“Кыргыз тили - кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу” аттуу салтанаттуу кече 2017-жылдын 19-сентябрында К.Карасаев атындагы БГУнун Кинозалында саат 11:00до өткөрүлдү. Иш чарага негизинен Республикалык “Кыргыз тили коомунун” төрагасы Курбанов Раимжан агайды жана Кыргыз Республикасынын Президентини алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев агайды конок катары чыкырылган. Жогоруда аталган адабий – кечени ачып берүү үчүн Илим жана Мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Суусар Искендеровна ачып берип жатып, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кетти.
Чакырылган ардактуу коноктор ошол күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тил күнүнө республикалык иш-чара уюштуруп жатканына байланыштуу катыша алышкан жок.
Иш-чара келечек муунду эне тили үчүн жан берүүгө үндөгөн, патриоттук сезимдерин козгоп, ойгото турган мыкты деңгээлде уюштурулган мыкты адабий-кече десек жаңлышпайбыз.
Кечени Мамлекеттик тил кафедрасынын д.м.а., ф.и.к. Г.К. Устабаева жана ушул эле кафедранын окутуучусу Н.Д. Осмоновалар даярдашып, Журналистика жана маалыматтар системасы жана Европа цивилизациясы факультетинин студенттери активдүү катышышты.
“Кыргыз тили - кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу” аттуу салтанаттуу кеченин программасы
№ | Иштин жүрүшү | Сааты | Эскертүү |
1. | “Кыргыз тили - кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу” аттуу салтанаттуу кеченин ачылышы | 11:00-11:03 | |
2. | КРнын Гимни | 11:03-11:05 | |
3. | 1. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитердык университетинин ректору, профессор Абдылда Инаятович Мусаевдин сөзү 2. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитердык университетинин Малекеттик тил жана илимий иштер боюнча проректору, профессор Суусар Искендерованын сөзү 3. Республикалык “Кыргыз тили коомунун” төрагасы Раимжан Курбановдун сөзү 2. Кыргыз Республикасынын Президентини алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеевдин сөзү |
11:05-11:10 11:10-11:20 11:20-11:30 11:30-11:40 | |
4. | Адабий-кече | 11:40-12:15 | |
5. | Кеченин жабылышы | 11:15-12:20 |
“Кыргыз тили - кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу” аттуу салтанаттуу кеченин сценарийи
Алып баруучу: Кымбаттуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү студенттер! Бүгүнкү Адеп, ыйман жана маданият жылына арналып, мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган “Кыргыз тил-кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданияттын очогу” аттуу салтанаттуу кечебизге куш келипсиздер!!!
(КРнын мамлекеттик гимни жаңырат)
1-алып баруучу: Кыранда кызыл гүлдөй өскөн тилим,
Кыяндап жамгыр болуп төкөн тилим.
Улуттун оргуп чыккан башатына,
Уюган алтын сымал чөккөн тилим.
Мөдүрдөй сабалаган акын тилим,
Мөңгүдөй ай-асманга жакын тилим.
Машакат мүшкүл тарткан заманда да,
Майдалап бөлүнбөгөн чулу тилим.
Ооба, ар бир кыргыз жаранына эне тили эне сүтүндөй табылгыс, кол жеткис – ыйык. Аны ар бир кыргыз жараны көөдөнүнө кыт уюгундай уютуп, сактап, муундан муунга өткөрүп берүүсү парз.
Дал ошондой кыргызга кыргыз тили үчүн жан аябай күрөшүп, кыргыз десе, кыргыз тили десе бүгүн да жан берүүгө даяр турган атактуу улуу инсандарыбыз жок эмес. Алар азыр да төрүбүздө конок болуп отуруп бергендерине абдан кубанычтабыз.
Демек, Эне тил жөнүндө эки-ооз сөз айтып кетпесе болбос. Эмесе, конокторубузга сөз кезегин берсек.
Алып баруучу: Анда азыр ушул салтанатуу кечени ачып берүү үчүн
1. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитердык университетибиздин ректору, профессор Абдылда Инаятович Мусаев агайыбыды чакырабыз.
2. Илим жана Эл аралык байланыштар боюнча проректору, профессор Суусар Искендеровна эжебизди чыкырабыз.
3. Республикалык “Кыргыз тили коомунун” төрагасы Курбанов Раимжан агайыбызды чакырабыз.
2. Кыргыз Республикасынын Президентини алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев агайды.
