2018-жылдын ЗО-ноябрында БГУнун Чыгыш таануу жана эл-аралык мамилелер факультетинин 70 студенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын чакыруусу боюнча өлкөбүздүн аскер бөлүктөрүндө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына утурулай өтүп жакткан “Ааламга жол айылдан башталат” аттуу маданий иш-чарага катышып келиши. Факультеттин студенттери даңазалуу жазуучунун акыркы чыгармаларынын мотивдери боюнча чыгыш жана батыш тилдеринде даярдалган 6 инсценировканы офицерлерге жана жоокерлерге тартуулап, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышына ээ болуу менен, аларды күжүрмөн кызмат өтөөгө шыктандырышты. |
Новости БГУ >