Алып баруучу: Кымбаттуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү студенттер! Бүгүнкү адеп, ыйман жана мадантят, жылында Эне тилдин Эл аралык күнүнө карата даярдалган салтанаттуу кечебизге куш келипсиздер! (КРнын мамлекеттик гимни жаңырат) 1-алып баруучу: Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени, түйүлдүк кезинен бащтап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин үнүн, демин сезип, “Баа” деп бакырып жерге түшөөр замат эне сүтүн оозанат. Эне менен эне тил... Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтундөй дүйнөнүн түркүгү да ушлардыр. 2-алып баруучу: Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар. Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар. Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар. Ошондуктан, Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар? 1-алып баруучу: Кылымдардан жашап келген кылымга, Айтып болгус сырлары бар мунун да. Эне тилим сыймыгымсың, даңктаган, Бардык тилден ыйык көрөм чынында-деп Улуу кыргыз элинде Эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоого жан үрөп келген инсандарыбыз да жок эмес. Ошолордун кай бирлери биздин кадырлуу конокторубуз болуп отурушат. Алар Эне тил жөнүндө эки-ооз сөз айтып кетпесе болбос. Эмесе, конокторубузга сөз кезегин берсек. 2-алып баруучу: Туура айттыңыз. Анда азыр ушул салтанатуу кечени ачып берүү үчүн............................................................................................... ...........................................................................................................................................................................................................................................чакырабыз. 1-алып баруучу:.............................................................................................................................. ..........................................................................................чакырабыз. .Эскертүү!!! Ар бир студенттин колунда бирден кувшин ичинде суусу менен. Ар бир чыгууда сахнадагы данга суу куюп турганга. (Слайд. Анда ааламдашуу. Бир жарык ааламдан учуп келип жарыгын чачып, шамал, жамгыр, бороон-чапкын болот. Планеталар көрүнөт. Андан кийин пил, кит, мамонд ж.б жаныбарлар жерди карай келип, жер шары пайда болот.) Ушулар болуп жатканда нары жактан үн пайда болот. Үн: (Ахунбекова Махабат ЖК-16-1) Жер шары пайда болгонго чейин, ааламда алаамат болуп, учу кыйырына көз жетпеген боштук өкүм сүргөн. Жараткан жер шарын жаратып, андан миңдеген, миллиондогон жылдар бою миң түркүн жан-жаныбарларды жашатып келген. Ошол жараткан жандууларынын арасынан Адам баласына өзгөчө бир кереметти тартуулаган. Ал-эненин сүтү аркылуу пайда болгон - Эне тили. Жер шарынын ар бир бурчунда өз эне тилинде сөздөр сүйлөнүп, өз Эне тилде ырлар ырдалып, өз Эне тилде адамды таң калтырган ачылыштар жасалып келет. Ошентип, Адам эмгеги менен өсүп, өнүгүп бүгүнкү күнгө чейин өзү каалагандай өмүр сүрүп келүүдө... Сахна. Ак көйнөк кийген кыз колуна бир нерсе көтөрүп, акырын басып чыгат. Колундагысын жерге аяр коюп, жерди колу менен казып жаткандай элес калтырат да, баягы данды жерге жашырып, суу куюп аярлай ордунан турат. (Слайд кетет. Жерге көмүлгөн уруктан бүр болуп, ар бир номер чыккан сайын акырындап өсүп. Анан чоң даракка айланып, ар бир бутагында тилдерди жазуу кажет.) 1-студент: (Жолдубаева Айзана ЖК-16-1 ) ЖАН ОРДУНА КЕЛЕТ ТИЛДИ СУРАГЫМ Бабалардан жете келген сыйлыгым. Тамчы суудай бапестелип сакталган, Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым. Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн, Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн. Аалам менен алакалар түзүлүп, Эне тилди энекемдей сүйөмүн. Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт, Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат. Чарчаганда, эргүү берет эс менен, Жыргалдантып, анан демин алдырат. Эне тилди, мен ардактап туу тутуп, Тилим менен келе жатам мен утуп. Жоолашканга сүр беремин дайыма, Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп. Эне тилди энекемдей коргоймун, Энекемдей эртеңкимди ойлоймун. Ыйык туткан эне тилди ардактап, Душмандардай алсыз өзүм болбоймун. Эне тилим – кубат берчүү куралым, Өзүң менен сыймыктанар убагым. Керек болсо берер элем жанымды, Жан ордуна келет тилди сурагым. 2-студент: (Тилек у. Эржигит ЖК-16-1 ) Жер жүзүн ар түрдүү жандуулар мекендеп келет, көзгө көрүнбөгөн бактериялардан тартып, зор күчкө эгедер болгон жан- жаныбарларга чейин. Бирок ошолордон айрымаланып адам баласы гана өзгөчөлөнүп сөздүн улуулугун сактаган. Сөз кадыры, Сөз кудурети өзүнө баалуулукту, өлбөстүктү, кооздукту, бийиктикти, ыйыктыкты, кереметти, байлыкты, асылдыкты сиңирген. Дал ошодой асылдыктар океандай чалкыган кыргыз элинин «Манасында» бар. («Манас»эпосунан үзүндү айтылыт. Айтылып жатканда нары жактан массовка бийлегендей түр көрсөтөт.) 