Бишкек шаарында ЖОЖдор аралык “Ден - соолук – 2017”

Отправлено 1 февр. 2017 г., 09:14 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 1 февр. 2017 г., 09:14 ]
Не удалось найти URL спецификации гаджета
Бишкек шаарында ЖОЖдор аралык “Ден - соолук – 2017” спартакиадасы болуп өттү. Мелдешке шаарыбыздын жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан түзүлгөн курама командалар катышты. Бул иш чарага Бишкек гуманитардык университетинин курама командалары катышып, 40 жашка чейинки окутуучулар ортосунда өткөрүлгөн футбол оюну боюнча алтын медал, 40 жаштан жогорку окутуучулар арасында футбол оюну боюнча алтын медал, кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча алтын медал тагынышса, стол үстүндөгү теннис оюну боюнча 3-орунду ээлеп, өздөрүнүн спортто да мыкты экендигин көрсөтүштү.
Жогорудагыдай жыйынтыктар Бишкек гуманитардык университетинде спорт тармагы да ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.