Не удалось найти URL спецификации гаджета 1995-жылдын март айынын баштап 1996-жылдын октябрь айына чейин кафедра башчысы болуп К.Жумалиев жетектеп келген. 1996-2001-ж.ж. чейин филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О. Дюшембиева кафедраны жетектеп, анын жетекчилиги учурунда кафедрада сабактарды окуу-усулдук жактан жана алардын сапатын көтөрүүдө изденүүчүлүк менен бир топ алгылыктуу иштер жасалган. 1997-жылдын май айында Кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасы Мамлекеттик тил кафедрасы деп аталып, статустук жактан жоопкерчилиги жогорулайт. 2001-2002-окуу жылында ф.и.к., доцент Карымшаков Авазбек Орозбаевич жетектеген. Ал эми 2002-2003-окуу жылында ф.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Усмамбетов Баяман Жунушбекович кафедраны башкарат.2003-жылдан 2013-жылга чейин доценттин милдетин аткаруучу, Билим берүүнүн отличниги Кодоров Базарбай Айталиевич, 2013-2017-жылга чейин ф.и.д., профессор Сүйүнбек Ибрагимов, ал эми азыркы учурда ф.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Долуева Заригүл Давлеталыевна жетектеп келүүдө. Азыркы учурда кафедрада алты доценттин милдетин аткаруучу, үч ага окутуучу, үч окутуучу, эки айкалыштырып иштөөчү жана бир лаборант эмгектенүүдө. Алар: ф.и.к., доценттин м.а., кафедра башчысы З.Долуева, ф.и.к., доц.м.а. Г.Устабаева, доц.м.а. Б.Деркембаева, Н.Черикова, Б.Султанова, Р.Жумалиева, ага окутуучулар: Б.Секимова, Н.Мамырбаева, Ж.Акматова, окутуучулар: Н.Осмонова, Б. Борбучалова, айкалыштырып иштөөчүлөр: А. Тилдобеков, В. Абдиева жана лаборант Б. Кубанычбекова. Мамлекеттик тил кафедрасы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинен башка бардык факультеттердин 1-2-курсунун баштоочу (А2) жана улантуучу (В1) тайпаларында, чет элдик (А1) жана кыргыз (В2) мектебин бүткөн студенттерге кесиптик кыргыз тилин үйрөтөт. Кыргыз тили – кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Бакалавриаттын профессионалдык билим берүү программасында кыргыз тили кесипке даярдоодо базалык баскычтардын катарына кирет. Кыргыз тилинин фонетикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн, орфоэпиялык, орфографиялык нормаларын, иш кагаздарынын формасын, түрдүү үлгүлөрүн, андагы канцелярдык сөздөрдү, илимий, публицистикалык, көркөм стилдердин тилдик каражаттарын өздөштүрүп, студенттердин сөз байлыгын, байланыштуу кебин, сүйлөө маданиятын жогорулатууга ушул кафедра шарт түзөт. Ошону менен катар, түрдүү тилдик каражаттардын жана лингвоөлкө таануу принцибине багытталган, адистикке байланышкан тексттер менен бирге, ар түрдүү жанрдагы, формадагы көркөм чыгармалардан алынган үзүндүлөрдүн негизинде адабий тилдин нормасында туура сүйлөөнү, сабаттуу жазууга үйрөтөт. Эне тилдин мүмкүнчүлүктөрүн турмуш-тиричиликте, кесиптик чөйрөдө, ар кандай жагдайларда оозеки, жазуу түрүндө кеңири колдоно билүүгө багыттайт. Кыргыз адабияты дисципланасы аркылуу эң алды кыргыздын ким экенин таанытып, тээ байыртадан таш жазма эстеликтерден бери келе жаткан уникалдуу, адам баласына эстетикалык тарбия берген чыгармалар менен жакындан таанышат. Андагы үзүндүлөр аркылуу нравалык таалим, тарбия алып, ага карата өз ойлорун эркин айтып, сын көз караштарын билдирип, баа берип, талдашып, бүгүнкү күндүн көрүнүштөрү менен салыштырууну үйрөнүшөт. Кафедранын илимий багыты – окуу-методикалык иштерди жогорку деңгээлде, заман талабына ылайык уюштуруу болуп эсептелет. Улуттук программага ылайык, мамлекеттик тилди өнүктүрүү – кафедранын түздөн-түз башкы функциясы. Дареги: Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси-27, БГУ, 4-этаж, Г блок, 406-кабинет. Телефону: 21-89-64. |
Факультеты > Кыргыз филологиясы факультети >