Илимий иштер боюнча

Мамлекеттик тил кафедрасынын 2015- үчүн жылдык илимий

ОТЧЕТУ

1.Мамлекеттик тил кафедрасынын штаттагы окутуучуларынын саны

Аты-жөнү

Илимий  даражасы

даражасы

наамы

1

Ибрагимов Сүйүнбек

ф.и.д.

Профессор

2

Деркембаева Бүбүкан

 

доц.м.а.

3

Султанова Бегайым

 

доц.м.а.

4

Черикова Нуржан

 

доц.м.а.

5

Жумалиева Рысгүл

 

доц.м.а.

6

Секимова Бактыкан

 

ага окутуучу

7

Мамырбаева Нестан

 

ага окутуучу

8

Мадымарова Бурмакан

 

окутуучу

9

Устабаева Гүлнур

ф.и.к.

ага окутуучу

10

Акматова Жаркын

 

ага  окутуучу

11

Мураталиева Уркуя

 

окутуучу

12

Осмонова Нурзат

 

окутуучу

13

Алыбаева Махабат

 

окутуучу

14

Качкынова Жибек

 

окутуучу

 2.Кафедранын илимий темасы: Баштоочу жана улантуучу топтордо

мамлекеттик тилди окутуу

Кафедранын илимий темасы боюнча төмөндөгү окуу куралдары жана окуу китептери басмадан чыгып, азыркы учурда студенттерге сунушталып, ушул окуу куралдары боюнча окуп жатышат: Кафедранын мүчөлөрү баштоочу, улантуучу топтун студенттери үчүн  “Тилим-менин дилим” окуу куралы (29,5 б.т.) чыгарышкан.

Азыркы учурда баштоочу топтун студенттери үчүн “Дил билги” окуу куралын электрондук калыпка салуу иштери кафедранын доценттери Б.Деркембаева, Н.Черикова , Р.Жумалиева тарабынан иштелип жатат.

Кафедранын башчысы, проф. С.Ибрагимов:

1.      К.Карасаевдин “Өздөштүрүлгөн сөздөр” аталышындагы 1986-жылы чыккан сөздүгүн Мамлекеттик тил комиссиясынын сунушу боюнча толуктап, кайра чыгаруу боюнча комиссия түзүлгөн. С.Ибрагимов (төрага), А.Биялиев, Н. Абдесов, Т.Маразыков, Н.Андашев курамындагы группанын аракети менен мурунку 60миңден турган сөздүк толукталып, 80миң сөздүү эмгек катары жарыкка чыкты. К.Карасаевдин жубайы А.Карасаева менен макулдашылган бул демилге БГУнун аты берилген улуу окумуштуунун аброюн жайылтуу жана сактоо милдетин көздөгөн жакшы жышаан болду демекчибиз.

2.      Кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясынын (2008) КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилиши менен анын негизинде жаңы редакциядагы сөздүк түзүү жана чыгаруу зарылдыгы келип чыккан. Мамлекеттик тил комиссиясы менен КР УИАнын Тил жана адабият институтунун өз ара макулдашуусу менен Орфографиялык сөздүк түзүү комиссиясы түзүлүп (төрагасы С.Ибрагимов), анын жаңы редакциясы жакында, 2015-жылы “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (соңку редакция)” жарыкка чыкты, Бул сөздүк чектелген санда (1000нуска) басылып калганы коомчулукту өкүнтүшү мүмкүн. Орфографиялык сөздүк ар бир мекеме, китепкана, министрлик, уюм жана мектеп жагын айтпаса дагы, көпчүлүктүн колдон түшпөс китепчеси болушу керектигин эске алып койсок жарашчудай. Балким тийиштүү кызмат жана илимий мекемелер бул жагдайды эске алар.

3.      Кол жазмасы кургай элек, бирок даяр (керек болсо басмага басылган) “Кеңири колдонулган сөздөрдүн кыргызча-орусча сөздүгү” колдо турат. БГУнун басмаканасынын макулдугу болсо бул сөздүк дагы 2015-жылдын  эсебине кирип калышы мүмкүн.

4.      К.К.Юдахин 125жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциясында “ К.К Юдахин жана азыркы кыргыз лексикографиясы” деген темада доклад окулду жана анын тексти “БГУнун жарчысына” сунушталмакчы.

5.      2015-жыл ичинде Диссертациялык кеңештин төрагасы катары кыргыз тили илими боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды корготуу багытында дайыма тийиштүү иштер жүргүзүлүп келет. Быйыл 6 кандидаттык, 2 докторлук диссертациялар корголду.

