21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата даярдалган адабий кеченин

Отправлено 13 мар. 2018 г., 3:55 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 13 мар. 2018 г., 3:56 ]

Кече 2018-жылдын 21-февралында К.Карасаев атындагы БГУнун Кинозалында саат 10:00до өткөрүлдү. Жогоруда аталган адабий – кечени ачып берүү үчүн БГУнун Илим жана мамлекеттик тил , эл аралык мамилелер боюнча проректору Мурзахмедова Гүлнара Мурзалиевна жана Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич ачып берип жатып, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалыны токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, балоого чакырып кетти.

Иш-чара келечек муунду эне тили үчүн жан берүүгө үндөгөн, патриоттук сезимдерин козгоп, ойгото турган мыкты деңгээлде уюштурулган, мыкты адабий-кече десек жаңлышпайбыз.

Кечени Мамлекеттик тил кафедрасынын д.м.а., ф.и.к. Г.К. Устабаева жана ушул эле кафедранын окутуучулары : Ж.Акматова, Б.Борбучалова даярдашып, Журналистика жана маалыматтар системасы жана Европа цивилизациясы факультетинин студенттери катышышты.

Эл аралык Эне тил күнүнө карата даярдалган адабий кеченин программасы

Иштин жүрүшү

сааты

Эскертүү

1.


Ачылышы.

Кыргыз бийи “Кара жорго”

10:00-10:05


2.


БГУнун Илим жана мамлекеттик тил , эл аралык мамилелер боюнча проректору Мурзахмедова Гүлнара Мурзалиевна

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич  

Адабий-кече

10:05-10:15


10:15-10:20

10:20-10:55




3

Кеченин жабылышы

10:55-11:00




( Ачылышына бий бийленет. “Кара жорго”)

     Алып баруучу: Кымбаттуу агай-эжейлер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү студенттер. Бүгүнкү Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө арналып даярдалган салтанаттуу кечебизге куш келипсиздер.

Тил жоголбойт, Жоголсо жоголот дил. Уулуң да, кызың да жоголот бил.

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү катары 1999-жылы Юнеско тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40 тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Баарыңарды тил коргоого чакырам, Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам. Эгерде эртең Эне - тилим жоголсо, Уу ичемин, муунам же атынам.

Эки сөздүн башын кошсо адабият, эки сөздү угуп турса маданият деген экен. Эне тилибиз жок биздин адабиятыбыз жок, адабиятыбыз жок анда биздин маданиятыбыз жок. Андыктан ар бирибиз эне тилибизди көөдөнүбүзгө кыттай уютуп, аны муундан-муунга өткөрүп берели.

Демек, эне тилибиз жөнүндө келген кадырлуу конокторобуз эки ооз сөз айтып кетпесе болбос. Анда бүгүнкү салтанаттуу кечебизди ачып берүү үчүн сөз кезегин берсек:

1. БГУнун Илим жана Мамлекеттик тил , эл аралык мамилелер боюнча проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Мурзахмедова Гүлнара Мурзалиевна

2. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидиты, доцент Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич

Музыка кетет. Жай басык менен Жер Эненин образын жаратат.

1-студент. (Жер Эне): Мен-Ыйык Жермин. Жүздөгөн кылымдарды карытып келем. Көкүрөгүмдө топурактан жаралган адам баласы бар. Алар ар түрдүү. Ошондой эле ар башка өңдө, ар башка жерди байырлашып, ар башка тилде сүйлөп келет.

Бирок, ошолордун арасынан көөдөнүмдө, көкүрөк тушумда, жүрөгүмдүн алдында тээ байыртадан бери кылым карытып жашап келе жаткан, жүзүндө нур уялап, көөдөнүнөн намыс төгүлүп, тилинен бал тамызып, ажалга тик караган, катылгандын катыгын берген, шамалдай эрк менен жашап, ааламдын бейиштей жеринен орун алган Кыргыз деген кичинекей эл, алакандай жер бар.

2-студент: Ооба, Ыйык Жер Эне, кыргыздай бактылуу, кыргыздай чыдамкай, кыргыздай меймандос, кыргыздай кеменгер, акылдуу эл болбос. Бейиштей асыл, кенен, кооз, таза, мөлтүр суулары, адамды аруулантып тазаркан аппак кары, бир аз үшүткөн кышы, жан дүйнөсүнө жылуулук берип, келечектеги жакшы үмүттөргө кадам таштаткан жагымжуу жазы, чаңкаганда жата калып иче калчу булагы бар, сабаасынан кымызы үзүлбөгөн жайы, ак төөнүн карды жарылып, токчулукту чакырган күзү бар жерди кыргызга өзүңуз тартуулаганыз.

