К.Карасаев ат. БГУда студенттер үчүн эффективдүү жумушка орношуу маселелери боюнча үйрөтүүчү тренинг өттү

Отправлено 3 мар. 2017 г., 02:49 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 3 мар. 2017 г., 02:49 ]
Не удалось найти URL спецификации гаджета
К.Карасаев ат. БГУда студенттер үчүн эффективдүү жумушка орношуу маселелери боюнча үйрөтүүчү тренинг өттү

2017-жылдын 3-мартында өткөн «Эффективдүү жумушка орношуу» темасындагы бул тренингдин алкагында студенттер жумушка орношуу маселелери боюнча актуалдуу тажрыйбалык билимдерди алышты. Атап айтканда, эффективдүү жумуш издөө жана орношуунун стратегиясы менен таанышышты, резюмени туура түзүүнүн жана маектешүүдөн ийгиликтүү өтүүнүн эрежелерин үйрөнүштү. Тренинг change-менеджмент жана бизнес боюнча көз карандысыз эксперт А.Чонов тарабынан өткөрүлүп, ага 200дөн ашык 3-4 курстун студенттери катыша алышты.
Бул иш-чара БГУ жана КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык жумушка орноштуруу боюнча башкармалыгынын ортосундагы Кызматташтык келишиминин алкагында уюштурулган.