Факультет кыргызской филологии

Кыргыз филологиясы факультети


Не удалось найти URL спецификации гаджета
Кыргыз филологиясы факультети - Бишкек гуманитардык университетинин жогорку билим берүүсүндө негизги бөлүгүн түзөт. Кыргыз  филологиясы факультети 1992-жылы уюшулган. 1997-жылы БГУнун Окумуштуулар  Кеңешинин чечимине ылайык Түркология факультети болуп, өз ишмердигин баштаган. 2000-жылдан тарта бүгүнкү күндүн талабына ылайык илим, билим, маданият, басма сөз,массалык-маалымат каражаттары боюнча эл аралык байланышты чыңдоо максатында Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультети түзүлгөн. Факультетте кыргыз тили  жана адабияты адистиги боюнча окутуучуларды даярдоо менен бирге өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп түрк тилдерин тереңдетип окутуу менен филолог котормочуларды жана түрк тили боюнча  адистерди даярдоону колго алган.


2004-жылы май айында БГУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен  Кыргыз филологиясы факультети болуп өзгөртүлүп, ал төмөнкү багытта жогорку билимдүү адистерди даярдоодо:

  • Филологиялык билим берүү  (кыргыз тили жана адабияты) (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Филология (кыргыз) - (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Филология (түрк) (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Мамлекеттик тилди кыргыз эмес билим берүү  мекемелеринде окутуу (окуу мөөнөтү – 5 жыл)
  • Лингвистика (кыргыз) (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Лингвистика (магистратура) (окуу мөөнөтү – 2 жыл)
  • Филология (магистратура) (окуу мөөнөтү – 2 жыл)
  • Филологиялык билим берүү (магистратура) (окуу мөөнөтү – 2 жыл)

Бул адистиктерди  окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Студенттерге билим берүүдө илимий-теориялык даярдыктары жогору, педагогикалык тажрыйбасы жетиштүү, жогорку квалификациялуу окутуучу-профессорлор эмгектенишет. Мындан сырткары бул ишке чет өлкөдөн келген адистер да тартылган. 


Факультеттин негизин төрт  кафедра түзөт:

  1. Кыргыз тил илими кафедрасы  - 1992-жылы уюштурулган. Бүгүнкү күндө кафедраны ф.и.д., профессор Т.Т.Токоев жетектөөдө. Кыргыз тилине тиешелүү илимдер боюнча студенттерге теориялык практикалык терең билим берүү; Студенттерге тил илими боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, реферат, курстук жана дипломдук иштерди, илимий макалаларды, докладдарды жазууга жетекчилик кылуу. 
  2. Кыргыз адабияты кафедрасы – университеттин улуттук уңгусун сактап турган кафедралардан. Кафедра 1992-жылы кыргыз филологиясы факультетинин базасында уюштурулган. Кафедра мүчөлөрү „кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери“ деген темада илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келе жатышат. Мезгил талабына ылайык факультеттин стратегиялык планында көрсөтүлгөндөй, кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен окутуучулардын илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалынын деңгээлин көтөрүүгө, педагогдук тажрыйбаларын арттырууга жетишүү кыргыз адабияты кафедрасынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерден болуп саналат. Азыркы учурда кафедраны ф.и.к., доц. Б.Акматов жетектөөдө.
  3. Түрк филологиясы кафедрасы – 1999-жылы түрк элдеринин тилин, адабиятын, маданиятын үйрөнүү максатында факультеттин  базасында ачылган. Бүгүнкү күндө кафедраны ф.и.к., доцент Б.Усманбетов жетектейт. Бул кафедранын максаты түрк тилдүү элдердин тилин гана эмес, алардын тарыхын, маданиятын жаш муундарга жеткирүү менен бирге кыргыз элинин башка тектеш улуттар ортосундагы кызматташуусун, достук мамилесин өнүктүрүү. Кафедра „Филология“ (түрк тили) адистиги боюнча кадрларды даярдап чыгаруу бүгүнкү күндө окутуучулардын потенциалын чыңдап, зарыл болгон илимий адабияттар менен толук  камсыз  кылууга кам көрүп иштеп жатат.
  4. Мамлекеттик тил кафедрасы - 1992-жылы кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасы уюшулган. Бүгүнкү күндө кафедраны ф.и.д., профессор С.Ибрагимов жетектейт.

Студенттерге билим берүүдө  илимий-теориялык даярдыктары жогору, педагогикалык тажрыйбасы жетиштүү, жогорку квалификациялуу окутуучу-профессорлор эмгектенишет. Мындан сырткары бул ишке чет өлкөдөн келген адистер да тартылган.