3-студент. (Ахунбекова Махабат ЖК-16-1) Аалам жаңыртып, ыңаалап түшкөн наристе алгач адамдардын арасынан өзүнүн энесинин үнүн угат. Анан барып атасынын чоң энесинин, чоң атасынын үндөрүн эшитип, ошолордүн үндөрү аркылуу дүйнөдө болуп жаткан нерселерди таанып, таалим-тарбия алып, нарк-насилин, салт-санасын үрп-адатын акырындап бүткөн боюна сиңирип алат. Анан барып, акырындап эне тилинде сүйлөп, ошол балапан кезде уккан эң алгачкы «Бешик ырындагы» сөздөр өмүр бою эсинде калат. Кандай болгон күндө да, азыр тизе бүгүп кайрыла турган бир эле асыл зат бар! Оо ыйык Энелер, уул-кызыӊар Ата Мекенинин анык азаматы болсун десеӊер, эне тилин ыйык тутуп, таза сактасын десеӊер, тээ бешикте жаткан кезинде ырдап берген бешик ырыӊарды эр жеткен чагында кайрадан бир ирет ырдап бергилечи! Ал ырдан уул-кызыӊар Ата Мекенин, эне тилин сүйүү кандай ыйык экенин акыл-эси толгон кезинде дагы бир ирет билсин, туйсун, эсине салсын! Эне тилинин кандай ширин, кандай ыйык, кандай көркөм экенинине дагы бир ирет тамшанышсын! Суранам, ошенткилечи! (Бешик ыры- Ахунбекова Махабат ЖК-16-1 кыргызча, Арботоева Акмарал-ЛТ-16-1Б түркчө, Аттокурова Мээрибан-ВВА-16-2К япончо, Коваленко Елена ФК-16-1 орусча) 4-студент. Мукашова Алия--ВВА-16-2К (Бир кыз акырын сахнага бийлеп кирет. Кимдир бирөөнү издегендей түр көрсөтөт.) Эне сүтү менен оозанып, бешик ырына каныгып, элдик оозеки чыгармачылыктан тарта, дүйнөлүк адабияттар менен эне тилинде таанышып чоңойгон ар бир атуул эл керегине жараган эр азаматтардан болуп чоңоёт. (Сахнанын ары жагынан жигит кирет) Жигит: Асылбек КФФ. Анткени, өз элинин адабиятын, маданиятын, тарыхын, нарк-насилин, салт-санасын билген атуул ошол элдин тилине, дилине кандайдыр бир деңгээлде үлүш кошуп, улуу сезимдин аркасы менен кичинекей чакан мамлекетин түптөп, кура алат. (Кыз –жигит Махабат темасыда бири-бирине ыр айтышып, ыр арнашат. Башка тилде, бир студ башка тилде) Булар айтып бүткөндөн кийин дароо япон бийи. 5-студент. ( Муратбекова Бермет-ЛТ-16-1Б) Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей дүйнө тургай, аалам жаңырган учур келет. Аба алмашат, суу нугунан бузулат, жер көчөт, эл көчөт, жер жүзүн мекендеген майда жандыктар тургай, адам өзү жок болгон учур да келет. Бирок, ошондо да эне тилинде айтылып, жазылып калган Сөз өлбөйт, жан эргиткен мукам Ыр өлбөйт. Укумдан тукумга, ай аалмга сызып, өмүрү узун болот. (Корейче ыр ырдалат????) 6-студент. Ар бир улуттун маданий, адабий, илимий, казынасы кур эмес. Бардыгынын ааламга аты тааныган Сөз кадырын баалап, сактаган жазуучусу, акыны, илимпозу, ойчулдары, акындары бар. Бардыгы өз эне тилдери үчүн күйгөн, ал үчүн жанын берүүгө даяр турган инсандарган болушкан. Маселен, улуу жазуучубуз Ч.Айтматов өз эне тили жөнүндө мындай деген учкай кеп салса: (Ч. Айтматов баштаган дүйнөгө таанымал атактуулардын афоризмдеринен айттыруу керек ар башка тилдерде жогорудагы студенттерге. Корей бийи) 7-студент: Дүйнө жүзүндө 3төн 5 миңге чейин ар түрдүү тилдер бар. Алардын кай бирлери өлүп жок болгон тилдерге айланса, кай бирлери дүйнөлүк деңгээлге чейин көрөрүлгөнү да бар. Маселен андай тилдердин катарына орус, англис, немец, испан, француз тилдерин киргизсек жаңылыш пайбыз. (Болотова Айнура ФС-16-1- «Эсимде» англисче ырдалат.) 8-студент. (Нариманов Шерхан ВА-16-1К) Эл аралык Эне тил күнү баарынан мурун жок болуп бара жаткан тилдерди коргоого алуу максатын көздөйт. Бул милдетти баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай колдоого да, коргоого да алышыбыз зарыл. Бул күнү баардык тилдер бирдей каралууга тийиш. Анткени ар бир тил эне сүтү менен тең бүткөндөй өзүнүн ыйыктыгын улуулугун, бийиктигин, өлбөстүгүн сактап калууга эгедер. ( араб тилинде көркөм тексттен үзүндү) (Комуз күү) 9-студент (Тилек у. Эржигит ЖК-16-1 ) Чынында Эне тилде эмнелер гана айтылып, эмнелер гана жазылбайт. Ар бир эне тилдин өзүнчө татаалдыгы, аны менен кошо кызыгы, улуулугу бар. Бүтүндөй ааламды бириктирген тилдер да жок эмес. Ар түрдүү тилдеги улуттарды батырып, бир муштум болуп түйүлгөн мамлекет да жок эмес. Барып келип ушундай Айкөлдүк ошол элдин кең пейилдигине, жети атасынан бери сактап келе жаткан адебине барып такалса керек. (Флеш моп) Алып баруучу: Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата даярдалган салтанаттуу кечебиз аягына чыкты көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат. Көрүшкөнчө, аман болуңуздар Аягы |
Новости БГУ >