«Аялзаты – аруузат» кулинардык чеберчилик сынагы

Отправлено 19 мар. 2018 г., 9:47 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 19 мар. 2018 г., 9:47 ]


2018 - жылдын 17-март күнү Чыгыштаануу жана эл аралык факультетинин “Кыргыз-араб окуу жана маданий борборунда” араб бөлүмүнүн студенттери арасында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата «Аялзаты – аруузат» аттуу кулинардык чеберчилик боюнча сынак өткөрүлдү.
 
Конкурска «Орхидея гүлү»,«Энекем менин жашоом», «Энекем-берекем», «Курманжан-датка» жана «Ыймандуу эне балдары» аттуу бөлүмдүн студенттеринен куралган кулинар командалары катышышты. Ар бир команда конкурска коюлган тамак-аштардын кандай азыктардан турганын жана кандайча даярдалганын, ден-соолукка кандай пайдасы бар экендигин калыстар тобуна, байма-бай араб тилинде айтып беришип, даам сыздырышып, эне тууралуу кɵркɵм сɵз жана музыкалык чыгарма тартуулашты. 
 
Конкурсту өткөрүүнүн негизги максаты - студент кыздардын тамак-аштын түрлөрүн даярдоо чеберчиликтерин өркүндөтүү аркылуу кыргыз жана араб элдердин үрп-адаттарын, салт-санааларын, этнографиялык жана маданий өзгөчөлүктөрүн тереңдетип өздөштүрүүгө түрткү берүү,  ошондой эле, студент жаштардын арасында ынтымак жана биримдикти бекемдөөгө багытталган. 
 
Калыстар тобунун чечими менен «Ыймандуу эне балдары» тайпасы сынактын жеңүүчүсү болуп таанылды. Конкурсантарга деканат, кафедра жана араб бөлүмүнүн студент жигиттери тарабынан чоң ыраазычылыкбилдирилди.
 
Конкурстун катышуучуларына баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.