапшырмадан турду.
  • Макал – лакаптардан алынган жок сѳздѳрдү табуу.
  • Жаңылмачтар
  • Унутулгус эски ырлар
  • Тексти которуу – англис тилинен кыргызчага
 Европалык Цивилизация Факультетинин деканы Кадыркулова Ф.Д. жана котормонун теориясы  жана практикасы кафедрасынын башчысы Жумакеева Э. Б.  жана кафедранын мугалимдеринин катышуусунда  кызыктуу өттү.

Калыстар тобун котормонун теориясы жана практикасы кафедрасынын  тѳмѳнкү мугалимдери шайланды:  Молдомамытова Э.Б., Эгембердиева У.П., жана Орузбева М.А.  МО 14\1 группасынын студенти  Асанов Арген  алып барды.

Аягында жеңүүчү командага  Л 14\1 группасына белекти  Европалык Цивилизация Факультетинин деканы Кадыркулова Ф.Д.  куттуктоо сѳзү менен жолдоп ыйгарды. Ал эми экинчи орунга Л14\2, үчүнчү орунга  ЛП 14\2  татыктуу деп калыстар  тобунун чечими менен жыйынтыкталды.
Баардык катышуучуларга бул өтүлгөн иш чара аябай жакты жана мындан ары ушу сыяктуу иш чараларды кѳбүрѳѳк ѳтүүнү каалашты.