6.      Илимий жетекчи катарында (БГУ жана башка ЖОЖдор боюнча)  аспиранттар жана изденүүчүлөр менен тийиштүү консультация, жолдомо берүү, макалалардын рецензиялоо, багыт берүү иштерин жүргүзүп келебиз. 

авторефераттардын  Библиографиясы жарыкка чыкты.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Р.Б. Жумалиева “Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, “Максат” басмасынан (2015) басып чыгарышты.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Б.К. Деркембаева “Баштооч жана улантуучу топтордо кыргыз тилин окутууда силлабустун орду” деген 2-макаласы басмада.

Кафедранын мүчөсү д.м.а. Н.Ч. Черикова “Оозеки речти өстүрүүдө тексттин орду” аттуу 2-макаласы чыгуу алдында турат

Кафедранын мүчөсү ага окутуучу Б.Секимова “Экономикалык терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгү”, “Иш кгаздар боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү” 2015-жылы басылып чыкты

2015-жылдын 20-октябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУда “Мамлекеттик тил” борборунун ачылышына карата “Мамлекеттик тилдин маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык ЖОЖдор аралык конференцияга катышып, сертификат алып келди.

Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Г.К.Устабаева адабият сынчысы К.Артыкбаевдин 80-жылдыгына арналган “К.Артыкбаев - улуу устат, чыгаан окумуштуу, педагог” деген илимий конференцияга катышып, доклад жасады. Ошону менен бирге “Кыргыз фольклорунун айрым урунттуу маселелери К.Артыкбаевдин адабий сын макалаларында” аттуу эки макаласы басмадан чыкты (Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. Атайын чыгарылыш. 2015-ж.). Ж.Баласагын атындагы КУУда улуу акын А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн конференцияга катышып, “К.Артыкбаев-Алыкул таануу мектебин түзгөн сынчы” аттуу макаласы аталган окуу жайдын Жарчысынан чыгуу алдында турат. Ошону менен бирге ф.и.к. доц. м.а. З.Кудайбергенованын “Кыргыз адабияты сабагын окутуудагы инновациялык техналогиялар” аттуу китебине рецензист болду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун кыргыз тили жана адабияты багытындагы адистиктин бүтүрүүчүсү Б.Акматалиеванын “А.Саспаевдин чыгармаларындагы Ата-Мекен темасынын чагылышы” атуу дипломдук ишине оппонент болуп, пикирин жазды.

”Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эвалюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)” аттуу макаласы К.Карасаев атындагы БГУнун Жарчысында чыгуу алдында турат.

2015-жылдын 20-октябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУда “Мамлекеттик тил” борборунун ачылышына карата “Мамлекеттик тилдин маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга эки студентке доклад даярдатып, катышып келдим. Студенттер сертификаттарга ээ болушту.

“Кыргыз жолу” руханий коому жана “Манас” телекомпаниясы уюштурган (4-ноябрь 2015-жыл) “Маданий-этно байлыктарды жандандыруу жана ааламдаштыруу” туруктуу кереге кеңешине катышып, андагы мамлекеттик тилге байланышкан маселенин негизинде пикиримди айтып чыктым.

Кафедра мүчөлөрү баштооч топ, улантуучу топ жана кыргыз мектепти бүтүргөн топтор үчүн типтүү программалардын үстүндө иштеп, тесттерди түзүп жатышат

3.Окуу-усулдук колдонмолордун жана макалалардын  жарыяланышы.

(жарык көргөн кайда, качан, канча б.т)

 

Аталышы

журналдын аты, чыккан басмаканасы.

б.т. саны,

Авторлор

1

“Өздөштүрүлгөн сөздөр”

 басмада

 

 проф .  С.Ибрагимов

 

2

 “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (соңку редакция)”

 КРИА Бишкек ш.

2015

 

проф .  С.Ибрагимов

 

8

Экономикалык терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгү

-Б, “Кут-Бер”, 2015.-64

  

ага окут.Б.Секимова  .

9

Иш кагаздар боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү

-Б, “Кут-Бер”, 2015.-64

 

ага окут.Б.Секимова  .

10

Баштооч жана улантуучу топтордо кыргыз тилин окутууда силлабустун орду

2-макала басмада

 

доц м.а.

Б.К. Деркембаева

11

Оозеки речти өстүрүүдө тексттин орду

2-макаласы басмада

 

доц м.а.

