«Аял заты – аруу зат» кулинардык чеберчилик сынагы

Отправлено 14 мар. 2016 г., 6:21 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 14 мар. 2016 г., 23:49 ]
2016 - жылдын 12-март күнү Чыгыштаануу жана эл аралык факультетинин “Кыргыз-араб окуу жана маданий борборунда” араб бөлүмүнүн студенттер арасында 8-март майрамына карата «Аял заты – аруу зат» аттуу кулинардык чеберчилик боюнча сынак өткөрүлдү.

Конкурска “Мээрим”;  ”София”;  “Нур”; “θзгөрүү” жана “Араб тилинин нуру” аттуу аталган бөлүмдүн студенттеринен куралган кулинар командалар катышышты. Ар бир команда конкурска коюлган тамак-аштардын кандай азыктардан турганын жана кадайча даярдалганын, ден соолукка кандай пайдасы бар экендигин калыстар тобуна, байма-бай араб тилинде айтып беришип, четинен даам сыздырып чыгышты. 

Конкурсту өткөрүүнүн негизги максаты - студент кыздардын тамак-аштын түрлөрүн даярдоо чеберчиликтерин өркүндөтүү аркылуу кыргыз жана араб элдердин үрп-адаттарын, салт-санааларын, этнографиялык жана маданий өзгөчөлүктөрүн тереңдетип өздөштүрүүгө түрткү берүү, ошондой эле, студент жаштардын арасында ынтымак жана биримдикти бекемдөөгө багытталган. 

Калыстар тобунун чечими менен “ Араб тилинин нуру» жана “θзгөрүү”   тайпалары сынактын жеңүүчүлөрү болуп таанылды. Конкурсантарга деканат, кафедра жана араб бөлүмүнүн студент жигиттери тарабынан чоң ыраачылык билдирилди.

Конкурстун катышуучуларына баалу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Жакынкы жана Ортонку Чыгыш 
өлкөлөрүнүнүн филологиясы кафедрасы