“Мамлекеттик тилдин чет тилдерин окутуудагы ордун жогорулатуу маселелери” аттуу семинар

Отправлено 6 нояб. 2014 г., 10:56 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 22 нояб. 2014 г., 02:57 ]
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата жана 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнү катары белгиленгенине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык 2014-жылдын 22-октябрында Бишкек гуманитардык университетинин  Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы кафедрасында “Мамлекеттик тилдин чыгыш жана батыш тилдерин окутуудагы ордун жогорулатуу маселелери” аттуу семинар өткөрүлдү. 

Семинар Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы кафедрасынын, Чет тилдер кафедрасынын, Орус тили кафедрасынын жана Кыргыз тили кафедрасынын профессорлору жана окутуучуларынын катышуусу менен өттү. 

Семинарда төмөнкү темалар боюнча баяндамалар жасалды:
ЖОЧӨФ кафедрасы:    
1. Балтабаев Н.К. - “Фарсы тилин үйрөтүүдө мамлекеттик тилде окуу-методикалык куралдарын даярдоо маселелери”.
2. Момуналиев К.С. – “Араб тилин үйрөтүүдө мамлекеттик тилди колдонуу маселелери”.
3. Оморов Т.И. – “Мамлекеттик тил жана түрк тилин үйрөтүү тажрыйбасы”.
Чет тилдер кафедрасы:
1.  Алибекова Э.С. “Кыргыз тилин үнөктөрүүгө англис тилдин таасири”.
2. Жоламанова М., “Жарнамалардын ”.
Орус тили кафедрасы:
1. Доолоталиева Г.С., “Использование этноориентированных текстов на занятиях по русскому языку”.
2. Абылова “Использование фразеологизмов русского и кыргызского языков с пространнственным значением на занятиях ПКРЯ”.
3. Эркинбек к. Н., “Использование фразеологизмов со значением времени в учебных целях”.
Кыргыз тили кафедрасы:
1. Секимова Б.Т., “Мамлекеттик тилди окутуунун кээ бир маселелери”.
Семинардын катышуучулары чет тилдерди окутууда мамлекеттик тилдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу зарылчылыгын белгилешип, тил кафедраларынын арасындагы окуу-методикалык байланыштарын бекемдөө боюнча айкын иш-чараларын такташты.