К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана Кытай Коомдун илимдер академиясы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Отправлено 11 июн. 2019 г., 02:27 пользователем [email protected]   [ обновлено 11 июн. 2019 г., 22:20 ]
Не удалось найти URL спецификации гаджета
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Циньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын утурлай Кытай Коомдун илимдер академиясынын вице-президенти Ваң  Жиңчиң жетектеген тарыхчы окумуштуу-изилдөөчүлүрдүн делегациясы 2019-жылдын 11-июнунда Бишкек гуманитарндык университетине келип, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жургүзүп кетти. Кытай Коомдун илимдер академиясынын делегациясын БГУнун ректору Мусаев А.И. жылуу тосуп алып, универстеттин билим берүү, илим изилдөө жана эл аралык байланыштар жаатындагы ишмердиги тууралуу кенен айтып берип, өз-ара кызматашууга ыңгайлуу өбөлгөлөрдүн бар экендигин, зарыл шарттардын толук түзүлгөнүн белгилөө менен, университеттин Академия менен кызматашууга кызыкдар экендигин расмий түрдө билдирди.                  

Профессор А. Мусаев аталган Кытай Коомдук академиянын курамында түзүлгөн Байыркы Кытай тарыхын изилдөө инситутунун директору профессор Бу Щиянчүнду кыргыздардын байыркы тарыхы бонча жаңы маалыматтарды таап жана изилдеп, аларды 1919-жылдын 10-июнда Бишкекте өткөн “Кыргызстан менен Кытай: Байыркы Жибек  жолундагы достук мамиле жана байыркы кытай жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды изилдөө, жыйноо жана жарыялоо” Эл аралык илимий конференцияда алгачкы ирет талкуууга коюп, кыргыз тарыхчыларынын колдоо пикирине ээ болгону менен жылуу куттуктады. 

БГУнун Кыргызстанда жана Борбор Азияда Кытай боюнча бирден-бир илимий-маалыматтык жана адистик масштабдуу ресурска ээ экендигин эске алуу менен бирге,  университеттин Кытай Коомдун илимдер академиясы менен илимий басылмалар жана маалыматтык өз-ара алмашуу, БГУнун кол жазмалар фондун кытай жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын фото, ксерокөчүрмөлөрү жана микрофильмдери менен толуктоо, БГУнун 3-4 мыкты бүтүрүүчүлөрүн максаттуу багыт менен Кытай Коомдук академиясынын магистратура жана аспирантурасынна  жылына жолдоп туруу, Байыркы Кытай тарыхын изилдөө инситутунун БГУда курамдык бөлүмүн түзүүнү жана БГУ менен Кытай Коомдук илимдер академиясынын ортосунда кызматташтык келишимин иштеп чыгуу маселелери терең талкууланды. 

Тараптар талкууланган маселелер боюнча келишимдерге кол коюу үчүн кайрадан жолугушууну да мерчемдешти.