1-студент. (Жер Эне): Сөзүңдүн калети жок! Өзүнөрдүн дал ушундай асыл сапаттарынарга ишенип, дос-тууган болсун деп, башка улуттардын өкүлдөрүнө да кең көкүрөгүнөрдү ачканыңар ырас. Бабаңар Манас аркылуу айкөөлдүк каныңарга сиңип, “Курама жыйып журт кылып, кулаалы таптап куш кылган” акылман элсиңер. (Ушул маалда ар түрдүү улуттук кийимди кийген студенттер жашыл шарларды же дасторкон көтөрүшүп сахнага кирип, Жер Энени тегеректей орун алышат.)

2-студент: Тилибиз бир, дилибиз бир деп, бир элдей бир жерде жашап, бир абадан дем алып, бир аккан арыктан суу ичип, аткан таңды кошо көрүп, баткан күн менен кошо жатып келебиз. Бирок, булардын да көкүрөгүнө энесинен бүткөн, көдөөнүнө кыттай болуп уюган, эне тилдери бар. Алар да кыргыздар сыяктуу эне тилинде бешик ырларын угушут, “апа” деген асыл сөздөрдү айтышып, эң биринчи ааламга болгон кадамдарын энесинин тилинде ташташкан. (Акырын басып келишип, 1-студенттин ийиндерине колдорун коюшат да

(Хор “Эмгек маршы”)

3-студент (Башка улуттун өкүл болуусу кажет): Ошондуктан ар жыл сайын ушул мен төрөлгөн ыйык жеримде, “Бүткүл дүйнөлүк Эне тилдин эл аралак” майрамы өтүп келет. Жашаган жериме кубанам. Тынч, таза, эли меймандос, калыс, журт-журтка бөлүнбөгөн, ынтымакка бөлөнгөн, дилине ааламды да батырган Кыргызстан деген мамлекетте жашап келгениме бактылуумун.

KAIYRGUL

Hepsi başka güzeldir

Ayrilmaz ili

Şiir gibi okunur zengin tiir gibi

Kari Keman yizi ayolan sevgili

Benzetmeleri tatli hoştur türk dili

Ģőzini geri geri türkçe konuş

Iyilik güzellike kendinle bariş

Doğru yolda ilerile dünyala yarış

Dilibiz varmı hoştur türk tili

 

Серхат

ISTIKAL MARŞI

Korkma, sőnmez bu şafaklarda yüzen al sancak

Sőnmeden yurdumun üstünde tüten en son ocak

O benim milletimin yildizidir, parlayacak

O benimdir, o benim milletimindir ancak.

 

Ģatma, kurban olayim, çehreni ey nazlı hilal!

Kahraman ırkıma bir gül! Ne bu şiddet, bu celal?

Sana olmaz dőkülen kanlarımız sonra helal

Hakkıdır, Hakka tapan, milletimin istiklal.

 

4-студет. (Башка улуттун өкүл болуусу кажет): Айланайын Ыйык Жер Эне, эне тилибиздин жашап жатканына биз, баарыбыз, бактылуубуз! Дүйнөдө 7000 миңден ашык тилдер бар. Бирок бир нече муун өткөндөн кийин бул тилдердин 2,5 миңи жоголуп бара жаткан тилдердин катарында. 199 тилде болгону ондогон гана адамдар сүйлөшөт. Ал эми, ааламдашкан заманда миндеген тилдердин ичинен жүзү гана билим берүүнүн, илим менен техниканын тили болуп кала алат.

Акыркы жылдары 200 тил таптакыр жок болуп кеткен. Ошондуктан жок болуп бара жаткан тилдерге кайдыгер карабай, алардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөнүбүз туура го деп деп эсептейм. Анткени, эне тил ошол элдин жаны, жүзү, берекеси...

Ширин

Loreley Heinrich Heine

 Ich weise nicht, was sol les bedeuten,

    Dass ich so traurig bin,

    Ein Maerchen aus uralten   Zeiten,

    Das kommt mir nicht aus dtm Sinn.

    Die Luft ist kuehl und es dunkelt,

    Und ruhig fliesst der Rhein,

    Der Gipfel des Berges fubkelt,

    Im Abendsonnenschein.   

 

1-студент. (Жер Эне): Албетте, мындай ааламат бардык тилдердин башына келиши мүмкүн. Силер билсеңер керек, тилдер негизинен үч топ менен жоголуу коркунучуна эгедер. Маселен, биринчиси жок болгон же өлгөн тилдер деп аталат. Анткени бул тилде сүйлөп, ишенимдүү алып жүрүүчүлөрү жок. Экинчиси жок болуп бара жаткан же өлүп бараткан тилдер. Сүйлөгөндөр бар, бирок келечектеги балдарына үйрөтүлбөй калган тилдер, булар бир-эки муун өткөндөн кийин жок болуп кетет. Керек болсо, ата-энеси да билбеген учур болот. Ал эми, үчүнчүсү, колдонулган же жашап жаткан тилдер. Балдары сүйлөп, ошол тилде окуп, жазганды билгендер. Демек, келечек жаштардыкы деген ошол. Силер унутпашыңар керек эне сүтү менен оозанган тилиңерди! Тилди жоготуу да, өстүрүү да, өлтүрү да силердин колуңарда экенин.

