К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан “Мамлекеттик тил боюнча адистерге жана мамлекеттик тилди эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу” деген аталыштагы онлайн тегерек столу ![]() ![]() Негизинен жогоруда аталган тегерек стол үч бөлүктө өткөрүлдү. Сунушталган квалификациялык талаптардын долбоору К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен иштелип чыгып, талкууга коюлду. Биринчи бөлүктө: А) Кыргыз тили жана адабиятын чет тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоору; Б) Кыргыз тили жана адабиятын экинчи тил катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоору; В) Кыргыз тили жана адабиятын эне тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоору; Экинчи бөлүктө: А) Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысынын ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптардын долбоору; Үчүнчү бөлүктө: А) Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректордун кызматтык милдеттери, ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптардын долбоору; Долбоор ЖОЖдордун мамлекеттик тилге тиешелүү электрондук даректерине салынып, талкууга алынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жана К.Карасаев атындагы БМУнун мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректорунун электрондук дарегине жөнөтүлүп, сунуш, пикирлерди эске алып, толуктоолорду киргизүү менен жыйынтыгы чыгарылары айтылды.
Уюштуруучулар: К.Карасаев атындагы БМУнун мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору жана Мамлекеттик тил кафедрасы. Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучуларынын ЖОЖдор менен болгон байланышы Азыркы мезгилде мамлекетибизде мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясаты курч жүрүүдө. Ошондуктан Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы иштелип чыккан. Мында, эң маанилүү маселе катары мамлекеттик тилдин абалы каралып, ошону менен бирге КРнын ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүсү, аны өнүктүрүү парзы жана милдети экени баса көрсөтүлгөн. Бул Программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн практикалык иш-чаралар жана биргелешкен иш-аракеттер өткөрүлүп туруусу жакшы натыйжаларды бермек. Ошондуктан, Мамлекеттик тил кафедрасынын жалпы жааматы да аталган Программаны иш жүзүнө ашырууда четте калган жок. ЖОЖдордо мамлекеттик тилге байланыштуу өткөрүлгөн ар бир иш-чараларга активдүү катышышып, докладдарды окушуп, талкууларга катышышып, сертификаттарга ээ болуу менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө ар тараптуу салымдарын кошуп келишүүдө. Мамлекеттик тил кафедрасынын штаттагы окутуучуларынын саны
2017-2018-окуу жылында ЖОЖдар аралык байланышта төмөндөгүдөй иштер аткарылды Кафедранын башчысы, ф.и.к., д.м.а. З.Д. Долуева 2017-2018-окуу жылында улантуучу топтун студенттери үчүн силлабус кафедранын доц.м.а. Р. Жумалиева менен биргеликте айрым толуктоолорду киргизүү менен кайрадан түзүштү. Кыргыз тобу үчүн окуу-методикалык комплексин апробацияга даярдоону жыйынтыкташты. 2017-жылдын октябрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 17-1 тайпасынын студенттерине интерактивдүү ыкмаларды, сынчыл ойломдун стратегияларын максаттуу пайдаланган «Мухаммед кыргыз. Тайлак баатыр. Синонимдер, антонимдер, алардын түрлөрү, пайда болуу жолдору» деген темада чыгармачылык сабак өткөрдү. Аралык текшерүүлөр боюнча студенттердин иштеринин жыйынтыгын өз убагында чыгарылды. Ал эми студенттердин өз алдынча иштерин көзөмөлгө алып, керектүү тыянактар жасады. 2018-жылдын февраль айында «Чакчыл конструкциялардын ички структурасынын жайылышы жана кенейиши» деген темадагы баяндаманын негизинде презентация жасалды (баяндама кафедранын окуу-методикалык кеңешинин отурумунун папкасына тиркелди). Ушул окуу жылындагы кафедранын отурумун календарлык план боюнча өткөрүп, ачык сабактарды, окуу-методикалык семинарларды план боюнча өткөрүлүшүн көзөмөлгө алып турду. Факультеттин окумуштуулар кеңешине өз убагында үзгүлтүксүз катышуу менен бирге «Мамлекеттик тилди окутуунун проблемалары жана перспективалары», «Окуу-методикалык иштердин мамлекеттик тил кафедрасындагы абалы жана аткарылышы» деген темаларда баяндамалар жасады. 