2019-жылдын 18-февралында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Улуу салтты улаган кыргыз тили” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага окуу жайдын СФ, ККФ, ЕЦФ, ЖМСФ, ФЭФ, ЧТЭМФнин студенттеринин катышуусунда даярдалып, ийгиликтүү өттү. Иш-чарага окуу жайдын Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы проректору Н.Ш.Дилдемуратов жана Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, доцент К.Д.Кенжешев, Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы З.Д. Долуева жана окутуучулар катышышты. 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Улуу салтты улаган-кыргыз тили” аттуу салтанаттуу иш-чаранын программасы
Эскертүү: Программада көрсөтүлгөн убакыт болжолдуу түрдө .21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Улуу салтты улаган - кыргыз тили” аттуу салтанаттуу иш-чаранын сценарийи (1-көрүнүш) Алып баруучу: Кымбаттуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү студенттер! Бүгүнкү 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Улуу салтты улаган - кыргыз тили” аттуу салтанаттуу кечебизге куш келипсиздер! (КРнын гимни) Алып баруучу: Эне тилим сыр аякка батпаган, Эне тилим элди селдей каптаган. Эркелеген көл үстүндө ак куудай, Эртели кеч өз койнуңда чер жазам – дегендей ар бир тил өзүнө улуу, өзнө ыйык. Андыктан бүгүнкү күн дал ошол тилибизди даңазалап, аалам жаңырта асыл сөздөрдү арнай турган күндөрдүн бири. Бул күн - дүйнө жүзүндө эки жумада бирден тил жоголуп бара жаткандыгына байланыштуу, эне тилди коргоого алып, аздектеп сактоого карата арналган күн. Алып баруучу: Ошондуктан, жыл сайын “Бүткүл дүйнөлүк Эне тилдин эл аралык күнүн” белгилеп келебиз. Дегеним, улуу журт, улуу эл деп бөлүнбөй, бардыгыбыз милдет, ыйык парс катары эне тилибизге аяр мамиле жасап, аны аздектеп сактап, келечек муунга өткөрүп берүү. Бекеринен акындарыбыз: Эне тилим – кубат берчү куралым, Өзүң менен сыймыктанар убагым. Керек болсо берер элем жанымды, Жан ордуна келет тилди сурагым- дебесе керек. Алып баруучу: Чынында эне тилибиздин жашап жатканына биз, баарыбыз, бактылуубуз! Жаныбызды да берүүгө даярбыз. Анткени, дүйнөдө 7000 миңден ашык тилдер болсо, бир нече муун өткөндөн кийин бул тилдердин 2,5 миңи жоголуп бара жаткан тилдердин катарында. 199 тилде болгону ондогон гана адамдар сүйлөшөт. Ал эми, ааламдашкан заманда миндеген тилдердин ичинен жүзү гана билим берүүнүн, илим менен техниканын тили болуп кала алат. Акыркы жылдары 200дөн ашык тил таптакыр жок болуп кеткен. Ошондуктан жок болуп бара жаткан тилдерге кайдыгер карабай, алардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөнүбүз туура го деп деп эсептейм. Анткени, эне тил ошол элдин жаны, жүзү, берекеси... Алып баруучу: Албетте, мындай ааламат бардык тилдердин башына келиши мүмкүн. Сиздер билсеңиздер керек, тилдер негизинен үч топ менен жоголуу коркунучуна эгедер. Маселен, биринчиси жок болгон же өлгөн тилдер деп аталат. Анткени бул тилде сүйлөп, ишенимдүү алып жүрүүчүлөрү жок. Экинчиси жок болуп бара жаткан же өлүп бараткан тилдер. Сүйлөгөндөр бар, бирок келечектеги