Кытайлык кыргыздар,Түркия менен илимий байланыш түзүлгөн. Белгилүү түркологдор, филолог-окумуштуулар чакырылып, лекция окутуу ишин практикалануу менен сынчы, үтүр- жазуучу,котормочулар менен тез-тез жолугушууларды уюштуруу колого алынган.Факультетте төмөнкү окуу- методикалык борборлор иштейт:

  • Ч.Айтматов атындагы окуу-методикалык кабинет;
  • „Көркөм мурас жана Манас таануу“ илимий-методикалык борбору;
  • М.Ауэзов атындагы илимий-методикалык борбор;
  • Аталган борборлор студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүү,илимий-методикалык иштерди алып баруу жаатында өзгөчө милдет аткарышат.Студенттерди окутууда чеберчилик класстары колдонулуп, белгилүү окумуштуулар, акын-жазуучулар, журналисттер менен тегерек столдор өткөрүлүп, билим алууга болгон кызыгуусун арттырат.

Окуу мөөнөтүнүн ичинде студенттер эки жумалык фольклордук,эки жумалык диалектологиялык практикада, он эки жумалык педагогикалык практикаларын мектептерде,атайын жана жогорку окуу жайларында өткөрүшөт.Тилдик практикаларын үчтөн алты жумалык мөөнөттө чет элдик өкүлчүлүктөрдө,түркияда  түрк-кыргыз лицейлеринде,мекеме уюмдарда,редакцияларда, „Кабар“ агенствосунда басмаканаларда, илимий изилдөө институттарында өтүшөт.

Бүгүнкү күндө факультетте жалпысынан 400 студент билим алууда. 


Студенттерге сапаттуу билим берүүдө илимий-теориялык даярдыктарды жогору, педагогикалык тажрыйбасы жетиштүү, жогорку квалификациялуу окутуучу профессорлор эмгектенишет. Республикабыздын жогорку окуу жайларында өткөрүлгөн ар кандай илимий- практикалык конференцияларда факультеттин студенттери активдүү катышып келишет.


Студенттердин өзүн-өзү башкаруусунда студенттик парламент иш алып барат. Студенттик парламент төмөндөгүдөй комитеттерден турат:

  • Окуу-илимий иштер боюнча комитети;
  • Спорт комитети;
  • Маданий иштер боюнча комитети;
  • “Шоокум” чыгармачыл жаштар комитети;

Факультет бүгүнкү күндө


Факультет бүгүнкү күндө заман талабына ылайык адистерди даярдоону эң башкы максаттарынын бири катары эсептөө менен бирге жыл сайын алга карай ишенимдүү кадам шилтөөдө.


Мамлекеттин улуттук уңгусун, көрөңгөсүн келечек муунга мурас катары калтыруу үчүн, кыргыз тилин жогорку деңгээлде окутуу максатында факультет чоң жоопкерчилик менен иш алып барууда. Факультет 2015 – 2016 - окуу жылында филологиянын бакалавры квалификациясы менен студенттерди кабыл алууну максат кылып жатат. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык келечекте кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасын ачуу милдети турат. Себеби заман талабына төп келген окутуучуларды даярдап чыгаруу үчүн мындай кафедранын ачылышы факультет үчүн эң зарыл шарт болуп эсептелет.


Факультеттин билим берүүдө чет элдик байланышы  да жыл сайын өнүгүүдө. Алсак:

  • Турциядагы Анкара шаарындагы Анкара университети;
  • Түркиядагы Кастамону университети;
  • Казакстандагы М.Х.Дулати атындагы Тараз университети;
  • Түркияда Стамбул шаарындагы Мармара университети;

Кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын булуң-бурчундагы орто мектептерде мугалим, Улуттук телевидение жана радиодо алып баруучу, университеттерде окутуучулук кызматтарда эмгектенишип,ондон ашыгы филология адистиктери боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.


“Кыргыз деп жүрөм дүйнөдө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”  - деген сыяктуу улуттун тилин, адабиятын, маданиятын асыл дөөлөттөрүн биз асырабасак ким асырайт… Ошондуктан улут рухун урматтайбыз десек, анда кыргыз филологиясы факультетин көкөлөтүшүбүз керек. Өзүбүздү баалап, барктап сыймыктанчу мезгил келди.


Кээ бир саны 50 миллиондон ашкан элдер мекенсиз, мекенинен айрылып, Ата -Журту жок, көп өлкөлөргө баш калкалап, чайналып жүргөнүн көрүп өзүнчө “тобо” деп бабаларыбыздын улуулугуна таазим кыласың.


Азыркы тапта кыргыз филологиясы факультетин бүткөн студенттер мамлекетке аба менен суудай эле керек. Өзүбүздүн тилди башка бөтөн элдерге үйрөтүү – бул чоң парз. Биздин тилибиз, адабиятыбыз дүйнөгө таанылып, даңазаланышы үчүн жан дилден берилүүбүз абзел! 


Ушул тилекти колдосоңуздар келгиле биздин кыргыз филологиясы факультетине. Биздин эшик сиздер үчүн дайыма ачык…  

2014-2015 - окуу жылына карата маалымат берсек: филология илимдеринин доктору, профессор – 7; профессордун милдетин аткаруучу – 2; филология илимдеринин кандидаты, доцент – 14; доценттин милдетин аткаруучу – 15; улук окутуучу – 14; окутуучулар - 23. Булардын ЖОЖдогу орточо иштеген жылы 15 жыл. 

Окутуучулар өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн ар дайым айрым программанын негизинде курстарда окушат.