Н.Ч. Черикова

12

 

, “Кыргыз тилин  инновациялык метод менен окутуу ыкмасынан” (кыймыл-аракетти билдирүүчү сөздөр )

Басмада

0.7

доц м.а. Р.Жумалиева

 13

Кыргыз фольклорунун айрым урунттуу маселелери К.Артыкбаевдин адабий сын макалалрында

(Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. Атайын чыгарылыш. 2015-ж.).

1.6

ага окут. Г.К.Устабаева

14

К.Артыкбаев-Алыкул таануу мектебин түзгөн сынчы

басмада

0.7

 

Ага окут.Г.Устабаева

 

15

Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эвалюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)

басмада

 

Ага окут.Г.Устабаева

 

4.Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу

5. Грант иштери боюнча кафедранын окутуучулары өздөрүнүн күчү менен окуу программасына ылайык түзүлгөн баштооч жана улантуучу топтордун студенттери үчүн окуу куралдарын басмадан чыгарып жатат. 

Кафедрадагы орчундуу иштердин бири-бул илимий изилдөө иши. Кафедранын илимий ишинин негизги темасы:“Баштооч жана улантуучу топтордо мамлекеттик тилди окутуунун проблемалары”. Бул тема боюнча отчеттук мезгилде кафедра мүчөлөрүнүн бир катар илимий макалалары жарык көрдү. Өткөн окуу жылына салыштырмалуу илимий макалалардын саны аз.

Кафедра башчысы, 

ф.и.д., проф., С.Ибрагимов


ИИИ боюнча жооптуу,

ф.и.к., ага окут., Г.Устабаева


Мамлекеттик тил кафедрасынын 2016-жыл үчүн жылдык илимий

ОТЧЕТУ

1.Мамлекеттик тил кафедрасынын штаттагы окутуучуларынын саны


Аты-жөнү

Илимий даражасы

даражасы

наамы

1

Ибрагимов Сүйүнбек

ф.и.д.

Профессор

2

Деркембаева Бүбүкан

 

доц.м.а.

3

Султанова Бегайым

 

доц.м.а.

4

Черикова Нуржан

 

доц.м.а.

5

Жумалиева Рысгүл

 

доц.м.а.

6

Секимова Бактыкан

 

ага окутуучу

7

Мамырбаева Нестан

 

ага окутуучу

8

Мадымарова Бурмакан

 

окутуучу

9

Устабаева Гүлнар

ф.и.к.

доц.м.а.

10

Акматова Жаркын

 

ага  окутуучу

11

Осмонова Нурзат

 

окутуучу


 2. Кафедранын илимий темасы: Баштоочу жана улантуучу топтордо

мамлекеттик тилди окутуу

Кафедранын илимий темасы боюнча төмөндөгү окуу куралдары жана окуу китептери басмадан чыгып, азыркы учурда студенттерге сунушталып, ушул окуу куралдары боюнча окуп жатышат: Кафедранын мүчөлөрү баштоочу, улантуучу топтун студенттери үчүн  “Тилим-менин дилим” окуу куралы (29,5 б.т.) чыгарышкан.

Азыркы учурда баштоочу топтун студенттери үчүн “Дил билги” окуу куралын электрондук калыпка салуу иштери кафедранын доценттери Б.Деркембаева, Н.Черикова , Р.Жумалиева тарабынан иштелип жатат.

Кафедранын башчысы, проф. С.Ибрагимов: “БГУнун жарчысына” төмөнкү макалалар берилген:

1. К.К.Юдахин жана азыркы кыргыз лексикографиясы. №1, 2016

2. Терминдик тактык жөнүндө(“язык - речь- речевая деятельность” терминдеринин кыргыз тилинде колдонулушу)

3. Окумуштуунун кутман курагына серепчилеп караганда. Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары. Илимий методикалык журнал. №7.,2016. (Ш.Жапаровдун 80 жылдыгына карата)

4. Улуу окумуштуу Р.Маметов татыктуу тарбиячы.”Тил жана маданият” газетасы, 20 – апрель, 2016– жыл

5. Кыргыз тил илиминин бүгүнкү абалы “Кыргыз тили” газетасы, 28июнь 2016 жыл

6.”Кеңири колдонулган сөздөрдүн орусча –кыргызча сөздүгү” кол жазма түрүндө даяр болуп, басмага берүүнүн алдында турат.

