Студенттик кеңеш

Не удалось найти URL спецификации гаджета
К.Карасаев  атындагы Бишкек   гуманитардык  университетинин  кыргыз филологиясы  факультетинин  студенттик  кеңеши
Студенттик  кеңеш – сапаттуу билим алууда студенттердин  өзүн-өзү башкарууда  жоопкерчиликтүү  болууга, студенттер  арасында  илимий,  маданий  жана  коомдук  иштерге  активдүү  катышууга жана  ар  кандай  долбоорлордо өз салымын кошо  турган  факультеттеги  негизги  формалардын бири.

Факультеттеги  студенттик  кеңештин  негизги  максаттары  жана  милдеттери:
  • Университеттин  миссиясын  аткаруу; 
  • Университеттин админстрациясы  тарабынан берилген  тапшырмаларды жана иш  чараларды аткаруу;
  • Университетте жана ЖОЖдор  арасындагы студенттик  иш  чараларга  активдүү катышуу;
  • Факультетте студенттер  арасында илимий, маданий жана коомдук  иштерди  уюштуруу;
  • Студенттердин  илимий,  чыгармачылык потенциялын  өстүрүүгө  көмөк көрсөтүү;
  • Факультеттер  жана ЖОЖдор арасында  эл  аралык байланышты бекемдөө жана  күчөтүү;
  • Жогорудагы  максат  жана милдеттерди ишке ашыруу  үчүн факультеттин  студенттик  кеңеши төмөнкү  функцияларды аткарышат:
  • Факультеттин билим  берүү  жана окуудан  тышкаркы иштери   боюнча студенттердин  көйгөйлөрүн эске алуу  менен сунуштарды  иштеп  чыгуу;
  • Студенттердин  укуктарын  жана  кызыкчылыктарын  козгогон локалдуу  ченемдик актыларды кабыл алууда студенттердин  пикирин  билдирүү;
  • Студенттердин кызыкчылыгына  тиешеси  бар маселерди анализдөө жана  чечимдерди  кабыл алууга жардам  берүү;
  • Факультеттеги тарбиялык  иштерди  уюштуруу  жана  аткаруу;
  • Университетте  студенттер  арасында  активдүү  жарандык маданияттын түзүлүшүнө катышуу;
  • Факультеттеги  окутуучулар  жана  студенттер  ортосунда сый мамиленин   чыңалышын колго алуу;
  • Факультеттеги студенттердин  жеке жана  профессионалдык  сапатын уюштурууга жана  өнүктүрүүгө жардам берүү;
  • Университеттин  илимий  жана иновациалык ишмердүүлүгүнө студенттердин  катышуусун уюштуруу;
  • Студенттерге маданий-массалык иш  чараларды уюштуруу;
  • Факультеттеги   окуудагы  жана  окуудан тышкакы иштерге анын ичинде  студенттик  кеңештин иштерине студенттердин катышуусун  көбөйтүү;
  • Университеттин окуу  корпусунда жана  жатаканада тартипти бекемдөөгө жардам берүү;
  • Студенттер  арасында университеттер, региондор жана эл  аралык байлышты  өнүктүрүү жана университеттеги студенттик  кеңештин филиалдары  менен  байланыш  түзүү.
Студенттик кеңештин  курамы: Төрага,  төраганын орун  басары, каржы бөлүм  башчысы, маданият  бөлүм  башчысы, дене тарбия   бөлүм   башчысы, билим  бөлүм  башчысы, маалымат  бөлүм  башчысы,  ар бир  курстун жана  грууппанын старосталары.