Ошондуктан эне тил менен чогуу башка тилдерди үйрөнүү алардын жошоосун уланта турган бирден бир чоң касиет.

Александр

 

Сергей Есенин-стихи  

 

Гой ты, Русь, моя родная,

Хаты-в ризах образа…

Не видать конца и края,

Только синь сосет глаза.

Как захожий богомолец,

Я смотрю твои поля.

А у низеньких околиц,

Звонно чахнуть тополя.

 

5-студент: (Башка улуттун өкүл болуусу кажет): Чынында, жашоодо бир эле тилди билүү бул-адамдын аң-сезиминин өсүшүн жардылатып, дүйнө таанымын тар кылат. Жүз тил билгениң бул сенин жүз адамдын ою менен ойлонуп, жүз адамдын сырын чечкен менен барабар. Демек, жүз адамдын ою менен сырын билүү ал жүз мамлекет менен алака түзүү дегендике жатат.

Ал эми, ошол жүз элдин тил маданиятын терең үйрөнүүдө абадан чон тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Бирок, үйрөнүп алгандан кийин аң-сезимиң өсүп дүйнөнү таанууга, ошол эл жөнүндө билүүгө, маданияты менен жакындан таанышууга, жазылган чыгармалары менен ырдалган ырларына, бийлеген бийлерине чейин түшүнүп, ошол аймакта өзүңдү дайым эркин алып жүрүүгө жол ачылыт...

(Англис тилинде ободуу ыр ырдалат)

6-студент: Мен бир нерсеге баш оорутуп келем. Эмне себептен биздин заманда: массалык маалымат каражаттары өнүгүп жатканда, жер жүзүндөгү элдер көп тилдерди үйрөнүп бири-бири менен байланышта болушса, ааламдашуу башталып, спутникалык байланыштар өсүп жатканда тилдердин жок болуп кетүү коркунучу бирден бир маселе болуп келет.

Демек, эне тилдерине коркунуч жараткандар деп, өз энесинин тилинде сүйлөгүсү келбеген, ата-бабасынын калтырган мурастарын аздектей албаган адамдардын тобу деп билем. Алар, биринчиден өз эне тилдеринде сүйлөгөндөн уялгандар, өз баласына өз элине тийешелүү ысымды койгондон ардангандар жана өз эне тилинде китеп окуугандан калгандар десем жаңылышпайм.

(Казак тилинде бир ыр кетет)

Эрдик эрлик бирлик кайрат баг ардың,

            Жауз тагдыр жайды бердиң не бардың.

            Алтын күнин багасыз бир белги боп,

            Нурлы жылдыз бабан тили сен калдың.

           Жарык көрмей жатсаңда узак тең тилим,

           Таза , тунук, өткүр, күштү кең тилим.

  Тарап кеткен бабаларыңды бауруңа,

           Ак колуң мен тарта аларсың сен тилим.

 

1-студент. (Жер Эне): Ошондуктан, бардыгыңар өз эне тилиңерди аздектеп сактоого аракеттенишиңер зарыл. Эне тил - Кудай тарабынан жасалып берилген ыйык белек. Аны сактоо менен бүтүндөй дүйнө жүзүн сактоо дегенге барабар. Ар бир эне тил-кайталангыс мурас. Ар башка тилде ырдалган ырларда, чертилген күүлөрдө, жазылган чыгармаларда, бийленген бийлерде, уучу үзүлбөгөн үрп-адаттарда, байыртадан бери сакталып келе жаткан када-салттарда өзүнө тийешелүү асылдыктар жатат. Маселен, силер бүгүнкү күнгө чейин өз улутуңарга таандык асыл сөздөр менен тарбияланып келесиңер.

(Кыргыз тилинде бир обондуу ыр)

2-студент: Ооба, Ыйык Жер Эне, Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүн белгилеп жатып, биз жер жүзүндөгү бардык элдердин тил маданиятына жоопкерчилик менен мамиле жасап, адамдардын өсүп-өнүгүшүнө таасир бердик го деп ойлойбуз. Ошону менен бирге жер жүзүндөгү бардык тилдер өзүнүн өсүп-өнүккөн жолуна карабастан башка тилдерге да бирдей, ыйык жандуу мурас катары сактоого чоң күч жумшоо зарыл экендигин эскертет.

Каткен менен Ата –Мекенимде күн кечирип жашап жаткан ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилиндей мамиле кылып сүйгөн кыргыз тили кылым карытып келет. Алар үчүн кыргыз тилин билүү дагы бир дос күтүүгө, дагы бир мамлекеттин тарыхын билүүгө, адабияты, маданияты менен жакындан таанышууга, акылдарына акыл, ойлоруна ой кошууда чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди деген жаңылышпаган оюм бар. Анткени, биз, баарыбыз, азыр ошол мамлекеттин абасы менен дем алып, жашап жатабыз...

(Ыр кетет кыргызча)

Аягы