Диссертациялык кеңешке жетекчилик жөнүндө:

БГУнун алдында түзүлгөн (КУУ жана КР УИА менен бирдикте) Д.10.14.504 Диссертациялык кеңеште 12.02.01 – кыргыз тили, 12.01.06 – түрк тилдери, адистиктери боюнча Диссертациялык кеңеште ай сайын 2 кандидаттык диссертациялар корголуп турду. 2016 – жылы алардын саны 14 болду (13 кандидаттык, 1 докторлук). Диссертациялардын бардыгы аспирантуранын теоретикалык курсун аяктап, келечекте илимдин кандидаты деген окумуштуулук даража коргоого тийиштүү талаптарды аткарган талапкерлер ЖОЖдордун жолдомосу жана кафедралардын коргоого сунуш кылынган чечими менен кеңештин коргоосуна тапшырылып турду.

            Корголгон диссертациялар кыргыз тилинин актуалдуу маселелерин козгогон, диссертанттар болсо КР ЖАК койгон талаптарды толук аткарган мерчемдүү иш– аракеттеринин натыйжасы менен коргоого жиберилип жатты. Маселен кандидаттыкка талапкерлер РИНЦ, SKOPUS боюнча 2 ден кем эмес макаласы болуу талабы.

Диссертация коргоо негизинен К.Карасав ат. БГУда өтүп, тийиштүү зал же аудитория бөлүнүп, алар зарыл болгон техникалык аппараттар менен жабдылып, коргоо илимий полемика, дискуссия менен коштолуп турду.

            Аспиранттарга изденүүчүлөргө илимий жетекчилик жана учурда биздин илимий жетекчилик менен И.Арабаев ат КМУда – 4, Ош мамлекеттик университетинде – 2 талапкер кандидаттык илимий иш жазуу аракетинде эмгектенүүдө. Өткөн жылы Ош мам. университетинин окутуучусу Тайлов Мансур биздин аспирант катары кандидаттык диссертация коргоду жана КР ЖАКтан Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасынын дипломун алды. Тилекке каршы К.Карасаев ат. БГУнун Кыргыз филологиясы жана башка факультеттердин жаш окутуучуларын илимий ишке тарта албай жатабыз, бул келемтени моюнга алып, мамилени оң жолго салууну көздөп турабыз. Бирок мамлекеттик тил кафедрасынын (өзүм жетектеген), университеттин, факультеттин жөндөмдүү эле окутуучуларынын “бизге кеч болуп калды, кечиктик” деген шылтоолору көңүлдү жана ыкыласыбызды ыраазы кылбай келет.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Б.К. Деркембаева “Баштооч жана улантуучу топтордо кыргыз тилин окутууда силлабустун орду” деген макаласы басмада. “2012-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программаны” ишке ашыруу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган иш-чарага 2016-жылдын 6-мартында катышып келди.

Кафедранын мүчөсү д.м.а. Н.Ч. Черикова “Оозеки речти өстүрүүдө тексттин орду” аттуу макаласы чыгуу алдында турат

Кафедранын мүчөсү ага окутуучу Б.Секимова “Экономикалык терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгү”, “Иш кагаздар боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү” 2015-жылы басылып чыкты

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Р.Б. Жумалиева “Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап “Максат” басмасынан (2016) басып чыгарышууда. “Оксюморондук сөз айкашындагы логикалык карама-каршылык” (Известия вузов Кыргызстана., №9., 2016) аттуу макаласы жарык көрдү.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а., Г.К.Устабаева: З.Кудайбергенованын “Кыргыз адабияты сабагын окутуудагы инновациялык техналогиялар” аттуу китебине рецензист болду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетине 2015-2016-окуу жылындагы МАКтын мүчөсү болуп келди. Аталган окуу жайдын кай бир студенттеринен дипломдук иштерине оппонент болуп пикир жазды

”Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эволюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)” аттуу эки макаласы К.Карасаев атындагы БГУнун Жарчысына 2016. - (№2 (32). - 119-123-б.б) жарыяланды. “Кыргыз адабиятын окутуудагы иновациялык ык-усулдар” (авторлош, З.Кудайбергенова) аттуу окуу куралын жарыкка чыгарды. “Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы” (Карасаев ат. БГУнун Жарчысы. – 2016. - №2 (19). 355-357-б.б.) аттуу 1-макала жарык көрүп, 2-макаласы жана “Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...” аттуу макалалары басмада.

Кафедра мүчөлөрү баштооч топ, улантуучу топ жана кыргыз мектепти бүтүргөн топтор үчүн типтүү программалардын үстүндө иштеп, тесттерди түзүп жатышат

3.Окуу-усулдук колдонмолордун жана макалалардын  жарыяланышы.