2017-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин А.Салымбековдун «Прогрессивдүү инициативалар» фонду тарабынан уюштурулган «Карма лингвистиканын англис,кыргыз жана орус тилдеринде берилиши»деген темадагы семинарга катышып, сертификатка ээ болду. 2017-жылдын 10-ноябрында Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана Кызматташуунун Шанхай уюму трабынан болгон XIII Эл аралык форуму «XXI кылымдагы КМШ жана КШУ тилдердин жана маданияттын диалогу» аттуу квалификацияны жогорулатуу семинарына катышып, сертификат алды. 2017-жылдын 27-29-ноябрында И. Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана Кыргызстандагы орус тили жана адабияты боюнча окутуучулардын (Кубань мамлекеттик университетинин профессору С.Г. Воркачев баштаган) коому тарабынан өткөрүлгөн «Лингвокультуралогиялык жана лингвоконцептологиялык көйгөйлөр» деген аталыштагы квалификацияны жогорулатуу семинарынын катышуучусу болуп, сертификатка ээ болду. 2017-жылдын 20-декабрында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы уюштурган «Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо» аттуу усулдук семинарга катышып, сертификаттын ээси болду. 2018-жылдын 11-январында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн «Ааламдашуу процессиндеги адитикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү» аттуу окуу-методиалык семинарга катышып, кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү менен бирге сертификатка ээ болду. 2018-жылдын 16-майында КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип өткөргөн «Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуунун маселелери» аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалыкконференциянын угуучусу катарында катышты. 2018-жылдын 24-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр» деген аталыштагы кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча ЖОЖдор аралык окуу-методикалык семинарга, андагы талкууга катышып, тажрыйба алмашып, жыйынтыгында сертификатка ээ болду. 2018-жылдын 8-июнунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасынын адабият бөлүмү боюнча республикалык деңгээлдеги мамлекеттик тил кафедраларынын башчылары чакырылган семинарга катышып, пикир алмашуулар жүргүзүлдү. «Кыргыз тили жана адабияты» курсунун типтүү программасын түзүүнүн алкагында конкреттүү сунуш, пикирлер айтылды. 2018-жылдын январь айында «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис.» деген аталышта ф.и.к., доцент Г.О. Көчөрова менен авторлош 4,25 басма табак көлөмүндө окуу-методикалык колдонмону басмадан чыгарышты. 2018-жылдын 28-30-майында Туркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык симпозиумда ф.и.к., доцент Г.О. Көчөрова менен авторлош «Мектептерде класстан тышкаркы окутуу» деген аталышта баяндама жасады. Баяндаманын мазмуну катышуучулар тарабынан жактырылып, симпозиумдун эң жакшы баяндамаларынан деп табылып, жыйынтыгы жыйнакка жарыяланды. Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Б.К. Деркембаева 2015-2016-окуу жылында“Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, “Максат” басмасынан (2015) басып чыгарышты. 2016-2017- окуу жылында кайрадан аталган китепке оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап кайрадан басып чыгарышты. Баштооч жана улантуучу топтордо кыргыз тилин окутууда силлабустун орду” деген макаласы басмада. “2012-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программаны” ишке ашыруу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган иш-чарага 2016-жылдын 6-мартында катышып келди. 2017-2018-окуу жылында баштооч топтун студенттери үчүн силлабус иштелип чыкты. Европа цивилизация факультети үчүн кесиптик тексттерди түздү. Ошондой эле улантуучу топтун студенттери үчүн окуу – методикалык комплекс жазып басмага берүүгө даярдадык( кафедранын мүчөлөрү Н.