Сахна. Акырын “Фрунзем” деген ырдын үнү жаңырып турат. Ары бери баскан, көңүлдөрү көтөрүңкү адамдар. Арасында баары бар. Отургучта кыргыз интеллегенциясы отурат. (Маселен, А.Токомбаев, Б.Орусбаева, Ч.Айтматов, С.Байгазиев ж.б.). Жанынан өтүп бара жаткандар бири бири менен саламдашат. Сүйлөшүшөт.
Б.О.: Чынында кыргыз тили жөнүндө учурунда көп нерселерди жасаптырсыз. Бирок, ошолордун ичинен алгычкы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып жаткандагы Сиздин карманган позицияңыз билинбегени менен бүт кыргыз элине жаккан.
А.Т. Ал кезди эстесем азыр денем дүркүрөп кетет. 1937-жыл эле республика өзүнүн алгачкы Конституциясын кабыл алып жаткан убак. Тактап айтканда, кыргыз тилинин мамлекеттик укугу үчүн күрөшүү аракеттери башталган кез. Мен ошондо алгачкылардан болуп, Конституциянын текстин түзгөн комиссиянын мүчөсү катары, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өзүнчө статус берип киргизүүнү көтөрүп чыккам. Бул көтөрүлгөн маселе күн тартибине курч коюлганына карабастан, жүргүзүлүп жаткан саясий идеологияга байланыштуу мага «улутчул», «контрреволюционер» деген айыптар тагылган. Мен ощондо1937-жылы июнь айында болуп өткөн Кыргызстан Компартиясынын биринчи съездинде сөз сүйлөп, анда мага коюлган күнөөлөрдүн аргументсиз экендигин далилдеп, минтип айттым: «…Жаңы Конституцияны талкуулап жатканыбызда, комиссиянын мүчөсү катары мен сунушумду киргиздим, Конституциянын бир бөлүмүнө кыргыз тили мамлекеттик тил катары киргизилип, ал эми орус тили жалпы элдик тил катары колдонулсун деп. Анын үстүнө грузиндерде мамлекеттик тил катары грузин тили эсептелип азыр деле грузин тили мамлекеттик тил катары колдонулат. Мен ушунун негизинде гана өзүмдүн пикиримди билдиргем дедим. Бирок менин бул аракетимен тыянак чыккан жок. Акыры тил кыргыз тили үчүн абакка да отуруп келдим.
Б.О. Албетте, Аалыке өз учурунда эң сонун сунуш киргизгенсиз. Кандай болгон күндө да Сиздин бул эмгегиңиз карт тарых барактарынын беттеринде калат. Муун өсөт, өзгөрүлөт. Өзүнүз айтмакчы өмүрдөн өтүп кетсек, эл эмгектерибизден эскерери чындык иш. (Өз ара кобурашкандай элес калтырып сүйлөшүп калат.)
Ушул кезде нары жактан 3-студен чыгып:
Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.
Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт,
Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.
Чарчаганда, эргүү берет эс менен,
Жыргалдантып, анан демин алдырат.
Эне тилди, мен ардактап туу тутуп,
Тилим менен келе жатам мен утуп.
Жоолашканга сүр беремин дайыма,
Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп.
Эне тилди энекемдей коргоймун,
Энекемдей эртеңкимди ойлоймун.
Ыйык туткан эне тилди ардактап,
Душмандардай алсыз өзүм болбоймун.
Эне тилим – кубат берчүү куралым,
Өзүң менен сыймыктанар убагым.
Керек болсо берер элем жанымды,
Жан ордуна келет тилди сурагым.
Ч.А. Жай ордунан турат. 2-студент колунан кармап ойдө тургузганга жардам берет. Бул академик Б. Орусбаева болот.:
2-студент. Бүбүйна Орусбаевна Сизге бир нерсе керекпи?