(жарык көргөн кайда, качан, канча б.т)

                                

 

Аталышы

журналдын аты, чыккан басмаканасы.

б.т. саны,

Авторлор

1

К.К.Юдахин жана азыркы кыргыз лексикографиясы.

 К.Карасаев ат. БГУнун жарчысы. – 2016. - №1 (35). -5-10-б.б.

 0.7

 С.Ибрагимов

2

Терминдик тактык жөнүндө(“язык - речь- речевая деятельность” терминдеринин кыргыз тилинде колдонулушу

 басмада

 

 С.Ибрагимов

 

3.

Окумуштуунун кутман курагына серепчилеп караганда. (Ш.Жапаровдун 80 жылдыгына карата)

 

Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары. Илимий методикалык журнал. №7.,2016.

 

 С.Ибрагимов

 

4.

Улуу окумуштуу Р.Маметов татыктуу тарбиячы.

 

”Тил жана маданият” газетасы, 20 – апрель, 2016– жыл

 

 С.Ибрагимов

 

5.

Кыргыз тил илиминин бүгүнкү абалы.

“Кыргыз тили” газетасы, 28–июнь 2016– жыл

 

проф . С.Ибрагимов

 

6

Экономикалык терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгү

Методикалык көрсөтмө., Бишкек., 2016., “Кут-Бер” басмаканасы

6 б.т.

Авторлош: К.Секимова Б.Секимова  .

7

Иш кагаздар боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү

Методикалык көрсөтмө., -Бишкек., -016., -“Кут-Бер” басмаканасы., -64б.

 6 б.т.

Авторлош: К.Секимова Б.Секимова 

8

Баштооч жана улантуучу топтордо кыргыз тилин окутууда силлабустун орду

басмада

 

Б.К. Деркембаева

9

Оозеки речти өстүрүүдө тексттин орду

басмада

 

 

Н.Ч. Черикова

10

“Оксюморондук сөз айкашындагы логикалык карама-каршылык”

Известия вузов Кыргызстана., №9., 2016

0.7

 Р.Жумалиева

 11

Кыргыз фольклорунун айрым урунттуу маселелери К.Артыкбаевдин адабий сын макалалрында

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. Атайын чыгарылыш. 2015-ж.

1.6 б.т.

 Г.К.Устабаева

12

К.Артыкбаев-Алыкул таануу мектебин түзгөн сынчы

 Ж.Баласагын атындагы КУУнун жарчысы. –Атайын чыгарылыш. -2015. -52-56-б.б.

0.7 б.т

Г.К.Устабаева

13

Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эволюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)

 К.Карасаев атындагы БГУнун Жарчысы. – 2016. - (№2 (32). - 119-123-б.б

1.4 б.т

Г.К.Устабаева

14

Кыргыз адабиятын окутуудагы иновациялык ык-усулдар (авторлош)

Окуу куралы.  Бишкек-2016.

6.0 б.т

Авторлош: Г.Устабаева, З.Кудайбергенова

15

Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы (1-макала)

К.Карасаев ат. БГУнун жарчысы. – 2016. - №1 (35). 128-131-б.б.

0.7 б.т

Г.К.Устабаева

16

Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы (2-макала)

басмада

0.8 б.т

 Г.К.Устабаева

17

Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...

басмада

0.8 б.т.

Г.К.Устабаева

4. Конференцияларга, семинарларга катышуу

Д.м.а. Б.К. Деркембаева “2012-2020-жылдарда “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программаны” ишке ашыруу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган иш-чарага 2016-жылдын 6-мартында катышып келди.

5. Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу

6. Диссертациялык (кандидаттык, докторлук) кеңештин жана ЖАКтын эксперттик кеңешине мүчөлүк кылуу

Кафедра башчысы, проф. С.Ибрагимов БГУнун алдында түзүлгөн (КУУ жана КР УИА менен бирдикте) Д.10.14.504 Диссертациялык кеңеште 12.02.01 – кыргыз тили, 12.01.06 – түрк тилдери, адистиктери боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы.