Черикова, Р.Жумалиевалар менен бирдикте). Сабакта ар кандай ыкмалар колдонулуп өтүлдү. Тексттер менен иштөөдө ар бир факультеттин өзгөчөлүгүнө жараша студенттер менен иштеп, которуу жана түшүндүрмө сөздүктөрдүн үстүндө маанилерин чечмелеп, сабактар өтүлдү. Мындан тышкары 2017- жылдын 4-ноябрда КМЮАда «Жаштар биздин келечегибизби, же саясий оюндардын куралыбы?» аттуу ЖОЖдор аралык конференцияга эки студентти докладдары менен даярдап катышып келишти. Алар: ФЖИС - 1-курстун студенти Бактыбек уулу Шабданбек жана ФКФ -1- курсунун студенти Барманкулова Алина. 2017-жылдын 23.11.да экономика жана финансы факультетинин 1-курсуна грамматикалык темасы: «Протокол , анын түрлөрү, маалым даректери. Түзүлүшү жана жазылышы. Протоколдун көчүрмөсү», лексикалык темасы: «Улуттук оюндар. Тогуз коргоол. Оодарыш. Улак тартыш» аттуу темада чыгармачыл сабак өттү. Сабактын иштелмесин жазып кафедрага тапшырды. Кафедрада ай сайын өтүлүүчү метод- семинарларга катышып турду. График боюнча кафедрада өтүлүүчү метод-семинарда (апрель айында) «Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруунун негиздери» деген темада доклад окуду. Квалификацияны жогорулатуу боюнча ЖОЖдор аралык окуу-методикалык семинарларга катышып төмөндөгү сертификаттарды алды. 1. Санкт-Петербург шаарындагы А.С. Пушкин атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин чет тилдер институту жана М. Рыскулбеков атындагы экономика университети менен биргеликте өткөрүлгөн «Когнитивдик лингвистика жана чет тилдерди окутуунун методикасы» аттуу Эл аралык квалификацияны жогорулатуу курсунун сертификаты (23-24-октябрь, 2017-жыл). 2. Москва мамлекеттик лингвистикалык университети менен Бишкек гуманитардык университети биргеликте өткөрүлгөн «Диалог языков и культур СНГ и ШОС в ХХI веке» аттуу ХIII эл аралык форумдун сертификаты. (7-10-ноябрь.2017-жыл). 3. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн «Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү» аталышындагы семинардын сертификаты. /11.01.2018-жыл./ 4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуунун маселелери» аттуу республикалык илимий- тажрыйбалык конференцияга катышты ( 16.05.1918). 5. Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде өткөрүлгөн «Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги-ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр» кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча ЖОЖдор аралык окуу-методикалык семинарга катышып, окутуунун жаңы ыкмалары боюнча пикир алышуулар жүргүзүлдү (24.05.1918-жыл) жана сертификат алды. Кафедранын мүчөсү д.м.а. Н.Ч. Черикова 2015-2016-окуу жылында“Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, “Максат” басмасынан (2015) басып чыгарышты. 2016-2017- окуу жылында кайрадан аталган китепке оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап кайрадан басып чыгарышты. 2017-2018-окуу жылында силлабустун негизинде I, II семестр боюнча баштоочу топтун студенттери үчүн экзамендин тесттерин түздү. Баштооч топ боюнча силлабусту жана улантуучу топ боюнча окуу-методикалык комплекс силлабуска ылайык түздү. 2017-2018-окуу жылына карата окуу-методикалык семинардын жана чыгармачыл сабактардын планын түзүп, аларды график боюнча көзөмөлгө алып турду. Декабрь айында “Этномаданий тексттерди сабакта окутуу” деген темада метод-семинарга доклад даярдады. 2017-жылдын 2-6-ноябрында А. Салымбековдун бизнес мектебинде өткөрүлгөн “Кa:rmik лингвистиканын англис, орус, кыргыз ж.б. тилдердин теориялык жана практикалык берилиши” деген темадагы семинардан сертификат алды. 2017-жылдын 7-10-ноябрында БГУда болуп өткөн XIII Международный форум “Диалог языков и культур СНГ и ШОС в XXI веке” деген темада өткөрүлгөн квалификацияны жогорулатуу сертификатын алды. Ошондой эле, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен КММА биргелешип өткөргөн, “Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо” аттуу методикалык семинарга катышып, сертификат алды. Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Б.Секимова: 2015-2016-окуу жылында “Экономикалык терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгү”, “Иш кгаздар боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү” 2015-жылы басылып чыкты 2015-жылдын 20-октябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУда “Мамлекеттик тил” борборунун ачылышына карата “Мамлекеттик тилдин маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык ЖОЖдор аралык конференцияга катышып, сертификат алып келди. 2017-2018-окуу жылында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган төмөнкү семинарларга: “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү” аталышындагы окуу-методикалык семинарга катышып, сертификат алды (11.01.2018). “Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр” аттуу кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча жогорку окуу жайлар аралык окуу-методикалык семинарга катышып, сертификатка ээ болду ( 24.05.2018). Кафедранын мүчөсү, д.м.а. Р.Б. Жумалиева 2015-2016-окуу жылында“Тилим-менин дилим” аттуу окуу куралына д.м.а., Б.К. Деркембаева, Н.Ч. Чериковалар менен бирдикте оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, “Максат” басмасынан (2015) басып чыгарышты. 2016-2017- окуу жылында кайрадан аталган китепке оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, жаңылап кайрадан басып чыгарышты. “Оксюморондук сөз айкашындагы логикалык карама-каршылык” (Известия вузов Кыргызстана., №9., 2016) аттуу макаласы жарык көрдү. 2017-2018-окуу жылында улантуучу топтун студенттери үчүн силлабусс программасын доц.м.а. З.Д. Долуева менен биргеликте иштеп чыкышты. Журналистика жана маалымат системалары факультетинин студенттери үчүн кесиптик тексттерди тапшырмалар менен түздү. Улантуучу топтун студенттери үчүн окуу-методикалык комплекс жазды. Мындан сырткары 2017-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин А.Салымбековдун «Прогрессивдүү инициативалар» фонду тарабынан уюштурулган «Карма лингвистиканын англис, кыргыз жана орус тилдеринде берилиши» деген темадагы семинарга катышып, сертификат алды. Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Н. Мамырбаева 2017-2018- окуу жылында баллондук окуу системасы боюнча силлабус түзүүгө катышты. “ Славян таануу ” факультетинин баштооч, улантуучу жана кыргыз топторуна I курсу үчүн жумушчу программасы, кесиптик тексттер түзүлдү жана модулдун суроолорун иштелип чыкты. Ошондой эле кышкы, жайкы сессияларга ар бир бѳлүнгѳн топтор үчүн экзамендик тесттин суроолорун түздү. Ошондой эле Эл аралык билим берүү борборунда билим алып жаткан чет элдик угуучулар үчүн экзамендик тесттин суроолорун түздү. Кафедра мүчѳлѳрүнүн ачык сабактарына катышты. Кафедранын мүчѳлѳрү тарабынан ѳтүлгѳн метод-семинарларга да катышты. Айта кетсек, Секимова Бактыкан эженин усулдук семинарына катышты. Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана Кызматташуунун Шанхай уюму тарабынан болгон ХIII Эл аралык форуму “ ХХI кылымдагы КМШ жана КШУ тилдердин жана маданияттын диалогу” аттуу квалификацияны жогорулатуу семинарына катышып, сертификат алды (7-10-ноябрь, 2017-ж.). 2017-жылдын 2-6-ноябрда А. Салымбековдун бизнес мектебинде өткөрүлгөн “Кa:rmik лингвистиканын англис, орус, кыргыз ж.б. тилдердин теориясында жана практикасында” аттуу эл аралык семинарга катышып, сертификатка ээ болду. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана Кыргызстандагы орус тили жана адабияты боюнча окутуучулардын коому тарабынан ѳткѳрүлгѳн “Лингвокультурологиялык жана лингвоконцептологиялык кѳйгѳйлѳр” аттуу квалификацияны жогорулалуу семинарына катышып, сертификат алды (27-29-ноябрь, 2017). Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун ѳркүндѳтүү” ататалышындагы окуу-методикалык семинарга катышты (11-январь, 2018). 