Жанылыктар

Не удалось найти URL спецификации гаджета


Фил.ил.канд.,доц. А.Т.Карымшакованын Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетиндеги лекциясы
Не удалось найти URL спецификации гаджета
    
    Мамлекеттик тилибиздин 30 жылдык маарекеси кызуу майрамдалып жатканда, мага да Бишкектеги ЖОЖдун окутуучусу катары Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке барып, окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ушул жагдайдан пайдаланып бул жылдын 24-сентябрында аталган университетке барып, алгач илимий иштер боюнча проректор пед. илим. кандидаты, профессор Омошев Төлөгөн Теңирович менен жолугуп, аны менен кызуу баарлашып, аларга келген себебимди билдирдим. Ал инсан өз кабинетинде Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын кафедра башчысы фил.илим.кандидаты, доцент Аида Мамажунусовна Турдубаева менен тааныштырган соң, студенттер топтолгон чоң залга чогуу барууну сунуш этти. Ал залга киргенде тил багытында окушкан (кыргыз, орус, англис тилдери, котормочуларды даярдаган адистиктердеги) 80-100 чакты 1-2-3-курстун студенттери 10 чакты мугалимдер менен бирдикте жылуу маанайда тосуп алышты. Маареке өтүп жаткан мезгилде баргандыгыма байланыштуу мен “Кыргыз тилинин кечээкиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси” деген темада билдирүү жасадым. Билдирүүнү студенттер, ошондой эле жаш окутуучулар кызыгуу менен угушту. Бир пар убакыт аралыгында алгач билдирүүнү тыңдашып, андан соң суроо-жооп иретинде ишибизди алып барууга үлгүрдүк. Студенттер да, жаш окутуучулар да өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алганга жетишишти. Бул университеттеги жолугушуу жогорку деңгээлде өткөнүнө да абдан ыраазы болуп кайттым. Студенттер эле эмес, жаш окутуучулар да мындай жолугушууга муктаж экендигин жайнаган көздөрүнөн көрүп турдум. Ошентип, бул иш-чаранын баштан аягына чейин катышып, жылуу узатып койгон университеттин илимий иштер боюнча проректору профессор Омошев Төлөгөн Теңировичке жана окутуучуларга ыраазычылыгымды билдирип кайттым.


Фил.ил.канд.,доц. А.Т.Карымшакова.
24-сентябрь 2019-жыл.


Comments