ЖЫЛДЫН СОЦИОЛОГИЯЛЫК ТАЙМАШЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ!

Отправлено 20 апр. 2020 г., 01:00 пользователем Аскар Таалайбеков
    2018-жылдын 5-7-декабрларында БГУнун социология кафедрасы жана КТМУнун социология бөлүмү биргелешип уюштурган “СОЦИОЛОГИЯ КУБОГУ-2018” аттуу университеттер аралык студенттер таймашы өттү. Атап айтканда, 5-декабрда эки университеттин социологдорунун курама тайпаларынын ортосунда дебат оюндары болду. Болочок социологдор “Ааламдашуу улуттук маданият үчүн тобокел” жана “Кыргызстанда аш-тойлорду жоюш керек” деген күндүн актуалдуу темалары боюнча акыл таймашка түшүштү. Үч сааттык кызуу жарыштан соң эки тайпа бирдей упай топтоп, тең-тең болуп чыгышты.
7-декабрда социологиялык таймаш уланды. Эми волейбол боюнча кыздар жана балдар тайпаларынын ортосунда спорттук мелдеш өттү. Оюн жогорку чыңалуу менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Айыгышкан күрөштөн соң, дебат жана спорттук мелдештин жалпы эсеби боюнча КТМУ тайпасы жеңишке жетти! “СОЦИОЛОГИЯ КУБОГУ – 2018” өз ээсин тапты! Социологиялык таймашта достук жеңди! Эки университет ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоону көздөгөн биздин иш-чарабыз өз максатына жетти!
Бул иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө зор салымын кошкондугу үчүн КТМУнун социология бөлүмүнүн башчысы, профессор Мустафа Орчан агайга, ага окутуучу Али Үналга жана бөлүмдүн жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз.
Бу сапар Кыргыз-Түрк “Манас” университети социологиялык мелдештин аренасы болду. Эмки таймаштарды социологдорду даярдаган Бишкек гуманитардык университетинде, Борбордук Азиядагы Америка университетинде жана Кыргыз улуттук университетинде улантабыз деген үмүтүбүз бар!


Comments