2018-жылы 16-майда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуунун маселелери” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышты. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан ѳткѳрүлгѳн “Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, кѳйгѳйлѳр” аттуу кесиптик чеберчиликти ѳркүндѳтүү боюнча жогорку окуу жайлар аралык окуу-методикалык семинарга катышып, сертификат алды. (24-май, 2018). Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия тарабынан жактырылган. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди ошондой эле кыргыз тилин ѳз алдынча ѳздѳштүрүүнү каалагандарга жана ар кандай тилдик курстарга мугилимдин жетекчилиги менен кыргыз тилин үйрѳнүүчүлѳр үчүн ылайыкташкан окуу куралы жарык кѳрдү. “Кыргыз тилин бирге үйрѳнѳлү”. I, II китеп /Түз. А.О. Дюшембиева, Р.Р. Мамбетова, Н.Б. Мамырбаева.-Б. 2017- I китеп -122 б., II китеп – 154 бет. Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Б. Мадумарова кафедрада ай сайын өтүлүүчү окуу-усулдук семинарларга, чыгармачылык ачык сабактарга окутуучулар менен тажрыйба алмашуу максатында катышты. Экзамендик-тесттик суроолорду кыргыз топтору үчүн түздү. Жооптуу болгон ФВМО факултетинин студенттери үчүн кесиптик текст даярдады. Окуу жылында бекитилген иш пландын негизинде кафедрада жана университете өткөрүлгөн маданий-тарбиялыкиш-чаралардын дээрлик бардыгына активдүү катышты. «Кыргыз тили – кыргыз элинин улуттук тили жана улуттун маданиятынын очогу» адабий-музыкалык кечеге, Мидин Алыбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарага, «Айтматовдун чыгармаларын араб тилинде окутуу» иш-чарасына жана башкалар. Ошондой эле ийримдин жетекчиси катарында ИСИТО жана КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөргөн ЖОЖдор аралык олипиадага эки студент даярдап ийгиликтүү жыйынтык менен кайтышты. Кафедранын мүчөсү, ф.и.к., д.м.а. Г.К. Устабаева 2015-2016-окуу жылында адабият сынчысы К.Артыкбаевдин 80-жылдыгына арналган “К.Артыкбаев - улуу устат, чыгаан окумуштуу, педагог” деген илимий конференцияга катышып, доклад жасады. Ошону менен бирге “Кыргыз фольклорунун айрым урунттуу маселелери К.Артыкбаевдин адабий сын макалаларында” аттуу эки макаласы басмадан чыкты (Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. Атайын чыгарылыш. 2015-ж.). Ж.Баласагын атындагы КУУда улуу акын А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн конференцияга катышып, “К.Артыкбаев-Алыкул таануу мектебин түзгөн сынчы” аттуу макаласы аталган окуу жайдын Жарчысынан чыгуу алдында турат. Ошону менен бирге ф.и.к. доц. м.а. З.Кудайбергенованын “Кыргыз адабияты сабагын окутуудагы инновациялык техналогиялар” аттуу китебине рецензист болду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун кыргыз тили жана адабияты багытындагы адистиктин бүтүрүүчүсү Б.Акматалиеванын “А.Саспаевдин чыгармаларындагы Ата-Мекен темасынын чагылышы” атуу дипломдук ишине оппонент болуп, пикирин жазды. ”Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эволюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)” аттуу макаласы К.Карасаев атындагы БГУнун Жарчысында чыгуу алдында турат. 2015-жылдын 20-октябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУда “Мамлекеттик тил” борборунун ачылышына карата “Мамлекеттик тилдин маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга эки студентке доклад даярдатып, катышып келдим. Студенттер сертификаттарга ээ болушту. “Кыргыз жолу” руханий коому жана “Манас” телекомпаниясы уюштурган (4-ноябрь 2015-жыл) “Маданий-этно байлыктарды жандандыруу жана ааламдаштыруу” туруктуу кереге кеңешине катышып, андагы мамлекеттик тилге байланышкан маселенин негизинде пикиримди айтып чыктым. 2016-2017-жылында. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетине МАКтын мүчөсү болуп келди. Аталган окуу жайдын кай бир студенттеринин дипломдук иштерине оппонент болуп пикир жазды ”Замана темасынын кыргыз поэзиясындагы эволюциясы жөнүндө (К.