21-сентябрда К.Карасаев атындагы БМУнун Кыргыз филолологиясы факультетинин Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан 2021-жылы 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганына 32 жыл толгонуна байланыштуу Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тилим – мурасым” аттуу иш-чара болуп өттү.

Отправлено 5 окт. 2021 г., 07:23 пользователем [email protected]

        Калыстар тобунун төрагасы К.Карасаев атындагы БМУнун Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын профессору Ибраимов Сүйүнтбек.

Мүчөлөрү: 1. Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Долуева Заригүл Давлеталыевна.

2. Мамлекеттик тил кафедрасынын доценттинин милдетин аткаруучу Деркембаева Бүбүкан Карыпбаевна.

3. Мамлекеттик тил кафедрасынын доценттинин милдетин аткаруучу Жумалиева Рысгүл Боронбаевна.

4. Мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу Мамырбаева Нестан Бердибековна.

            5. Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Үркүнчиева Гүлсайра Жолдошбековна

 

2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганына 32 жыл толгонуна байланыштуу Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Кыргыз тилим-мурасым” аттуу иш-чаранын

 

Программасы

Өтө турган жери:                                                 К.Карасаев ат. БМУ (Кинозал)

Өтө турган убактысы:                                         21.09.2021

Иштин жүрүшү

сааты

Эскертүү

1.

 

“Кыргыз тилим-мурасым” аттуу иш-чаранын салтанаттуу ачылышы

9:30-9:35

 

2.

КРнын Гимни

9:35-9:38

 

3.

 

1. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Азамат Ташыбекович Сатиев жана Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, профессор Каныбек Дүйшөналиевич Кенжешев сөздөрү

2. Студенттер арасындагы илимий – интелектуалдык,  таанып-билүүчүлүк таймаш тууралуу жалпы маалымат, калыстар тобун түзүү, катышуучуларды тааныштыруу

3. Таймаштын жүрүшү

4. Жыйынтык.

 

 

9:38-9:50

 

 

9:50-9:55

9:55-10:20

 

10:20-11:00

 

СЦЕНАРИЙИ

1-студент: (колунда кесеси бар, артынан ээрчиген урпактары (масовка), сахнанын тиги бурчунан бул бурчуна жай кадамдарды таштап, дүйнөдөгү кыргыз тилине күйгөн кыргыз балдарын чогултуп жаткандай элес берет, ошону менен сахнанын ортосуна келип, жер шаарындагы кыргыз аттуу жарандарга кайрылуу жасайт): Колумдагы кесеге куюлган аппак, аруу, таза азыктай толуп ташкан, ырыскысы уюган улуу калкым, чайпалса төгүлбөгөн, сынса бөлүнбөгөн улуу журтум, башына иш түшсө, бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган, кыл чайнашкан кармашта артка кадам таштап багынбаган, кессе кемибеген кадырлуу калкым силерге айта турган бир эле кебим бар. Сан миң саптан тизилип, кирген суудай күрпүлдөп аалам жаңырткан, океандай чалкыган “Манас” эпосуңду өсүп келе жаткан муунга мурас кылып аздектеп бер! Жаны менен бир болсун! Жер жүзүн кезип, дүйнөгө азык болуп келе жаткан Чынгыздын чыгармаларын урпактарыңа мурас кылып өзүң ырахаттанып окуп бер. Ошону түшүнсүн!!! Сан миң кылымдан бери азабыңды, арманыңды, кубанычыңды, комуздун кылдары менен жанып, толкуп-ташкан күүлөрүңдү төгүлө чертип бер! Урпактар жан дүйнөсү менен эргип уксун! Жадына сиңирсин! Алар караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан акылдуу болсун, кыйын күндөрүңдө кыя баспай, кылыч болуп чабылсын, Ата Мекендин беделин аскадан бийик көтөргөн, Жер Эненин жүрөгүн оорутпай намыска бек, эр көкүрөк болуп чоңойсун! Улутуна от болуп күйүп, ултан болуп өтсүн!