балдарына үйрөтүлбөй калган тилдер, булар бир-эки муун өткөндөн кийин жок болуп кетет. Керек болсо, ата-энеси да билбеген учур болот. Ал эми, үчүнчүсү, колдонулган же жашап жаткан тилдер. Балдары сүйлөп, ошол тилде окуп, жазганды билгендер. Демек, келечек жаштардыкы деген ошол. Тилди жоготуу да, өстүрүү да, өлтүрүү да ар бирибиздин колубузда. Алып баруучу: Эмесе, бул багытта да омоктуу ойлорун ортого салып, эне тилдин кадырын көтөрө турган, биздей өсүп келе жаткан муунга эне тидин баркын көөдөнүбүзгө кыттай уюта турган окумуштуу агай – эжелерибиз отурат, сөз кезегин берсек. Алып баруучу: Алгач сөздү ушул салтанатуу кечени ачып берүү үчүн 1. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитердык университетибиздин ректору, профессор Абдылда Инаятович Мусаев агайыбызды чакырабыз. 2. Эмки сөз кезегин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитердык университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, доцент Каныбек Дүйшөналиевич Кенжешевге беребиз. (2-көрүнүш) Сахна Алгач слайд кетет. Анын алдында студенттер ар түрдүү кыймылдарды жасоо менен, бийлеп турушат. Слайд бүтөөрү менен жаштар “Мөлмөлүм” деген ырды ырдашып, көңүлдөрү куунак, бийлеп жүргөн болушат. Ошолордун арасынан Жеңе суу көтөрүп келе жаткандай элес болот. Карама каршы келе жаткан кыргыз жигити алдынан чыккан жеңеге тийише кетет. Жигит: Арыбаңыз, шайыр жеңе, шат жеңе, Сиңдисине жан жолотпос сак жеңе. (Чака көтөрүп бара жаткан Жеңе кыр көрсөткөндөй, унчукпай өтүп кетет да, барып чакаларын жерге коюп, туруп калат. Жигит артынан карап токтоп турат, жеңе токтоору менен чуркап келип) Амансызбы, ай чырайлуу, жеңеке... Сиз менен амандашып алсак, жашообузга төгүлөт го, береке! (Булар сүйлөшүп жатканда, арткы фондогулар өздөрүнчө бири-бири менен бир нерселерди сүйлөшкөнсүп, кыздар болсо жигиттен уялгансып, ал эми, кайын сиңди болчу кызды курбулары уялтышкансып турушат.) Женеси: Амандаштык... (Жигитти башынан ылдый караай сынап карайт). Жашооңузга береке төгүлгүдөй кызматыбыз болсо, өтө чоң суранычтар жатат го дейм, Эрке бала. Жигит: Бар, бар... (Жигит башын бир аз кашып, акырын басып келип, кулагына бир нерселерди шыбыраган болот. Жеңе күлүп, улам башын ийкегилеп, анан...) Жеңе: Бар бол жигит! Жол сураган тартынбай, Сага менин кое турган шартым бар. Ооба, сенин айткан кебиң жүйөөлүү, Кыз кадырын бийик коюп жүрөлү, Көрүнгөнгө көрүп койгун дегендей, Кыздар буюм эместигин билели. Жигит: (Чоочугандай түр менен) Айып этпе, жеңеке кечиресиз, Пендебиз да каталык кетиребиз. Көнөм, кандай шарт болсун шартыңызга, Көксөөбүзгө даба бол, дартыбызга. Айлуу түндө шаң болот бүгүн кечте, Келиңиздер ээрчишип ойнубузга. (Жигит менен жеңе кечки оюнга келе турган болуп кош айтышып кетишет. Жеңе макул болгондой, эки чакасын көтөрүп, үйдү көздөй бет алат. “Кечинде оюн боло-о-о-ооот. Жоолугабыз...”