Артыкбаевдин “Кар заман“ дастанынын мисалында)” аттуу эки макаласы К.Карасаев атындагы БГУнун Жарчысына 2016. - (№2 (32). - 119-123-б.б) жарыяланды. “Кыргыз адабиятын окутуудагы иновациялык ык-усулдар” (авторлош, З.Кудайбергенова) аттуу окуу куралын жарыкка чыгарды. “Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы” (Карасаев ат. БГУнун Жарчысы. – 2011. - №2 (19). 355-357-б.б.) аттуу 1-макала жарык көрүп, 2-макаласы жана “Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...” аттуу макалалары басмада. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетине 2016-2017-окуу жылындагы МАКтын төрайымы болуп келди. Аталган окуу жайдын кай бир студенттеринен дипломдук иштерине оппонент болуп пикир жазды. 2017-2018-окуу жылында кыргыз мектепти бүтүп келген студенттер үчүн силлабус кафедранын башчысы З.Долуева, ага окутуучулар Б.Секимова, Н. Мамырбаевалар менен биргеликте кайрадан түзүшүп, окуу-методикалык комплексин апробацияга даярдоону жыйынтыкташты. “Алыкул-биздин жүрөктө” аттуу окуу-методикалык куралын профессор Т.Машырапов менен бирдикте түзүп чыгарышкан. Сентябрь айында “Кыргыз радиосуна” фразеологизмдерди чечмелеп сүйлөп берди. “Студенттердин оозеки кебин өстүрүүдөгү инновациялык ык-усулдар” деген темада илимий-методикалык доклад даярдадым. Студенттерге илимий докладдарды дярдоого, реферат жазууга, дил баяндарды жаздырууга тапшырмаларды берип даярдатты. Конференцияларга, өз ара сабактарга катышты. Шаардык мектептер арасындагы олимпиаданын мүчөсү катары катышып келди. Программа боюнча сабак өтүлгөн курстарга карата ар бир семестрде кыргыз мектеп тайпаларында окуган студенттер үчүн экзамендик-тесттик суроо даярдады. ИИБнын иш-планын түзүп, отчеттор өз убагында тапшырылды. Ошону менен катар программага жаңыдан киргизилип жаткан кыргыз адабияты сабагынын болжолдуу окуу программасын түзүп чыкты. Кафедрада өтүлүүчү ар бир коомдук иш-чарага активдүү катышып, колдоо көрсөтүп келдим. 23 –сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили-кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу” аттуу салтанаттуу кеченин жана 21-февраль Эне тилдердин эл аралык күнүнө карата концерттик программа даярдап, сценарийин жазып, жогорку деңээлде өткөрдүк. Ошону менен катар ФЭФ менен бирдикте улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карат уюштурулган “Ааламды багындырган Ч.Айтматов” аттуу иш-чарага активдүү катышып, сценарий жазып, андан тышкары, “Кайып колукту” аттуу уламыштан үзүндүнү 1-курстун студенттери Аскарбеков Нуртилек жана Жангарачева Аселге даярдатып, сахналаштырып алып чыктым. КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна жана Ж.Баласагын атындагы КУУга караштуу Д 10.16.525 диссертациялык кеңештин 10.01.01-кыргыз адабияты адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн Жусуева Сютанын “Кыргыз адабиятында очерк жанрынын калыптанышы жана өнүгүшү” аттуу диссертациялык темасына эксперттик коммиссиясынын мүчөсү катары корутунду жазды. “Алыкул-биздин жүрөктө” аттуу окуу-методикалык куралын профессор Т.Машырапов менен бирдикте түзүп чыгарышкан. “Байыркы жана орто кылымдагы адабий мурастар үчүн талаш-тартыштын сынчы К.Артыкбаевдин эмгектеринен орун алышы” (Карасаев ат. БГУнун Жарчысы. – 2016. - №2 (19). 355-357-б.б.) аттуу 1-макала жарык көрүп, ушул эле аталыштагы 2-макаласы К.Тыныстанов атындагы ЫМУ жана К.Карасаев атындагы БГУнун “Кыргыз тили жана адабияты” аттуу илимий-практикалык басылмасында (-2017. -104-108-бб) жарыкка чыкты жана “Мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу жана өнүктүрүү окумуштуу К.Артыкбаевдин көз карашы менен...” аттуу макалала жана “Сырдык сөздөр (грамматикалык материал). Сүймөнкул Чокморов (лексикалык материал)” аттуу сабактын иштелмеси басмадан чыкты (№2. (44) 2018. -97-100-бб). Сентябрь айында “Кыргыз радиосуна” фразеологизмдерди чечмелеп сүйлөп бердим. Ошону менен бирге “К.Артыкбаев адабий-сынчы” окуу куралын чыгаруу алдында иштеп жатам. 