Катар мамлекетинин Билим берүү министрлигинин делегациясы Бишкек гуманитардык университетинде

Отправлено 27 апр. 2018 г., 22:56 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 27 апр. 2018 г., 22:56 ]

2018-ж. 17-апрель айында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жыйындар залында, Катар ɵлкɵсүнɵн келген делегация менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрүнүн, Кыргызстандын ири университеттеринин ректорлорунун катышуусунда жолугушуу болуп ɵттү.

Жолугушууда эки ɵлкɵнүн жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушууну КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кожобеков К.Г. ачып, ɵз сɵзүндɵ жолугушуунун негизги максаттары менен тааныштырган соң, эки ɵлкɵ ортосундагы карым-катнаштардын, айрыкча билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуулардын жогорку деңгээлде ɵнүгүүсүнɵ, бекемделишине ишеним арттыраарын билдирди. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, профессор А.И. Мусаев конокторго ыраазычылык билдирүү менен, жогорку билим тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктɵрүнɵ кенен токтолуп, университет тарабынан даярдалган араб тилин окутуу боюнча «Кыргыз–Катар окуу-ресурстук борборун» түзүү долбоору менен тааныштырды. БГУ менен Катардын университеттеринин ортосунда эки тараптуу тажрыйба алмашуу, студенттердин эки ɵлкɵнүн жогорку окуу жайларынан билим алып, эл аралык үлгүдɵгү эки тараптуу дипломго ээ болуусун камсыздоо багытында иш алып баруу боюнча сунуштарын айтып өттү.

Делегациясынын башчысы, Катар мамлекетинин Билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайлары боюнча департаментинин мүдүрү, доктор Халид Абдуллах Аль-Али мырза да долбоорду кабыл алып, анын ишке ашырылышына кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле сунушталган долбоордун кээ бир пункттарын тез арада чечүүгɵ мүмкүн болсо, айрымдарын ишке ашырууга бир канча убакыт талап кылынарына токтолуп, бул долбоорду колдоо Катар мамлекетинин Билим берүү министрлигинде талкууланып, изилденген соң гана билинерин айтты. Катар мамлекеттик университетинин алдында чет элдик студенттер үчүн курстарды уюштуруучу борбор бар экендиги, ошондой эле Катар мамлекетинде чет элдик илимпоздордун ар кандай багыттардагы долбоорлорун каржылоочу атайын ири фонддун бар экендиги, Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алып жаткан студенттер, илим жаатында эмгектенип келе жаткан окумуштуулар үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктɵрдүн түзүлүшүн шарттай тургандыгы белгиленди.

Ɵз учурунда КР Билим беруу жана илим министрлигинин тышкы байланыштар боюнча департаментинин башчысы Сарбагышева Г.Э., Ж.Баласагун атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Садыков К.Ж., И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Джаманбаев М.Ж, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Абдырахманов Т.А., жана Катар ɵлкɵсүнɵн келген делегациянын мүчɵлɵрү да өз сунуштарын ортого салышты.

Катардык делегация БГУнун окутуучу-профессордук жааматы жана студенттери менен да жологушту. Жолугушуунун алкагында доктор Халид Абдуллах Аль-Али мырза Катар мамлекетинин жогорку окуу жайлары жɵнүндɵгү атайын презентация менен тааныштырды.
Жолугушуунун аягында БГУнун Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетин араб бөлүмүнүн студенттери Катарлык меймандарга Ч. Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» чыгармасынын «Жоломандын трагедиясы» аттуу араб тилинде сахналаштырылган үзүндүсүн жана чакан концерттик программаны тартуулашты.