2015-жылдын 16-апрелинде Бишкек гуманитардык университетинде Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин республикада белгилөөнүн алкагында «Улуу акын Алыкулга 100 жыл» аттуу театрлаштырылган поэзия кечеси болуп өттү. Кеченин биринчи бөлүмүндө Алыкулдун өмүр жана чыгармачылык жолу, акындык чеберчилиги, анын кыргыз поэзиясына кошкон зор сылымы, андагы ээлеген оорду, кийики муундагы акындарга тийгизген таасири, ырларынын маани-маңызы, көркөмдүк сапаты тууралуу кыргыз эл акыны О. Султанов, кыргыз эл жазуучусу С. Жетимишов, БГУнун профессорлору Т. Ишемкулов жана С.Ибраимовдор чыгып сөз сүйлөштү. Кеченин экинчи бөлүгүндө БГУнун студентеринин катышуусу менен белгилуу режиссер Нурлан Абдыкадыров тарабынан коюлган Алыкул жөнүндөгү театрлаштырылган оюн көрсөтүлүп, профессор-окутуучулардын жана студенттердин купулуна толду. |
Новости БГУ >