Кагылайын мураскерлер, ата бабаңан калган улуу тилиңди көзүңдүн карегиндей аздектеп сакта!Ата Журтуңду, эне тилиңди, Мекениңди сакта!!! Ал жалгыз!!! Суранам, ошенткиле!

Айланайындар, кемибегиле, арыбагыла! Жолуңар байсалдуу болсун!!!(кесени төрагага сунат, артка жай кадам таштап сахнадан баары чыгып кетишет)




Алып баруучу: Арыбаңыз Умай Эне, Сиздин ар бир сөзүңүз бизге дем, бизге күч.

            Саламаттасыздарбы, урматтуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор, сүйүктүү биздин студенттер! Бүгүнкү 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганынын 32 жыл толгонуна байланыштуу Мамлекеттик тил күнүнө карата К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университеттин Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган «Кыргыз тилим – мурасым» аттуу илимий-интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк иш-чарабызга кош келипсиздер!

Кудуреттүү, кереметтүү, канаттуу,
Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө.
Кудай мени кыргыз кылып жараткан,
Кыргыз Тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!

Кыргыз Тилдин кудуретин карачы,
Кылымдарга кылчайып көр азыраак.
Жаактуулар “Манас” айтып жатканда,
Жамгыр төгүп жиберчү экен шатырап!

Улуу тилге Жер-Асман да багынып,
Улуп бороон, уук-кереге качырап.
Кар жаачу экен таңгалдырып жайында,
Коломтодо от күйчү экен чатырап!

Билбейм башка кудуреттүү тилди мен,

Кыргыз Тилге ийик сыяк ийрилем.

Жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп кыргыздар,

Жыланды да чыгарышкан ийнинен! –деп акын Эркалы Өскөналиев агайыбыз айткандай, кыргыз тили үчүн ар бирибиз ийик сымал ийрилүүгө даяр болсок керек. Андыктан бул күн биз үчүн, жалпы кыргыз үчүн улуу майрамдардын бири. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин өсүп өнүгүшүнө салымдарын кошуп, алдыңкы катарда жүргөн мекенчил агайларыбыз жок эмес.

Анда, сөздү иш-чараны ачып берүү үчүн К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Азамат Ташыбекович Сатиев жана Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевичте агайларыбызга берсек.

(Сөз сүйлөнөт)

Алып баруучу: Ырахмат, Каныбек Дүйшөналиевич, Азамат Ташыбекович. Сиздердин ишиңиздерде ийгилик болушун каалайбыз.

Талапка ылайык иш-чара К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери арасында“Кыргыз тилим-мурасым” аттуу аталышта илимий-интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк таймаш катары өтө турган болду.

            Андыктан, биздин илимий-интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк иш-чаранын калыстар тобу менен тааныштыра кетсем.

Эми студенттер арасындагы өтүлүүчү таймаш тууралуу маалымат берсек. Биздин илимий-интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк таймашыбыз алты кадамдан түзүлгөн.

1-кадам. Өзүн тааныштыруу (окуу жайы, факультети, адистиги). Кыргыз тилин даңазалоо Көркөм окуу (ыр, акын, жазуучулардын, ойчулдардын тил жөнүндө айткан ойлорунан үзүндү).

2-кадам. Көөнө сөздөрдү чечмелөө (калыстар тарабынан кагазга катылган сөздөрдү катышуучулар өздөрү тандап алышат).

3-кадам. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам тууралуу суроолорго жооп берүү (калыстар тарабынан кагазга катылган сөздөрдү катышуучулар өздөрү тандап алышат).

4-кадам. Кара жашиктеги сыр (калыстар тарабынан суроо берилет, ошого жараша жашикте катылган сырды табышат.).

(Эскертүү: Ар бир кадам боюнча алып баруучу тааныштырып, чүчүкулак боюнча алынган кезек менен студенттерди чакырып турат.)

