ЧЫГЫШТААНУУ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ Факультет жөнүндө жалпы маалымат Факультеттин миссиясы: Мамлекетибиздеги чыгыштаануу илимдерине байланыштуу билим берүү муктаждыктарын Чыгыш өлкөрүнүн тил, тарых, маданият, экономика, эл аралык мамилелер, маданияттар аралык коммуникация тармактарындагы адистерди даярдоожолу аркылуу камсыз кылуу. Факультетте араб, жапон, корей, түрк, фарсы жана англис тилдери окутулат. Чыгыш тилдери бөлүмдөрүндө англис тили экинчи чет тили катары үйрөтүлөт. Факультеттин 6 кафедрасында араб, жапон, корей, түрк, фарсы жана англис тилдери боюнча атайын илимий-теориялык даярдыктары бар жана окутуучулук тажрыйбасы жетиштүү 72 окутуучу-профессорлор, ошондой эле 20-дан ашуун чыгыш жана батыш тилдеринин өкүлдөрү; Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы, маданияты, эл аралык мамилелери боюнча жогорку квалификациялуу адистер, Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилер, бир катар Чыгыш өлкөлөрүнүн алдынкы жогорку окуу жайларынан чакырылган профессорлор эмгектенишет. Даярдоо багыттарынын тизмеси Чыгыштаануу, африканистика (бакалавриат; магистратура) - профилдери (тармактары): “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тилдери”; “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы”жана “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн экономикасы”. Эл аралык мамилелер (бакалавриат; магистратура) – профилдери: “Дипломатиялык жана консулдук кызмат”; “Тышкы саясат”; “Экономикалык дипломатия”. Лингвистика (бакалавриат) – профилдери: “Маданияттар аралык коммуникациясынын теориясы жана практикасы”; “Чет тилин жана маданиятын окутуунун теориясы жана методикасы. Факультете төмөнкүдөй кафедралар адистерди мезгил талабына ылайык адистерди даярдашат: Бүтүрүүчүлөрдүн ишкердик чөйрөсү Чыгыштаануу, африканистика” багыты Чыгыштаануу багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо араб, жапон, корей, түрк жана фарсы тилдерин жана англис тилин окутуу негизинде жүргүзүлөт. “Эл аралык мамилелер” багыты Эл аралык мамилелер багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо англис, араб, жапон, корей, немис, түрк жана фарсы тилдерин окутуу негизинде жүргүзүлөт. “Лингвистика” багыты Лингвистика багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо араб, жапон, корей, түрк жана фарсы тилдерин жана англис тилин окутуу негизинде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөрдүн тиешелүү багыттардын негизинде алган билими жана квалификациясы аларга котормочулук, Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы, маданияты, эл аралык мамилелер, лингвистика, азыркы замандагы маданияттар аралык коммуникациясы, Чыгыш өлкөлөрүнүн экономикасы тармактарынын адиси катары мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде, эл аралык уюмдарда, Элчиликтерде, мамлекеттин ичинде же анын сыртында иш алып барган чет элдик капиталы бар биргелешкен ишканаларда эмгектенүүсүнө, жана ошондой эле Чыгыш өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын магистратурасында билим алуусун улантууга мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык кызматташуу Бир катар чет өлкөлүк чыгыштаануу борборлору жана алдынкы университеттер менен ар тараптуу тыгыз байланыштары түзүлгөн. Шериктеш жогорку окуу жайлары менен бакалаврлар үчүн 2+2 жана магистранттар үчүн 1+1 схемасында биргелешип адис даярдоо долбоорлору иш жүзүнө ашырылып жатат. Факультет бир нече окуу программаларына катышат:
Факультеттин эң жакшы окуган студенттери жыл сайын Жапондун, Ирандын, Кореянын, Туркиянын, Мысырдын, Кувейттин, башка Араб өлкөлөрүнүн, Европанын жана Американын жогорку окуу жайларына тил билимин жогорулатууга багытталган 2 айдан 1 жылга чейинки стажировкаларга жөнөтүлүп турушат. Акыркы 3 жылдын ичинде 150 ашуун студент чет элдик стажировканы өтүп келишти. Азыркы учурда Корея Республикасында – 35 адам, Жапон өлкөсүндө – 26 адам, Араб өлкөлөрүндө – 29 адам, Туркия Республикасында – 37 адам, Европа жана Америкада – 17 адам окуусун улантып жатышат. |
Факультеты > Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультети |Факультет востоковедения и международных отношений >