К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилер факультети бүтүрүүчүлөрдү онлайн режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрө баштады

Отправлено 10 июн. 2020 г., 19:35 пользователем Аскар Таалайбеков
Не удалось найти URL спецификации гаджета
           К.Карасаев атындагы БМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети өлкөдө түзүлгөн өзгөчө кырдаалга жана абалга карабастан билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратпай,  окуу жылын ийгиликтүү аяктоодо. Факультеттин 2020-жылкы  жузгө жакын бүтүрүүчүсү онлайн  режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөрүлө баштады.
       КР Билим  жана илим министрлигинин 2020-жылдын 11-майындаагы № 363/1-буйругунун, университеттин  онлайн режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тууралуу жобосунун негизинде факультетте ар бир адистиктин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялады уюштуруу жана   жүргүзүү тууралуу факультеттик  инструкция иштелип чыккан.   Учурда факультеттин  бакалавр жана магистрдик программаларын бүтүрүүчүлөрү эки мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы тарабынан биринчи жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан,  негизги чет тилинен (англис, араб, корей, кытай, турк, фарсы жана япон  тилдеринен), өткөрүлүүдө. 
        Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөрүү процесси  Google Classroom тиркемесинин негизинде университетте атайын түзүлгөн  bhu.kg   уюлдук доменинин алкагында, учурда талап кылынып жаткан бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалардын  талаптарын кылдат  аткаруу  жолу менен жүрүгүзүлүүдө. 

Comments