Асакеева Динара Жолдошевна

Туулган жылы:             19.07.1965
Туулган жери:              Ысык-Көл областы, Түп району, Түп  айылы
Социалдык абалы:        Кызматкер
Иштеген жеринин адреси:    
Ж.Баласагын атындагы КУУ Журналистика факультети, 
Мезгилдүү басма сөз кафедрасы.
И. Арабаев атындагы КМУ МТМИ Кыргыз адабияты  кафедрасы, 
К. Карасаев атындагы БГУ, Кыргыз филологиясы факультети.  
Азыркы учурда Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы.    
Билими:                                   
1) 1973-1983-жылдар орто мектепте,
2) 1983-1988-жылдар Кыргыз Мамлекеттик университети, кыргыз филология факультети, дипломдун номери №454.
3) Университетти аяктаган соң КРнын  Улуттук илимдер Академиясынын аспирантурасы.
4) КРнын Улуттук илимдер Академиясынын докторантурасы.
Диссертациялык иштин темасы: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында сюжет куруу  проблемасы» деген темадагы  кандидаттык диссертация корголгон. Дипломдун номери №000464.
«Кѳркѳм адабий процесс жана советтик идеология» деген докторлук диссертация 2015-жылы 4-декабрда корголгон. Дипломдун номери №001457.
Доценттин аттестаты КРнын УАКнын 2009-жыл 26-июнунда бекиген. Дипломдун номери ДЦ № 001393.
Тилди билүү:              
Кыргызча, орусча.
Кызыгуусу:
Спортко  жана гүл өстүрүүгө кызыгат.
Берген сабактары:
1. Адабият теориясы 
2.Журналистиканын чыг-к ишмердүүлүгүнүн негиздери 
3. Массалык маалымат каражаттары рыноктук шартта.         
4. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы.
5. Адабият таанууга киришүү ж.б.
Эмгектери:
90 дон ашык илимий макалалары жарык көргөн, окуу китептерине бир канча портреттерди түзгөн.
«Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында сюжет куруу проблемасы» деген монография, «Адабият теориясы» деген окуу китеп, «Адабият теориясынын актуалдуу маселелери», «Адабият таанууга киришүү» деген окуу-методикалык колдонмолору, «Кыргыз адабиятынын маселелери (К.Тыныстановдон Ч.Айтматовго чейин)», «Советтик идеология жана ХХ кылымдагы улуттук адабий-кѳркѳм процесс» деген монографиялары жарык көргөн.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Диплому (2006-ж.), К. Карасаев атындагы БГУнун Ардак грамотасы (2009, 2019), И. Арабаев атындагы КМУнун Ардак грамотасы (2011), КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (2007), КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2009), КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси (2013). КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» тѳш белгиси (2013).