Аспиранттарга изденүүчүлөргө илимий жетекчилик жана учурда биздин илимий жетекчилик менен И.Арабаев  ат. КМУда – 4, Ош мамлекеттик университетинде – 2 талапкер кандидаттык илимий иш жазуу аракетинде эмгектенүүдө. Өткөн жылы Ош университетинин окутуучусу Тайлов Мансур биздин аспирант катары кандидаттык диссертация коргоду жана КР ЖАКтан Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасынын дипломун алды. Тилекке каршы К.Карасаев ат. БГУнун Кыргыз филологиясы жана башка факультеттердин жаш окутуучуларын илимий ишке тарта албай жатабыз, бул келемтени моюнга алып, мамилени оң жолго салууну көздөп турабыз. Бирок мамлекеттик тил кафедрасынын (өзүм жетектеген), университеттин, факультеттин жөндөмдүү эле окутуучуларынын “бизге кеч болуп калды, кечиктик” деген шылтоолору көңүлдү жана ыкыласыбызды ыраазы кылбай келет.

7. Грант иштери боюнча кафедранын окутуучулары өздөрүнүн күчү менен окуу программасына ылайык түзүлгөн баштооч жана улантуучу топтордун студенттери үчүн окуу куралдарын басмадан чыгарып жатат. 

Кафедрадагы орчундуу иштердин бири-бул илимий изилдөө иши. Кафедранын илимий ишинин негизги темасы:“Баштооч жана улантуучу топтордо мамлекеттик тилди окутуунун проблемалары”. Бул тема боюнча отчеттук мезгилде кафедра мүчөлөрүнүн бир катар илимий макалалары жарык көрдү. Өткөн окуу жылына салыштырмалуу илимий макалалардын саны аз.

8. Жыйынтыктар жана сунуштар

1. Жаш окутуучулар, лаборанттарды, деги эле БГУда иштеп жаткан жөндөмдүү, иликтөө, изилдөө, окуу методикалык, педагогикалык иштерге кызыккан же жөндөмү бар кызматкерлерди илимий иштерге көңүл бурууга багытталган админстративдик, түшүндүрүү, үндөө аракеттерин жасап туруунун зарылдыгы бар го деп ойлойбуз. Бул БГУнун бардык жетекчилерине, илимий элитага, тийиштүү үгүт насыят иш болор эле.

2. Илимий публикация жасагандарга администрация тарабынан ишинин “салмагына” карата жеңилдик же сыйлоо, кубаттоо аракеттери болуп турушу ашыктык кылбас эле.

3. Басмадан чыккан мазмундуу, баалуу, пайдалуу эмгектерге окутуучулар – студенттер жамааты менен бирдикте талкуу уюштуруп туруунун кесиптик, гуманитардык – тарбиялык акыбети жана натыйжасы болоруна ишенгибиз келет.

Кафедра башчысы, 

ф.и.д., проф., С.Ибрагимов

ИИИ боюнча жооптуу,

ф.и.к., д.м.а., Г.Устабаева



Мамлекеттик тил кафедрасынын 2017-жыл үчүн жылдык илимий

ОТЧЕТУ

1.Мамлекеттик тил кафедрасынын штаттагы окутуучуларынын саны

Аты-жөнү

Илимий даражасы

даражасы

наамы

1

Долуева Заригүл

ф.и.к.

доц.м.а

2

Деркембаева Бүбүкан

 

доц.м.а.

3

Султанова Бегайым

 

доц.м.а.

4

Черикова Нуржан

 

доц.м.а.

5

Жумалиева Рысгүл

 

доц.м.а.

6

Секимова Бактыкан

 

ага окутуучу

7

Мамырбаева Нестан

 

ага окутуучу

8

Мадымарова Бурмакан

 

окутуучу

9

Устабаева Гүлнар

ф.и.к.

доц.м.а.

10

Акматова Жаркын

 

ага окутуучу

11

Борбучалаова Бермет

 

окутуучу

12

Осмонова Нурзат

 

окутуучу

           
                                  2. Кафедранын илимий темасы: Баштоочу жана улантуучу топтордо

мамлекеттик тилди окутуу

Кафедранын илимий темасы боюнча төмөндөгү окуу куралдары жана окуу китептери басмадан чыгып, азыркы учурда студенттерге сунушталып, ушул окуу куралдары боюнча окуп жатышат: Кафедранын мүчөлөрү баштоочу, улантуучу топтун студенттери үчүн  “Тилим-менин дилим” окуу куралы (29,5 б.т.) чыгарышкан.

Азыркы учурда баштоочу топтун студенттери үчүн “Дил билги” окуу куралын электрондук калыпка салуу иштери кафедранын доценттери Б.Деркембаева, Н.Черикова , Р.Жумалиева тарабынан иштелип жатат.

