Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Билими: ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн Кесиптик ишмердүүлүгү: - 1998-1999-жж. ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасында окутуучу; - 2002-2008-жж. ОшМУнун Кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу; - 2009-2011-жж. К.Карасаев атындагы БГУнун колледжинин улук окутуучусу; - 2013-2016-жж. К. Карасаев атындагы БГУнун Кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу, доц.м.а. - 2017-жылдан тартып К. Карасаев атындагы БГУнун Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы. 2015-ж. филология илимдеринин кандидаты. Темасы: «Чакчыл конструкциялардын кеңейиши жана структуралык көлөмү» Эмгектери: 13 илимий макала, 1 монография «Кыргыз тилиндеги чакчыл конструкциялар»), 1 окуу-методикалык колдонмо (Азыркы кыргыз тили. Синтаксис. Б., 2018, авторлош). Сыйлыктары: КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак» грамотасы. |