Ибрагимова Турсунай Галбаевнанын «Кыргыз тилиндеги эки тутумдуу жалаң сүйлөмдөрдүн семантикалык структурасы» деген темадагы диссертациясынын коргоосу болот

Отправлено 4 дек. 2017 г., 21:57 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 4 дек. 2017 г., 22:01 ]

2017-жылдын 29-декабрында саат 10.00дө Бишкек ш., Чынгыз Айтматов проспектиси, 27 дареги боюнча К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражаны ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д.10.17.548 Диссертациялык кеңештин жыйынында Ибрагимова Турсунай Галбаевнанын «Кыргыз тилиндеги эки тутумдуу жалаң сүйлөмдөрдүн семантикалык структурасы»  деген темада 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясынын коргоосу болот. 
Илимий  жетекчиси:  КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор С.Ж.Мусаев 
                                    
Расмий оппоненттер: филология илимдеринин доктору, доцент Ж.Элчиев
                                  филология илимдеринин кандидаты, доцент Б.Жайлообаев 

Жетектөөчү мекеме: Жетектөөчү мекеме Кыргыз-түрк «Манас» университетинин түркология бѳлүмү. 

Дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 33. 

Диссертациялык иш менен К.Карасаев атындагы БГУнун Илимий китепканасынан таанышууга болот. Дареги: 720040, Ч.Айтматов проспектиси, 27.