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы өткөргөн “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билими берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү” аталышытагы окуу-методикалык семинарга, “Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги –ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр” кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча ЖОЖдор аралык окуу-методикалык семинарга катышып, сертификат алдым. 12-мартта “Ж.Абдрахманов-улут лидери” аттуу Эл аралык илимий конференцияга катышып, кайрылууну окуп чыкты. Ошону менен бирге 8-июнунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасынын адабият бөлүмү боюнча республикалык деңгээлдеги мамлекеттик тил кафедраларынын башчылары чакырылган семинарга катышып, кереге-кеңешке катышып, сөз сүйлөп, талкууга катышты. Кафедранын мүчөсү, ага окутуучу Ж. Акматова студенттердин өз алдынча иштерин планда белгиленген убакта алып турду. 2-семестрде улантуучу топтору үчүн тесттин вариантын түздү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган төмөнкү семинарларга: 1) “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү” аталышындагы окуу-методикалык семинарга катыштым, сертификат алды (11.01.2018, көчүрмөсү тиркелет). “Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр” аттуу кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча жогорку окуу жайлар аралык окуу-методикалык семинарга катышып, сертификатка ээ болду ( 24.05.2018). Кафедранын мүчөсү, окутуучу Б.Ж. Борбучалова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган төмөнкү семинарларга: 1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан уюштурулган 38сааттык “Педагогдун кесиптик компеттентүүлүгү” аттуу тренингди ийгиликтүү өткөндүгү үчүн сертификат алды (июнь 2017-ж). 2017-жылдын 23-24-октябрда М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Санкт-Петербург шаарындагы А.С. Пушкин атындагы ЛГУ менен бирдикте “Чет тилдерди окутуудагы когнитивдик лингвистика жана методика” аттуу Эл аралык квалификацияны жогорулатуу үчүн даярдалган семинарга катышып, сертификатка ээ болду. Москва Мамлекеттик Лингвистикалык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университети жана Кызматташуунун Шанхай уюму тарабынан болгон ХIII Эл аралык форуму “ ХХI кылымдагы КМШ жана КШУ тилдердин жана маданияттын диалогу” аттуу квалификацияны жогорулатуу семинарына катышып, сертификат алды. (7-10-ноябрь, 2017-ж.) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Орус жана славян факультети “ОКПРЯЛ” Кыргызстандагы ассосациясы менен бирдикте 27-29-ноябрда өткөрүлгөн “Лингвоконцептологиянын жана лигвомаданияттын проблемалары” аттуу квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарына катышып сертификат алды. (27-29-ноябрь 2017-ж). “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү” аталышындагы окуу-методикалык семинарга катышты, сертификат алды (11.01.2018). Кафедранын мүчөсү, окутуучу Н.Д. Осмонова 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин БГУда өткөн “ХХI кылымда ШКУда жана КМШдагы маданият жана тилдердин диалогу” аттуу Эл аралык ХIII форумуга катышып жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы өткөргөн “Ааламдашуу процессиндеги адистикке байланыштуу билими берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү” аталышытагы окуу-методикалык семинарга, “Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр” кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү боюнча ЖОЖдор аралык окуу-методикалык семинарга катышып, сертификат алды. “Эл аралык эне тил күнүнө “карата өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча олимпиадага Б. Мадымарова менен биргеликте олимпиадага мыкты даярдык менен студенттерди жетектеп баргандыгы үчүн мактоо баракчасы менен сыйланды. 22-май 2018-жылы БГУда “Жамааттык келишим социалдык кызматташуунун кепилдиги” аттуу семинарга катышып, сертификат алды. Кафедра башчысы З.Д.Долуева ИИИ боюнча жооптуу Г.К.Устабаева |