Кафедранын башчысы, д.м.а. З.Долуева: 2017-2018-окуу жылынын башталышы менен Мамлекеттик тил кафедрасына башчы болуп келдим. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымдагы ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификатка ээ болду. “Чакчыл конструкциялардын деривациясы” (Индо - кыргыз лингвист. –Индия, -2017, -9.б) аттуу макала жарыкка чыкты. “Кыргыз тилиндеги чакчыл түрмөктөр” аттуу макалам басмада чыгуу алдында турат

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Б.К. Деркембаева “Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Р.Б. Жумалиева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап “Максат” басмасынан (2017) басып чыгарышты.

Ошону менен бирге 2017-жылдын 23-24-октябрда М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Санкт-Петербург шаарындагы А.С.Пушкин атындагы ЛГУ менен бирдикте “Чет тилдерди окутуудагы когнитивдик лингвистика жана методика” аттуу Эл аралык квалификацияны жогоруулатуу үчүн даярдалган семинарга катышып, сертификатка ээ болду. 4-ноябрда Юр академияда “Жаштар келечегибизби же саясий оюндардын куралыбы” аттуу конференцияга Б.Султанова менен бирдикте студенттерге доклад даярдатып, алып барышкан. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү д.м.а. Султанова Бегайым 4-ноябрда Юр академияда “Жаштар келечегибизби же саясий оюндардын куралыбы” аттуу конференцияга Б.Деркембаева менен бирдикте студенттерге доклад даярдатып, алып барышкан. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү д.м.а. Н.Ч. Черикова “Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.Деркембаева Р.Б. Жумалиевалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап “Максат” басмасынан (2017) басып чыгарышты. 2017-жылдын 4-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУда өткөн”Ыйман адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадага студенттерди мыкты даярдап баргандыгы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Б.Секимова  2017-жылдын 4-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУда өткөн”Ыйман адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадага студенттерди мыкты даярдап баргандыгы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган. “Профессор Н.Бейшекеев жана азаркы кыргыз тилинин өзөктүү маселелери” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып, ”Угуп түшүнүүдө текст менен иштөөнүн ык-усулдары” аттуу макаласы басмада чыгуу алдында турат. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Р.Б. Жумалиева “Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап “Максат” басмасынан (2017) басып чыгарышты. “Оксюморондук сөз айкашындагы логикалык карама-каршылык” аттуу 2-макаласы жарык көрүү алдында турат. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты. Бүгүнкү күндө “Оксюморондун семантикасы жана стилдик функциясы” аттуу кандидаттык илимий ишинин үстүндө иштеп жатат.

Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Н.Мамырбаева 2017 жылы “Кыргыз тилин бирге үйрөнөлү” аттуу окуу куралынын 1-2-китебин А.О.Дюшембиева, Р.Р.Мамбетовалар менен бирдикте түзүп чыгарышты. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Б. Мадумарова И.Арабаев атындагы КМУда өткөн “Окутууда интерактивдүү методдорду пайдалануу” семинар-тренинге катышып келди. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедранын мүчөсү, д.м.а., Г.К.Устабаева Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетине 2016-2017-окуу жылындагы МАКтын төрайымы болуп келди. Аталган окуу жайдын кай бир студенттеринен дипломдук иштерине оппонент болуп пикир жазды

“Алкул-биздин жүрөктө” аттуу окуу-методикалык куралын профессор Т.Машырапов менен бирдикте түзүп чыгарышкан. “Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы” (Карасаев ат. БГУнун Жарчысы. – 2016. - №2 (19). 355-357-б.б.) аттуу 1-макала жарык көрүп, ушул эле аталыштагы 2-макаласы К.Тыныстанов атындагы ЫМУ жана К.Карасаев атындагы БГУнун “Кыргыз тили жана адабияты” аттуу илимий-практикалык басылмасында (-2017. -104-108-бб) жарыкка чыкты жана “Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...” аттуу макалала жана “Сырдык сөздөр (грамматикалык материал). Сүймөнкул Чокморов (лексикалык материал)” аттуу сабактын иштелмеси басмадан чыгуу алдында турат. Сентябрь айында “Кыргыз радиосуна” фразеологизмдерди чечмелеп сүйлөп берди. Ошону менен бирге “К.Артыкбаев адабий-сынчы” окуу куралын чыгаруу алдында иштеп жатат. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты.

Кафедра мүчөлөрү баштооч топ, улантуучу топ жана кыргыз мектепти бүтүргөн топтор үчүн типтүү программалардын үстүндө иштеп, тесттерди түзүп жатышат.

3.Окуу-усулдук колдонмолордун жана макалалардын жарыяланышы.

(жарык көргөн кайда, качан, канча б.т)
                                              
               

 

Аталышы

журналдын аты, чыккан басмаканасы.

