Встреча официальной делегации Арабской Республики Египет с преподавателями и студентами БГУ

Отправлено 27 сент. 2017 г., 06:01 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 27 сент. 2017 г., 06:02 ]

Не удалось найти URL спецификации гаджета
Бугун Бишкек гуманитрадык университетинде Египет Араб мамлекетинин маданият министри Хельми Эльтантови, Египеттин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым Укукту элчиси Хайсам Салах Камел Ибрагим, Дар-эль- Ифранын жоопуу өкүлү Ахмед Мамдух Ахмед Мохаммед Саад профессордук-окуутучулар жана студенттер жааматы менен жолугушту. Министр Хельми Эльтантавинин Кыргызстандагы алгачкы иш сапары  БГУда башталганы да бекеринен эмес. Анткени аталган окуу жайда 16 чет тилде окутуу жүргүзүлөт. Анын бири араб тили. Жолугушуда кеңири пикир алышуу болуп, университеттин ректору А.И. Мусаев БГУнун тарыхы менен кыскача тааныштырып өттү. 

Министр Эльтантави өз сөзүндө Кыргызстандын кооз жерине суктангандыгын жана меймандос элине ыраазы экендигин билдирип мындын ары да маданий тармакта кызматташууну жакшы деңгээлде улантууну сунуш кылды.  

Египеттин жаштары да билимге умтулуу менен мусулман дүйнөсүнүн тынчтыкта өнугүүсүндө з салымдарын кошуп жаткандыктарын белгиледи. Маселен, Али-Аскар университетинде 500 миңден ашык студенттер билим алышат. Алар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстандан да үзүрлүү эмгектенип жаткандары аз эмес. Ал ислам дуйнөсүндө бүгүнкү күндө болуп жаткан окуяларга топтолуп, радикализмге каршы ой пикирин билдирди. Сөзүнүн аягында ректоратка, окутуучуларга жана студенттерге ыразычылык билдирип, эки өлкөнүн оз ара байланышын мындан ары да чыңдоого өз салымын кошоорун баса белгиледи.

Ал эми элчи Хайсам Салах Камел Ибрагим кыргызстандыктар менен кызматташуу дайыма уланарын айтып, каалучуларга Египеттен билим алууга көмөк көрсөтөөрүн билдирип кетти. Студенттер өз кезегинде каалоо тилектерин айтышып, эки элдин достугу дуйного үлгү болсо деген
пикирлерин билдиришти.