Орто кылымдагы ойчул, акын, философ Жусуп Баласагын “Кут алчу билим” дастанында “Илим менен билимге көпүрө – тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил” - деп жазып калтыргандай, адамды адам кылган, аны көккө жеткире кубандырып көкөлөткөн да, бир убакта арстан сымал босогоңдо комдонуп, атүгүл бошоп кетсе өзүңдү да жеп коеру анык эмеспи. Ушул улуттун улуттугун айгинелеген эң негизги белгиси – анын тили. Учурда дүйнө жүзүндө 7000ден ашуун тил бар. Ар бир улут үчүн өз тили анын каны-жаны, ар бир жаран үчүн өз тили улуу, өз тили ыйык. Күндөлүк жашоо-турмушубузда ар түрдүү чөйрөдөн бөтөн улуттун жаранын кезиктирсек, дароо аны тилинен аныктоого мүмкүнчүлүк алабыз. Мына ушундай бизди, кыргыз элин, башкаларга да тааныта турган – биздин тилибиз, алп дастан “Манасты” жараткан кыргыз тили. Мына ушундан улам бизди көп ойлонткон нерсе – кыргыз тилинин эртеңи, тагдыры. Дүйнөдө ондогон, жүздөгөн улуттардын тилдери унутууга дуушар болгону турат. Ошол бүткүл дүйнөлүк тилдерди өркүндөтүү максатында, 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан 21-феврал – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланып, ушул күнгө дейре белгиленип келет. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында К. Карасаев атындагы БМУнун башкы имаратында дал ушул 21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн утурлай тил байлыгын аз да болсо өркүндөтүү максатында, Кыргыз филологиясы факультетинин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган "Жүз тил билген - жүз акыл" аттуу чакан адабий кече болуп өттү. Кечеге жүрөгү “тилим – менин дилим” деп соккон тилчилер, проректор, декандар, быйыл гана окуу жайдын босогосун аттаган 1-курстун кыргыз тили деп жан үрөгөн келечек эр-азаматтары, кымча бел кыздары катышып, өзүлөрүнүн келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштардан болоорун айгинелешти. Көрүүчү болуп отурган студенттерибиз да кем калбай колдоп-коштоп патриоттуулук сезимин көрсөтө алышты. Айрыкча, окуу жайыбызда билимин алып жаткан ар улуттун студенттери кыргызча көркөм ыр айтышып, кыргыз тилинде буудай кууруп сүйлөгөндөрү бизди өзгөчө кубандырды. Буларды көргөн кыргыз жаштарында да эне тилине болгон сезими ойгонуп, бир жагынан аларды нес кылып таң калтырды. Тилди сактоо, даңазалоо, кийинки муунга өткөрүп берүү – мына ушул жаштардын, сенин, менин, жалпы кыргыз журтчулугунун милдети эмеспи. Айтайын дегеним, аталган чакан адабий иш-чарабыз аз да болсо улуттун уюткусу болгон эне тилибизди аздектеп туу тутууга өз салымын кошуп, жаштардын жан дүйнөсүндө эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата-Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар? Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар? Энесинин бешик ырын укпай чоӊойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар? Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата-Журтун чангандан айырмасы кайсы? Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата-Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар? деген суроолорду жарата алса керек деген изги тилегибиз бар... |