-деген үндөр менен фондогулар да акырындык менен тарап кетишет. Аңгыча кыздар бир тараптан, жигиттер экинчи тараптан көңүлдүү чыгып келишет. “Мөлмөлүм” кайра ырдалып, бийленет. ) Жигит: Чогулуп жаштар шаң чыгып, Чокудан чолпон ай чыгып. Бакытта өмүр сүрөлү, Жашообуз болуп жайчылык. Жеңе: Көпчүлүк көөнү кубансын, Көңүлдөр көктөп улансын. Жаркыган жаштык бар кезде, Жашоону ырга сугарсын. Жигит: Анда жеңе, айтканыма турайын, кандай айтсаң угайын. Мынча чогулуп калган соң, бабалардын жолун улай кыз-жигит оюнун куралы, кандай дейсиз? Жеңе:( кыздар күлүшүп) Биз макулбуз, эрке бала. Жигит: Эмесе, «кыргызда кыздын чачы улук, кыргызда кыздын аты улук, кызыгын көрбөйт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук» дейт. Баштап берерсиздер. Жеңе: Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык. Жолду силер баштагыла, эрке бала. Жигит: Анда эмесе биримдикте, бирге баштайлы. Жаман ыр кор болот, жакшы ыр хор болот демекчи бирге ырдайлы. Хор: “Кел жигиттер, кел кыздар” ыры ырдылыт. Жеңе: Оой, тим эле... Барыбыздын ырдагыбыз келип жүргөн экен. Эрке бала, жакшы жөрөлгөнү баштаганын ырас эле болгон турбайбы...(күлүп). Анда эмесе... Абалтан ыйык сөз келет. Ар качан ыйык сөз делет. Сөз гана калат түбөлүк, Башканын баары бүт өлөт. Кезекти көркөм окуп, күч сынашуу менен баштайлы. Жигит: Жакшы болот. Кана эмесе жигиттер, кимиң пирсиң, кимиң эрсиң, кимибиз намыс талашабыз? Чамдайлы! Сулууларга уят боуп калбайлы! Көөдөндү жиреп, жан дүйнөнү бийлеп, жүрөк титиретип, сулуулардын жүрөгүнө чок салуучу ырлар барбы. Кел, анда эмесе, жигиттердин атынан оозунан сөзү төгүлгөн, өрмөктөй болуп өрүлгөн сөз атасы Ф.А.А. көркөм окумакчы. (Сүрөгөн үндөр коштолуп турат.) Жеңе: Бали, жигиттер! Акылың болсо аял кишини барктап бил, алды-артыңды тактап жүр дегендей. Окулган ырларыңарда Даниярдын талаа жаңыртып ырдаган обондорунун ыргактары жаңырып, сезимге гүл сээп өткөндөй эле болду. Албетте, мындай бир дем, кооз ыргак менен окулган ырга булактын үнүндөй жагымдуу үнү менен Ф.А.А. керемет, көркөм дүйнөгө жетелесин. (Сүрөгөн үндөр коштолуп турат.) Жигит: Баракелде! Түнөргөн көңүл ачылсын, Түйшөлткөн сезим шашылсын. Жароокер, назик, аруу кыз, Маңызы сенсиң жакшы ырдын. Мындай жагымдуу, адамды ойго салган ыр саптарынан кийин, өзүнөн өзү обондуу бир ыр ырдалбаса болбойт го ыя, Жеңеке. Эмесе, сөз багытын ырга буралы, созолонтуп ырдап туралы, бул ырды Ф.А.А. аткаруусунда угалы. (Обондуу ыр эркин тандоо) Жеңе: Ыр эмес бекен? Жан дүйнөгө жазгы нөшөрдөй жаап, жан сергиткен ырыңарга баракелде!!! Үнүң керемет экен, кайни... канткен менен биз да силерден калышпаайбыз. Созолонтуп, ыр созгон жагынан алдыбызга эч кимди салышпайбыз. Жигит: Билебиз, Жеңеке, билебиз... (Үндөр коштолот) Жеңе: Ошондуктан, көлөкө жерге баккан, көкүлүнө жемчук шуурулардан такан, кызыбыз Ф.А.А. Сиздерге бизден жооп кылып булбулдай үнү менен жооп кылмакчы. (Обондуу ыр эркин тандоо. легендарлуу) Жеңе: Эми, Эрке бала ыр окуп, ыр ырдадык. Көңүлдөрдү көтөрдүк. Байкадык. Билдик. Кыргыз эзелтеден сөз баккан. Ошондуктан, “Сөз айтылганча сенин кулуң, айтылгандан кийин сөзгө сен кулсуң.” Болбосо, “Сөздөн жыгылган турбайт, буттан жыгылган турат” деген сыяктуу макалдар бар. Айтайын дегеним, ошол бабалардан келген улуу сөз багытын биз тандайлы. Макал айтышалы десек көнөсүздөрбү? Жигит: Албетте көнөбүз. Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз. (Макал айтышат. Ар кимиси өздөрү бирден макала таап келишет.) Жеңе: Эрке бала карап турсам, кыздардан калышпай, чын эле жоо чапчудай кармашып алыпсыңар. Бул жагынанан го биз жеңилдик. Ал эми заманбап технологияларында катылган быйтыкчаларга келгенде кантээр экенсиңер! Жигит: Охоо, Жеңеке, жигитти намыс, коёнду камыш өлтүргөн. Сулууларга суктанып жагыш, алардын жүрөгүн багынтыш бул чоң чеберчилик эмеспи. Ошол ниетте биздин жигиттерибиз ашыгып жатышса керек. Ашыкча кетсек, кечирим. Ал эми быйтыкчаларды туюнтма, фразеологизмдер менен жарышып көрсөк кандай болор экен? Жеңе: Макулбуз... Башта, анда, Эрке бала! (фразеологизмдер менен) Жигит: Ыр менен күлкү уланып, Ыр уккан элим кубанып, Ый, муңду эстен чыгарып, Ыр гана угуп туралык - деп обондуу ырга кезек берели дейин десем, жандуу музыканы жакшы көргөн, жаныңызда Эрке кызыңыз отурат. Ошого арнап бир жолу комузга кол ойнотолучу. (Жандуу музыка кетет. Комузда күү айтыш болсо сонун болмок.) Жеңе: Эми, Эрке бала, ай толуп чыкты, толук чыкты анда эмесе айлуу түндө ак чөлмөк ойносок эмне дейсиң? Жигит: Кош колдоп колдойбуз, анда эмесе, жигиттер, ак чөлмөк оюнун ойнойлу. Ак чөлмөктү ким жашырсын? (“Ак чөлмөк” оюнунун эрежеси айтылып, ал ыргытылып, ак чөлмөктү издеген болуп эки тарапка жетелешип кирип кетишет.) Аягы
(3-көрүнүш)
Алып баруучу: Эне тил - Кудай тарабынан жасалып берилген ыйык белек. Аны сактоо менен бүтүндөй дүйнө жүзүн сактоо дегенге барабар. Ар бир эне тил-кайталангыс мурас. Ар башка тилде ырдалган ырларда, чертилген күүлөрдө, жазылган чыгармаларда, бийленген бийлерде, уучу үзүлбөгөн үрп-адаттарда, байыртадан бери сакталып келе жаткан каада-салттарда өзүнө тийешелүү асылдыктар жатат. Бул да болсо биздин эне тилге кошкон салымыбыз. Алып баруучу: Эне тил болбой эл болбос, Энеге эч ким тең болбос. Көмөкчү кылып ал тилге, Көп тилди билген кем болбос. Каткен менен Ата Мекенимде күн кечирип жашап жаткан ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилиндей мамиле кылып сүйгөн кыргыз тили кылым карытып келет. Алар үчүн кыргыз тилин билүү дагы бир дос күтүүгө, дагы бир мамлекеттин тарыхын билүүгө, адабияты, маданияты менен жакындан таанышууга, акылдарына акыл, ойлоруна ой кошууда чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди деген жаңылышпаган оюм бар. Анткени биз, баарыбыз, азыр ошол мамлекеттин абасы менен дем алып, жашап жатабыз... Алып баруучу: Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүн белгилеп жатып, биз жер жүзүндөгү бардык элдердин тил маданиятына жоопкерчилик менен мамиле жасап, адамдардын өсүп-өнүгүшүнө таасир бердик го деп ойлойбуз. Ошону менен бирге жер жүзүндөгү бардык тилдер өзүнүн өсүп-өнүккөн жолуна карабастан башка тилдерге да бирдей, ыйык жандуу мурас катары сактоого чоң күч жумшоо зарыл экендигин эскертет. Ушуну менен Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан даярдалган “Улуу салтты улаган кыргыз тили” аттуу салтанаттуу кечебиз аягына чыкты, көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат! Көрүшкөнчө, аман болуңуздар! Аягы |