Берилген квалификациясы: бакалавр Окутуу мөөнөтү: 4 жыл Программа жөнүндө маалымат: «Лингвистика» багыты боюнча бакалавриат программасы котормо ишинин теориясы жана практикасы тармагында, тилдерди окутууда жана маданият аралык коммуникацияларда адистерди даярдоого багытталган. Студенттер негизги фонетикалык, лексикалык, грамматикалык, сөз жаратуу кубулуштарын жана изилденип жаткан европа жана чыгыш тилдеринин мыйзам ченемдиктерин камтыган лингвисттик билимдердин теоретикалык негиздерине ээ болушат. Стереотиптердин таасирин жеңип чыгууга жана ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен контактта болуудагы өзгөрүлмө шарттарга адаптацияланууга мүмкүндүк бере турган зарыл болуучу интерулуттук жана контекст билимдерге ээ болушат. Окуу процессин, мектепке чейинки, жалпы, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларында, ошондой эле кошумча лингвисттик билим берүүдө педагогикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу менен натыйжалуу жүргүзө алышат. Программа тарабынан окуу жана өндүрүштүк практикалар караштырылган. Байланышы: (0312) 21-87-12 Веб-баракчасы: http://www.bhu.kg/academics/kyrphil |
Абитуриентам >