Филологиялык билим берүү

Берилүүчү квалификация: бакалавр
Окутуу мөөнөтү: 4 жыл (күндүзгү бөлүм)

Программа жөнүндө маалымат: Бул программа боюнча бакалаврлар филологиялык билим берүү квалификациясын алышат. Студенттер изилденип жаткан тилдин адабиятына байланышкан гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар, адабияттын тарыхый өнүгүүсүндө жана заманбап абалында билим ала алышат. Билим алуучулар текстердин ар түрдүү түрлөрүн жана типтерин талдоонун, интерпретациялоонун, иштеп чыгуунун, жаратуунун жана кайра өзгөртүп түзүүнүн методдорун, ыкмаларын колдонушат. Аларды билим алуу процесси үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө, студенттерге багытталган окутуу принциптерин сактоого жана методологиялык проблемаларды туруктуу өнүктүрүү жана чечүү үчүн билимдерди (окутуунун моделдери, методдору жана ыкмалары, сапатты камсыздоо) алууга окутушат. 
Бул программанын бүтүрүүчүлөрү  баштапкы жана орто билим берүүнүн уюмдарында тил жана адабият мугалими; коммуникацияда, жарнамада, коомчулук менен байланышта, басма иштеринде; жалпыга маалымдоо каражаттарында, маданий мекемелерде жана кошумча билим берүү борборлорун башкарууда кызматкер катары кесиптик ишмердигин жүзөгө ашыра алышат. 

Байланышы: (0312) 21-87-12
Веб-баракчасы: http://www.bhu.kg/academics/kyrphil