2017-жылдын 19-майында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан тилчи-окумуштуу Н. Бейшекеевдин 85 жылдыгына арналган “Профессор Н. Бейшекеев жана азыркы кыргыз тилинин өзөктүү маселелери” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Конференцияда талкууга сунуш кылынган багыттар:
Конференцияга катышуу шарттары: Илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн темаларды 30-мартка чейин,ал эми кыргыз, орус тилдеринде даярдалган баяндамалардын же макалаларыӊыздардын кагаз түрүндөгү жана электрондук вариантын 2017-жылдын 15-майга чейин Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси № 27де жайгашкан башкы имаратынын 408 "В" кабинетине тапшырыӊыздар же электрондук дарекке [email protected] жөнөтүнүздөр. Тапшырылган материалдар демөөрчү тарабынан бекер чыгарылат. Макалага коюлуучу талаптар: Текст Word редакторунда, Times New Roman 14 шрифте, саптар аралык интервал 1,5 болуп, көлөмү 7 беттен ашпоосу керек. Макалалар кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотация жана өзөктүү сөздөр менен коштолушу зарыл. Бул талаптарга жооп берген конференциянын материалдары К.Карасаев атындагы БГУнун "Кыргыз тили жана адабияты" журналына акысыз жарыяланат. Конференция саат 10:00дө башталат, конференциянын катышуучуларын каттоо 9:30дан 10:00 го чейин жүргүзүлөт. Кошумча маалыматтар үчүн төмөнкү дарекке кайрылыӊыздар: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси №27 жайгашкан башкы имаратынын 408 "В" кабинетинен (Кыргыз тил илими кафедрасынан) Тел. (0312)21 92 19, [email protected] Уюштуруу тобу. |
Новости БГУ >