Анда эмесе, баштадык. Алгач таймашка катышып жаткан студенттерге кимден кийин кимиси болот, чүчүкулак карматтырып алалы. Келиңиздер.

(чүчүкулак кармашат)

Урматтуу калыстар тобу, алдыңыздарга атайы даярдалган барактар таратылып берилген, ошого кайсы факультеттин студенти канчанчы болуп баштайт жана ар бир кадам боюнча өзүңүздөдүн баалооңуздарды 1ден 5ке чейинки упай менен белгилеп турсаңыздар. Жыйынтык берилген упайлар боюнча чыгат.


 

Таймашка төмөндөгү студенттер катышышты:

  1. Салавян таануу факультетинин филологиялык билим адистиги боюнча 2-курсунун студенти Бабаев Курвонбек Тукинжанович.
  2. Экономика жана каржы факультетинин каржы жана насыя адистиги боюнча 2-курсунун студенти Байышова Алина Байышовна
  3. Социалдык психология факультетинин социалдык кызматкер адистиги боюнча 2-курсунун студенти Маматкадырова Жумаида
  4. Европа цивилизациясы факультетинин филологиялык билим (англис тили) адистиги боюнча 2-курсунун студенти Кеңешбекова Айжан
  5. Журналистика жана маалыматтар байланышы факультетинин социалдык маалымат жана иш кагаздары адистиги боюнча 2-курсунун студенти Сыдыкова Элиза Алмазбековна
  6. Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин чыгыш лингвисткасы адистиги боюнча 2-курсунун студенти Дайырбек кызы Сардаркан

1-кадам. Өзүн тааныштыруу (окуу жай, факультети, адистиги, анан өнөр көрсөтүү (ыр, бий, кол өнөрчүлүк, улуттук аспап ж.б.).

2-кадам. Кыргыз тилин даңазалоо. Көркөм окуу. (ыр, акын, жазуучулардын, ойчулдардын тил жөнүндө айткан ойлорунан үзүндү).

3-кадам. Көөнө сөздөрдү чечмелөө (калыстар тарабынан кагазга катылган сөздөрдү катышуучулар өздөрү тандап алышат).

Күпсөр – мылтыктын дарысын сала турган чөн баштык.

Эрен – өтө алыс, ыраак.

Шамыян – кош айдаган өгүздүн мойнундагы моюнтурукка өткөрүлүүчү жыгач казык.

Шаншуур – уютулган алтын.

Меш – эркечтин терисинен жасалган чоң чанач.

Забын – балбан, алп.

Чомочо – маңдай.

Батене - денеге бап, денеге жарашуу.

4-кадам. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам тууралуу суроолорго жооп берүү (калыстар тарабынан кагазга катылган сөздөрдү катышуучулар өздөрү тандап алышат).


 

1-бап Жалпы жоболор жоболор жөнүндө түшүнүк бериңиз.

2-бап Жарандардын тил тандоо укуктары жана бул укуктарды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө түшүнүк бериңиз.

3-бап Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу жөнүндө түшүнүк бериңиз.

4-бап Иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу жөнүндө түшүнүк бериңиз.

5-бап Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө Мамлекеттик тилди колдонуу жөнүндө түшүнүк бериңиз жөнүндө түшүнүк бериңиз.

6-бап Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүндө, куралдуу күчтөрдө, нотариат органдарынын ишинде, жарандык абалдын актыларын жазууда колдонуу жөнүндө түшүнүк бериңиз.

7-бап Мамлекеттик тилди аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу жөнүндө түшүнүк бериңиз.

8-бап Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо жөнүндө түшүнүк бериңиз

6-кадам. Кара жашиктеги сыр (калыстар тарабынан суроо берилет, ошого жараша жашикте катылган сырды табышат).

