2017-жылдын 2 февралында Бишкек гуманитардык университетине Туркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси Режеп Сула мырза жана Түрк тили үйрөтүчүү борборунун директору Адем Көсеолу кызматташуунун маселелерин тактоо үчүн келишип, университеттин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Режеп Сула мырза БГУнун ректору профессор Абдылда Инаятович Мусаев менен жолугушту. Жолугушуунун учурунда профессор А.И. Мусаев университетте 1991 – жылдан тартып түрколог- тилчилерди, тарыхчыларды, экономистерди жана эл аралык маамилелер боюнча адистерди даярдап келе жаткан түрк бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача баяндап берди. Ошону менен бирге, профессор А.И. Мусаев Бишкек гуманитардык университети менен Түркия университеттеринин байланышы бир аз солгундап кеткенин белгилеп, бул жаатта жаңы багытта иш алып барууга даяр экенинин билдирди. Режеп Сула мырза Түркия Республикасынын элчилигинин билим берүү жана илим тармагында аткарылып жаткан иш-чаралары жөнүндө маалымат берип, Түркиянын университеттери БГУ менен кызматташууга даяр экенин тастыктап, жакынкы арада каралып чечиле турган маселелерди ортого салды. Жолугушуудан кийин Режеп Сула мырза түрк бөлүмүнүн окуу – техникалык базасы менен таанышып чыгып, студенттердин ой – мүдөөлөрүн укту. Азыркы учурда Чыгыштаануу жана эл аралык факультетинин түрк бөлүмүндө жүзгө жакын студент түрк тилин үйрөнүп жатышат. |
Новости БГУ >