Факультеты > Кыргыз филологиясы факультети >
Жаңылыктар
Ташполот Садыковдун 70 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз жана түрк тилдеринин өзөктүү маселелери» аттуу эл аралык илимий – теориялык конференция
2019-жылдын 25-октябрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде филология илимдеринин доктору, профессор Ташполот Садыковдун 70 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз жана түрк тилдеринин өзөктүү маселелери» аттуу эл аралык илимий – теориялык конференция болуп өттү. Конференцияга Казахстан, Азербайжан, Түркия мамлекеттеринен окумуштуулар келип катышты. Пленардык отурумда жалпы куттуктоолор менен бирге түркологиянын маселелерине арналган баяндамалар жасалды. Конференциянын жүрүшүндө БМУнун ректору, профессор А.И.Мусаев профессор Ташполот Садыковдун тил илиминдеги зор ийгилигин баса белгилеп К.Карасаев атындагы төш белги менен сыйлады. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев Ташполот Садыковду 70 жылдык кутман курагы менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгисин ыйгарды. |
1-3 of 3