Мамлекеттик тил кафедрасы университеттин бардык кафедраларына сабак берип, тейлөөчү кафедраларынын бири болуп эсептелинет. Бул кафедрада 1-курстун студенттери гана мамлекеттик тилдин практикалык курсу сабагынан билим алышат. Ошону менен катар 1-курста жалпы билим алып жаткандыктан, биздин кафедрадагы окутуучулардын ар бири өздөрүнүн графиктерине жараша студеттерди портфолио жасоого, доклад, реферат жазууга багыттоо менен окутуучулар тарабынан темалар берилип, университетте, ЖОЖдордо өткөн студенттик илимий конференцияларга тартуу иши жүргүзүлүп, даярдап алып барышат. Кафедрада “Эне тил – улут жаны” аттуу тил үйрөтүү ийрими бар. Бул ийрим тилге байланышкан ар түрдүү кызыктуу темалардын үстүндө иш алып баруу менен, кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккан башка улуттагы студенттердин билимин тереңдетип, талантын өстүрүп, жан дүйнөсүн, сөз байлыгын байытып, өнүктүрүүгө багытталган. Жыйынтыгында, биринчиден, студенттер өз алдынча илимий маселелерди түшүнүп, иш жүзүнө ашырууга үйрөнүшөт. Экинчиден, студентер илимий коллективде иштөөгө, илимий эмгекти уюштурууну жана жетектөөнү өстүрүшөт. Үчүнчүдөн, илимий маселелерди чечүүгө студенттер тартылышат. Төртүнчүдөн, практикалык ишмердүүлүктө илим менен техниканын жетишкендиктерин пайдаланууга студенттер чыгармачылык менен аркеттенишет. Ошону менен бирге эң алды кыргыз тилинин башка тилдердин алдында байыркылыгын, барктуулугун, тереңдигин, түбөлүктүүлүгүн даңазалай алышат. Студенттерди илимий иш жазууга багыттоо кафедранын илимий-изилдөө иштеринин планына ар дайым киргизилип келет. 2018-2019-окуу жылында СИИИнин планы
|