Нооруздун тарыхы зороастризм динин негиздөөчү Зардушт пайгамбар менен байланыштуу. Биздин заманга чейинки 2 миңинчи жылдары Борбордук Азиядан Волга дарыясына чейинки аймакта индоарийлер мекендеген. Алар - азыркы Ирандагы зороастрийлердин жана Индиядагы индоарий брахмандардын түпкү теги. Биздин заманга чейинки 549-325-жылдары перстердин Ахеменид падышаларынын урук-тукуму бийлик жүргүзгөн кезде зороастризм дини кенен жайылып, зороастрий календары түзүлгөн. Бул динге ишенгендер сууга, отко, асманга, жерге табынышып, арбактарга сыйынышкан. Күн менен Түндүн теңелген мезгили катары 21нен 22-мартка караган түндү эсептеп, «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыка үмүт кылып шаңдуу майрамдык каада-салттарды өткөрүшкөн.
Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири - сүмөлөк.
«Сүмөлөк бүгүн кайнаттык,
Бешене терим сүртөмүн,
Ыйманды бүгүн күтөмүн.
Бактыбыз бүгүн ачылсын,
Ырыс-кешик чачылсын», - деп бекеринен айтылбаса керек.