4-студент. Жо. Жок ырахмат. Мынча болду мен да улуттук тил жөнүндө бир нерсе айткым келип турат. Учурунда улуттук тилге кимдер гана башын сайып, кимдер гана элинен, жеринен куулган эмес. Андай фактыларды чексинен санасак болот. Бирок, анын азыр саноонун кежети жок. Совет мезгилинде биз бардык тараптан көп нерсеге жетиштик. Биз аны мезгилди, Кудайдын алдында тана албайбыз. Бирок бир өкүнүп, бармак тиштей турган бир жагдай бар. Ал өткөн мезгилдерде … улут маселесинин татаал жагдайларын чечүүдөгү формализм, курулай ураандарга жамынып алып керт башынын кызыкчылыгын көздөө (карьеризм) жана волюнтаризмдин кесепетинен улут аралык карым-катнаштын курч маселелерин жаап-жашыруу салты бекем орун алгандыктан, улуттук сезимге, анын айкын көрүнүштөрүнө – тил, маданият, тарыхый салт ж.б. дөөлөттүк байлыктарга үстүртөдөн мамиле кылуу өкүм сүргөндүгү белгилүү. Бул абал эң алды менен улуттук тилге зор зыян келтирди. Мындай абалдан чыгууга «кайра куруу», «демократия» саясатынын күч алышы зор өбөлгө болуу менен улуттардын жеке тагдырына байланышкан маселелер биринчи орунга чыкканы абдан жакшы болду.
5-студент кайратуу көтөрүңкү үн менен:
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!
Узак мезгил сиңип келген сезимге
Урук, уруу керек чыгар кезинде...
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар...
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.
Эл байлыгын не кылсам да өзүмө...
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар! (2жолу)
Бир жакшы обонду ыр керек.
А.Т.: Чынгыз сен азыркы замандын талабына ылайык мамлекеттик тилге байланыштуу курч маселерди козгоп, жүргөнүңдү угуп күбө болуп жүргөнүм бар. Ошолордун ичинен жанагы 1987-жылы 4-декабрда өткөн кайсы бир илимий конференцияда доклад жасаганында жакшы маселелерди көтөрүп чыктың эле...
Ч.А.: (Баш ийкегилеп , оор үшкүрүнүп). Эээх...(Тизесин баса өйдө көтөрүлүп) Улуттук тил жөнүндөгү проблемага учурунда мен да катышып бир топ маселелерди көтөргөнүм да бар эле. Анткени, кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турганда, кыргыз тили жашай берет эмеспи. Улуттук тилдин статусуна байланыштуу республикалык жана борбордук массалык-маалымат каражаттары аркылуу бар катар интервьюларды берип, макалаларды жарыяладым. Бирок, ошолордун ичинде 1987-жылы 4-декабрда өткөн «Эмгек коллективинде патриоттук жана интернационалдык тарбия берүү» аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда жасаган докладымда өзгөчө мааниге ээ болгон олуттуу маселе тил маселеси экенин баса белгилегем. Ошол кездеги саясатка ылайык, башка улуттар менен катар кыргыз тилинин статусун конституциялык жактан бекемдөөнү ойлонушубуз керек экендигин күн тартибине каттуу койгом. Ал үчүн … баштапкы уюткуга – баарыдан мурда бала бакчалар менен мектептерге ээ болуу зарылдыгын эскерткем.
7-студент: Эне тилдин ар бир сөзү сүйлөмү,
Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.
Эне тилде эркелетип апакем,
Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.
Эне тилсиз кантип болсун жашамак,
Эне тилсиз жүрөк кантип жашарат?
Эне тилде кудайыма сыйынып,
Эне тилде арнайм кызга махабат.
Эне тилим дастанымдай бүтпөгөн,
Эне тилди уксам толкуп күчтөнөм.
Удургуган сезимдерди жамынып,
Уктасам да эне тилде түш көрөм.
Энчи болуп бизге калган эскиден,
Эне тилим - байлык, кенчим деп билем.
Өлсөм дагы көргө кирген кезимде,
Өз тилимде сурак берсем деп жүрөм!
Ч.Айтматовдун «Ысык-Көл» деген ырына бий
Б.О.: Кана, Советбек, Сиз эмне демек элеңиз? Бүгүнкү кыргыз тилинин абалы жөнүндө кандай ойлоруңуз бар?
С.Б.: Албетте, Сиздердин кыргыз тили үчүн жасаган эмгегиңиздер Ала-Тоодой. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин моюнга алышыбыз керек, көкүрөктү жалындай каптап, көөдөндү өйүткөн бир кемчилдиктен кутула албай келебиз. Маселен мен публицист- окумуштуу катары төмөнкүлөрдү айткым келет. Кыргыз тили кай бир пенделердин кайдегерлигинен азап чегип, өз Ата Мекенинде арыш керип өркүндөп өсө албай отурат. Мен Кыргызстандан кыргыз тилине кайдыгер академигин көрдүм. Кыргыз тилине кайдыгер көз менен караган министрди, депутатты көрдум. Эне тилин унуткан Бишкектик Такинди көрдүм. Эне тил деп күйбөгөндү Оштон көрдүм, ошондой эле немени соттон көрдүм. Эне тилин сүйбөгөндү Чүйдөн көрдүм, ошондой эле маңкуртту үйдөн көрдүм. Канткен менен келечектен үмүтүм чоң. Сиздердей Ата-Журтуна, мекенине, улутуна, улуттук тилине күйгөн азаматтар жок эмес деп ишенем. Алар бар үчүн кыргыз тили кылымдан кылымга сакталып келе жатпайбы.
