Кыргыз адабияты кафедрасы


Кыргыз адабияты кафедрасы - стандарттарга толук жооп бере ала турган «Кыргыз тили жана адабияты” боюнча адистерди даярдоодо жетектөөчү кафедралардын бири болуп, 1992-жылы Кыргыз филологиясы факультетинин базасында уюшулган.

Кафедранын пайдубалын түптөп, аны 1994-жылга дейре көрүнүктүү окумуштуу-адабиятчы, ф.и.к., проф. Л.Үкүбаева жетектеген. 1994-2001-жылдары ф.и.к., доц. С.Искендерова,  1998-2001- жылдары  ф.и.к., М. Жумаев, 2001-2002-окуу жылында  ф.и.к., доц. А.Дюшембиева, 2003-2007-окуу жылында ф.и.к., проф. С.Карымшаков кафедра  башчылары болушкан. 2007-2012-окуу жылдары кафедраны ф.и.к., профессордун милдетин аткаруучу  К. Жумалиев жетектеп келди. 2012-жылдын сентябрь айынан баштап аталган кафедраны п.и.д., проф.м.а. Б.М.Акматов жетектөөдө.
Кафедранын окутуучу-профессорлор  курамы мезгил-мезгили менен  айрым бир  өзгөрүүлөргө, толуктоолорго  дуушарланып, натыйжада  бүгүнкү күндө кафедрада потенциалдуу  окумуштуу-адабиятчылар: п.и.д., проф.м.а. Б.М.Акматов,  п.и.к., доцент К.Кенжешев, ф.и.д., проф.м.а. Д.Асакеева, ф.и.к., проф.м.а. К.Ибраимов, ф.и.к., доц.м.а. Т.Абдыракунов, ф.и.к., доц.м.а. Р.М.Умарова, доц.м.а. Э.Кылычев, ф.и.к., улук окутуучу Б.А.Чыйбылова, улук окутуучулар Н.Э.Жороева, Г.Ж.Уркунчиева, Ж.Мусаева, окутуучу Э.М.Жумакановалар эмгектенип жатышат. 

Кафедра мүчөлөрү «Кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери» деген темада  илимий изилдөө иштерин жүргүзүшүп,  кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча бөлүмдөрдү жазышууда.   Алардын  жарыкка чыккан илимий  макалалары,  окуу куралдары, монографиялары  окуу процессинде кеңири колдонулууда  жана кафедра  мүчөлөрү  жетектеген студенттер илимий  конференцияларда баяндамалар жасашып, окуу-илимий  иштери  менен илимий-изилдөө  иштерин системалуу жүргүзүп  келишүүдө.
Кафедрада  азыркы  учурда 6 аспирант, изденүүчүлөр ар кандай темада изилдөө иштерин жүргүзүп, аткарган жумуштарын кафедра мүчөлөрүнүн талкуусуна коюп, жыл  аягында аттестациядан  өтүп  турушат. 

Кафедрада  студенттердин «Шоокум» адабий   ийрими  иштеп,  көрүнүктүү   акын-жазуучулар,   илимпоз-сынчылар, котормочулар  менен  жолугушуу  кечелери  пландуу  түрдө  өткөрүлүп  турат. 
Ал  эми  ийримдин  катышуучуларынын чыгармалары  басма  сөз   беттеринде  жарык  көрүп  келет.
Мезгил  талабына  ылайык  факультеттин  стратегиялык  планында   көрсөтүлгөндөй,  кафедранын  материалдык-техникалык базасын  чыңдоо  менен  окутуучулардын   илимий-теориялык,  илимий-педагогикалык  потенциалынын  деңгээлин   көтөрүүгө,    педагогдук  тажрыйбаларын  арттырууга  жетишүү  кыргыз адабияты  кафедасынын  күн  тартибиндеги  актуалдуу  маселелеринен.