Суроо: Кыргыздарда бул түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. "Манас" эпосунда жана азыркы учурда да ар бир аскер бөлүгүндө, райондо, облуста жана шаарда бар. Бирок бардыгы бирөөсүнүн гана алдына биригип, ар дайым ыйык сакталып келет.

(жооптор алынат)

Алып баруучу: Биздин таймаш да аягына чыгып калды көрүнөт. Анда, жыйынтыкты тааныштыруу үчүн калыстар тобунун төрагасы, К.Карасаев атындагы Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Азамат Ташыбекович Сатиев агайыбызга сөз берсек.

(Таймаш бүткөндөн кийин жыйынтыктар чыгарылат. Куттуктоолор айтылат.)

Алып баруучу: 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери арасындагы“Кыргыз тилим – мурасым” аттуу илимий-интеллектуалдык, таанып-билүүчүлүк таймаш баарыбызга, өзгөчө катышып жаткан биздин сүйүктүү студенттерибизге ар тараптан шык берип, мындан ары да кыргыз тилине, эне тилине болгон сый урматтын өстүрүп, мекенчилдик сезимин дагы да болсо бийиктет деген чоң ишеним бар. Мамлекеттик тил кафедрасы тарыбынан даярдалган мыкты иш-чараны акын Эркалы Өскөналиевдин эки сап ыры менен аяктагым келип турат:

Айланайын Кыргыз Тилим күчүңдөн,

Акынсынам сен бардыгың үчүн мен.

Аталарым айбарлуу сөз агытып,

Асманда учкан кушту жерге түшүргөн!                                      

Тил жок биздин тилибизге теңешчү,

Жүрөгүмдөй бул тил мага керектүү!

Эй, Кыргызым! Жан дүйнөңдө жашаган,

Кудай тили — Кыргыз Тили эмеспи!

Эмки жолугушканча, сак саламатта туруңуздар!!!

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4f080a33-987e-4b37-b529-0e5b2ac71f7c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 2-апрели № 54

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 8-декабрындагы № 3072010-жылдын 19-январындагы № 8,
2011-жылдын 6-октябрындагы № 1652013-жылдын 25-февралындагы № 33,
2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин бардык чөйрөлөрүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө иштейт.

Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет.

Мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдин иштеши жана конституциялык статусун колдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана каржылайт.

3-статья.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасындагы улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелет.

2-глава
Жарандардын тил тандоо укуктары жана бул укуктарды ишке ашыруу кепилдиктери

4-статья.

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт.

Кыргыз Республикасы республикада жашап жаткан башка улуттардын тилдеринин эркин өнүгүү принцибин колдонот.

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья.

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюм, мекемелерге мамлекеттик же расмий тилде кайрылышат.

6-статья.

Балдарга мамлекеттик тилди жана эне тилин үйрөтүү ата-энелердин парзы жана ал мамлекет тарабынан колдоого алынат.

3-глава
Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу

7-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюм, мекемелердин иши мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде да жүргүзүлөт.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

8-статья.

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө - мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн айта жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары үчүн окшош талаптар белгилениши мүмкүн.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

(КР 2011-жылдын 6-октябрындагы №1652015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья.

Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

10-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья.

Кыргыз Республикасында расмий мамлекеттик коомдук-саясий иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде өткөрүлөт жана синхрондук котормо менен камсыз кылынат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья.

(КР 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13-статья.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарга расмий документтерди мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда - расмий тилде да беришет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

4-глава
Иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу

14-статья.

Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат, башка тилдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья.

Кыргыз Республикасынын ишкана, уюм, мекемелеринде илимий-техникалык жана долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат.

16-статья.

Кыргыз Республикасынын ишкана, мекеме, уюмдарындагы эсеп-отчет жана финансы документтери мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

17-статья.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылат.

5-глава
Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө Мамлекеттик тилди колдонуу

18-статья.

Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат.

Окутуу расмий же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелерде, жалпы орто билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окутуунун бардык учурунда мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу расмий жана башка тилдерде жүргүзүлгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көлөмдө жүзөгө ашырылат.

Жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) мамлекеттик тил боюнча жазуу жүзүндө класстан - класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет.

19-статья.

Кыргыз Республикасында илимий эмгектердин тилин эркин тандап алуу мүмкүндүгү берилет; илимдин бардык тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды жарыялоо жана илимий жетишкендиктерди ар тараптан колдоо үчүн кеңири шарттар түзүлөт жана мамлекет тарабынан колдоого алынат.

Окумуштуулук даража алуу үчүн илимий эмгекти коргоо мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат.

20-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил маданият, искусство, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндө негизги тил болуп саналат.

Мамлекеттик тилде иштөөчү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, басмалар, басма сөз органдары) кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоого милдеттүү. Менчигинин түрүнө карабастан, телерадиокомпаниялар өздөрүнүн берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барат.

6-глава
Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүндө, куралдуу күчтөрдө, нотариат органдарынын ишинде, жарандык абалдын актыларын жазууда колдонуу

21-статья.

Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик же расмий тилди билишпеген жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучулары мамлекеттин эсебинен тиешелүү которуу менен камсыз болууга тийиш.

Мамлекеттик же расмий тилди билишпеген жарандык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен тиешелүү которууну камсыз кылууга тийиш.

22-статья.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында, Ички аскерлерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы бардык аскердик түзүлүштөрдө милдеттүү түрдө мамлекеттик тил иштетилет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

23-статья.

Жарандык абалдын актыларын жазууну нотариат жагынан жол-жоболоштуруу мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурларда - расмий тилде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик тилде жазылган жарандык абалдын актысы түпнуска болуп саналат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

7-глава
Мамлекеттик тилди аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу

24-статья.

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин жана объектилеринин (көчөлөрдүн, аянттардын жана башкалардын) аталыштары, географиялык аттар мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулат.

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жайлардын аталыштары милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболоштурулат.

25-статья.

Кыргыз Республикасында инсандыкты ырастаган документтердеги адамдардын жеке аттарын жана фамилияларын жазуу жарандардын өз эркин ачык билдирүүсүнүн негизинде улуттук салттарды сактоо менен расмий тилде кайталанып, мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат.

Инсандыкты ырастаган документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

26-статья.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер менен уюмдардын расмий мөөрлөрү жана бланктары мамлекеттик тилде жазылат жана расмий болбосо бөлөк тилдерде кайталанып жазылат.

27-статья.

Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин - расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.

28-статья.

Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кагаздары мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде толтурулат. Республиканын чегинен тышкары дарекке жөнөтүлгөн кат-кабарлар расмий тилде же тиешелүү чет тилдерде көрсөтүлөт.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими 

29-статья.

Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдерде берилет.

Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.

Товардык белгилерди коюуда фирма тарабынан бекитилген аталыштар башка тилдерге которулбастан сакталат.

(КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-1-глава
Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу

 

(Глава КР 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-1-статья.

Эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде ишке ашырылат.

Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик тил, зарыл учурларда - расмий тил, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тили же эл аралык уюмдардын жумушчу тили колдонулат.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-глава
Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо

30-статья.

Мамлекеттик тилди пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз адабий тилинин колдонуудагы ченемдери сакталат.

Алфавит жана орфография эрежелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

31-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди маалымат-байланыш технология чөйрөсүндө пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилде иш жүргүзүүчү программалык, техникалык жабдуу жана жазма техника менен камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.

32-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.

33-статья.

Ушул Мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

34-статья.

Эларалык укуктун принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы республиканын чегинен тышкары жерлерде жашап турган кыргыздардын эне тилинин сакталышына, өсүп-өнүгүшүнө жана үйрөтүлүшүнө камкордук кылат.

35-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

36-статья.

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., № 17, 141-ст.);

- "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законун ишке киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., № 17, 142-ст.).

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

 

 

А. Акаев

Comments