Ч.А.: Сөзүңүздүн калети жок, Советбек Байгазиевич. Үмүт алдабайт. Ушул кезге чейин кыргыз эли чоң үмүт менен күн өткөрүп келген. Келечектен үмүт үзбөйлү. (Пауза. Акырын баш көтөрүп)
Мына бул жер, күн, тоо-таш, аалам, асман,
Миң жылдар, миң кылымдар картайбады.
Малынды заман канга, жер өрт алды,
Эр өлдү, кылыч сынды, күн карарды…
Канча ирет хан алмашты, эр таймашты,
Калк тозду, илең-салаң журт которду.
Канча ирет кыргыз туусу жерде калды,
Кыргыз тил картайбады, жоголбоду!
Ааламды түтүн каптап боз үй күйдү,
Асмандай тулпар өлдү атырылган.
Абайлап кыргыз тилин келгендиктен,
Асаба желбиреди Манас сайган!
Башынан бакыт тайып эл кырылды,
Бөрү, ит, жору журтту шимшип калды.
Бабалар жер жамынбай калса дагы,
Бал-шире даамданган тили калды!
Мекен жөнүндө бир обондуу ыр. Букаев Жанбала “Кыргызстаным”
9-студент:
Мага жашоо, өмүр берген адамды,
Кыргыз тилде атап келем «энелеп».
Тил бар үчүн жашоо – жашоо аталып,
Тил бар үчүн Ата Мекен керемет!
Мекен менен эл жүрөгү бир согуп,
Тил тутантты алоолонгон өрт болуп.
Тил аркылуу бир киндикке туташты,
Азыркы муун, эртеңки муун, эски муун.
Жүрөк үнүн жүз чакырым угузуп,
Сезим туйлайт, сезим балкыйт, сүйүнөт..
Көкүрөктү толтурган ал сезимди,
Кыргыз тилде атаганбыз «сүйүү» деп!
Сүйүү болгун, жер бетинде күлкү бол!
Далай үйгө отун жаккын коломто.
Таштай болгун кыргыз жерге орногон,
Жерде жашоо жоголмоюн жоголбо!.
(Ак элечек кийген аял заты жай басып келет)
Умай эне: Жанатан бери кыргыз тилинин бир кылымдык тарыхына саресеп салып келдик. Мен кыргызмын деген атуулдарыбыз улуттун тили үчүн жанын канжыгага байлап ар түрдүү тарыхый кырдаалдарды башынан өткөрүшүптүр. Демек, Сиздер үчүн, жалпы кыргыз үчүн Ата-Мекени ыйык, кыргыз үчүн Ала-Тоосу ыйык, кыргыз үчүн Манасы ыйык, кыргыз үчүн ак калпак, ак элечеги ыйык, Кыргыз үчүн боз үйү ыйык, кыргыз үчүн энеси ыйык, кыргыз үчүн эне тили ыйык!!! Ааламда ыйыктарга бай кыргыз деген улут жашап турганда түндүгү көктү тиреп, бийик көтөрүлүп, керегеси кең болуп, асабасы күн желеси менен кошо желбиреп турсун! Ушул улуу тилектерди көкүрөгүнө кыт кылып уюта ала турган бешиктеги бала болсун!
(Ушул учурда түндүк, желек көтөргөн жигиттер сахнага киришет.)
Аруу тилектерге жеткизген улуу жолдорубуз байсалдуу, ак жолтой болсун! Оомийин! Ата-бабаң өткөн элиңди сүй, Түптүү кыргыз элиңди сүй, Элиң сүйгөн эне тилиңди сүй, Ата Мекенге, элге, Эне тилге Кошой, Бакай, Манастай күй!
Алып баруучу: Эмесе, “Кыргыз тил-кыргыз элининин улуттук тили, улуттук маданияттын очогу” аттуу салтанаттуу кечебизге аягына келип жетти көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат. Көрүшкөнчө, аман болуңуздар
Аягы