Берилген квалификациясы: бакалавр Окутуу мѳѳнѳтү: 4 жыл Программа жөнүндө маалымат: Студенттер фундаменталдык гуманитардык билим алышат жана филологиянын тарыхы, заманбап абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат. Билим алуучулар кыргыз/түрк тилдеринин жана адабиятынын теориясы, тарыхы тармагында, коммуникация теориясында, текстти филологиялык талдоодо жана интерпретациялоодогу негизги жоболорду жана концепцияларды биле тургандыгын көрсөтүүгө жөндөмдүү болушат. Аларды жазма жана оозеки коммуникациянын ар түрдүү типтеринин негизги методдоруна жана ыкмаларына, анын ичинде тил жана адабият боюнча окутуу сабактарын жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү үчүн салттуу методдорду жана заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну үйрөтүшөт. Бүтүрүүчүлөр социалдык-гуманитардык ишмердик (билим берүү жана маданий мекемелерде, министрликтерде, элчиликтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, агенттиктерде, эл аралык фонддордо жана долбоорлордо, басмаканаларда) чөйрөсүндө эмгектене алышат. Байланышы: (0312) 21-87-12 Веб-баракчасы: http://www.bhu.kg/academics/kyrphil |
Абитуриентам >