Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасы


 
Не удалось найти URL спецификации гаджета
Кыргыз тил илими  кафедрасы  1992-жылы уюшулган. 1992-1993-жылдары кафедра башчысы болуп ф.и.к., доц.  Кадыралы Конкобаев, 1993-2001-жылдары ф.и.к., доц. Ж.Жумалиев, 2001-2009-жылдары ф.и.д., С.Өмүралиева, 2009-жылдан 2017-жылга чейин проф. Т.Т. Токоев жетекчилик кылып келген. Азыркы учурда ф.и.д., доц. Б.Ж. Усмамбетов кафедра башчылыкты жетектеп келүүдө. 

Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
  • Кыргыз тилине тиешелүү тармактар боюнча студенттерге теориялык жана практикалык терең билим берүү;
  • Студенттерге тил илими боюнча илимий – изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, реферат, курстук, дипломдук иштерди, илимий макалаларды, докладдарды жазууга жетекчилик кылуу;
  • Кафедрада уюшулган магистратуранын окуу планына ылайык окуу жана илимий-методикалык иштерди уюштуруу;
  • Илимий-изилдөө иштерин окуу менен айкалыштыруу максатында аспиранттарды жетектеп, илимий деңгээлин өнүктүрүү. Ал максатка жетүү үчүн илимий-теориялык конференцияларды уюштуруу, басылмаларды даярдап чыгаруу; 
Орто мектептерде , жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана түрк тили боюнча сабак өтүүнүн методикасын үйрөтүү;
Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы боюнча окуу планында каралган тандоо курс, адистик семинарлардын лекцияларын окуу, практикалык сабактарын өтүү.

Кафедрада алган билимин практикалык жактан тереңдетүү максатында студенттер орто мектептерде, Түрк билим берүү борборлорунда, котормо агенттиктеринде практикадан өтүү.
Кафедра окутуучулары теориялык иштери менен бирге азыркы кыргыз тили курсу, диалектологиясы, тарыхы, маданият аралык коммуникациянын тили, кыргыз тилин окутуунун методикасы, стилистикасы , тексттин лингвистикасы, түрк тилинин тарыхы, жазуусу, салыштырма грамматикасы, түрк тили боюнча теориялык, практикалык курстар боюнча окутуу жана жумушчу программаларды, иштелмелерди түзүшөт жана окуу китептерин жазышат. Кафедрада окутуучулар тарабынан  түркология жана кыргыз тил илиминин түрдүү проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүп,  эл аралык жана республикалык денгеээлде илимий теориялык, практикалык  конференцияларды өткөрүшөт. Ошондой эле өтүлүп жаткан, илимий конференцияларга байма-бай катышып, илимий макалалары жарык көрүп турат. Профессор-окутуучулар тарабынан түркологиядагы, кыргыз тил илиминдеги актуалдуу маселелерди камтыган бир нече окуу китептери, окуу куралдары жазылды. 

Дареги: Бишкек шаары, К.Карасаев атындагы БГУ, 4-кабат, 408-В кабинет;  телефон : 0312219219