Спич - таймаш

Отправлено 28 мая 2015 г., 22:56 пользователем Evgeny Dronov   [ обновлено 29 мая 2015 г., 00:08 ]
Не удалось найти URL спецификации гаджета
2015 –жылы 19-майда  К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер арасында “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” аттуу спич-таймаш болуп өттү.

Чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстанды таанып-билүүсү, эрудициясы спич-таймаштын негизги максатын түздү. Окуп билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ой-жүгүртүүсү мамлекеттик тилде чагырдырылды. Мына ушуга байланыштуу спич-таймаш 5 бөлүктөн туруп Кыргызстан боюнча бардык багыттарда күч сынашты. 

Маселен, Кыргызстандагы көрүнүктүү жерлер: Ысык-Көл, Бурана, Сулайман тоо, Арсланбап, Бишкек шаары тууралуу айтып беришти. Ошондой эле кыргыз элинин көөнөргүс эл мурастары: боз үй тууралуу, комуз чертилип, Калыгул Бай уулунун акыл-насааттары, белгилүү акын Алыкул Осмоновдун чыгармасы көркөм окулду.

Кыргыз элинин  дидактикалык чыгармаларына токтолушту. Сейрек колдонулган  кыргыз элинин макал-лакаптарын айтып, чечмелеп кеңири түшүнүк беришти.

Мындан сырткары  кыргыз бийлеринин түрлөрү: “кара жорго”, “жалын” бий, “кыздын” бийлери аткарылды.

Спич-таймашта чет өлкөлүк студенттер арасында командалык тартипте жүргүзүлдү. 

Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү “Билим” тобу;
Орус улутунан турган “Достук” тобу;
Түркия Республикасынын өкүлдөру “Илим” тобу;
Казакстан Республикасынын өкүлдөрү “Келечек” тобу;
Корей улутунан түзүлгөн “Ынтымак” тобу.

Жыйынтыгында:
1 – орун  “Ынтымак” тобу 
2 – орун  “Достук” тобу 
3 – орун  “Келечек” тобу