б.т. саны,

Авторлор

1

Чакчыл конструкциялардын деривациясы

 Индо - кыргыз лингвист. –Индия, -2017, -9.б.

 0.7

З. Долуева

2

“Тилим-менин дилим” окуу куралы

“Максат” басмасынан (2017)

 24 б.т.

Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Черикова

 Р.Б. Жумалиева

3.

“Оксюморондук сөз айкашындагы логикалык карама-каршылык” 2-макала

басмада

 

Р.Б. Жумалиева

4

”Угуп түшүнүүдө текст менен иштөөнүн ык-усулдары” макала

басмада

0.8.б.т.

Б.Секимова

5

Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы (2-макала)

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ жана К.Карасаев атындагы БГУнун “Кыргыз тили жана адабияты” аттуу илимий-практикалык басылма (-2017. -104-108-бб)

0.8 б.т

 Г.К. Устабаева

6

Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...

басмада

0.8 б.т.

Г.К. Устабаева

7

“Сырдык сөздөр (грамматикалык материал). Сүймөнкул Чокморов (лексикалык материал)” аттуу сабактын иштелмеси

басмада

0.8.б.т.

Г.К.Устабаева

    4. Конференцияларга, семинарларга катышуу:
ЖОЖдордо өтүлгөн конференцияларга активдүү катышып турушат.
“Профессор Н.Бейшекеев жана азаркы кыргыз тилинин өзөктүү маселелери” аттуу илимий-практикалык конференцияга кафедранын жалпы жааматы катышкан. 
5. Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу 
Б.Деркембаева, Б.Борбучалова 2017-жылдын 23-24-октябрда М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Санкт-Петербург шаарындагы А.С.Пушкин атындагы ЛГУ менен бирдикте “Чет тилдерди окутуудагы когнитивдик лингвистика жана методика” аттуу Эл аралык квалификацияны жогоруулатуу үчүн даярдалган семинарга катышып, сертификатка ээ болду. 
2017-жылдын 2-6-ноябрына чейин А.Салымбековдун бизнес мектебинде өткөрүлгөн “Ka:rmik лингвистиканын англис, орус, кыргыз жана башкатилдердин теория жана практикасында” аттуу эл аралык семинарга Б.Секимова, Н.Черикова, Р.Жумалиева, Н,Мамырбаева, З.Долуева, Ж.Акматова катышкан, сертификаттарга ээ болушкан.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Орус жана славян факултети “ОКПРЯЛ” Кыргызстандагы ассоциясы менен бирдикте 27-29-ноябрда өткөрүлгөн “Лингвоконцептологиянын жана лигвомаданияттын проблемалары” аттуу курстан Б.Султанова, Н.Мамырбаева, З.Долуева, Б.Борбучалова өтүп келишкен
Ошону менен бирге кафедранын жалпы жааматы квалификацияларын жогорулатуу үчүн 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып, сертификат алышты. 
И.Арабаев атындагы КМУда өткөн “Окутууда интерактивдүү методдорду пайдалануу” семинар-тренинге Б. Мадумарова катышып келди.
6. Грант иштери боюнча кафедранын окутуучулары өздөрүнүн күчү менен окуу программасына ылайык түзүлгөн баштооч жана улантуучу топтордун студенттери үчүн окуу куралдарын басмадан чыгарып жатат. 
Кафедрадагы орчундуу иштердин бири-бул илимий изилдөө иши. Кафедранын илимий ишинин негизги темасы:“Баштооч жана улантуучу топтордо мамлекеттик тилди окутуунун проблемалары”. Бул тема боюнча отчеттук мезгилде кафедра мүчөлөрүнүн бир катар илимий макалалары жарык көрдү. Өткөн окуу жылына салыштырмалуу илимий макалалардын саны аз.
8. Жыйынтыктар жана сунуштар
1. Илимий публикация жасагандарга администрация тарабынан ишинин “салмагына” карата жеңилдик же сыйлоо, кубаттоо аракеттери болуп турушу ашыктык кылбас эле.
2. Басмадан чыккан мазмундуу, баалуу, пайдалуу эмгектерге окутуучулар – студенттер жамааты менен бирдикте талкуу уюштуруп туруунун кесиптик, гуманитардык – тарбиялык акыбети жана натыйжасы болоруна ишенгибиз келет.

Кафедра башчысы, 
ф.и.к., д.м.а., З.Долуева
ИИИ боюнча жооптуу,
ф.и.к., д.м.а., Г.Устабаева