К. Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган бир айлыктын жобосуна ылайык Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн иш-чаранын отчету

Отправлено 27 янв. 2021 г., 20:53 пользователем Аскар Маратбеков   [ обновлено 31 янв. 2021 г., 20:39 ]

Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык жарыялады.

Бул жарыянын негизинде Бишкек мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары да активдүү катышышып, окутуп жаткан студенттерине дил баян, эсселерди жаздырышып, залкар инсандын өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу менен, окумуштуунун эмгектери менен тереңирээк тааныштырып, алардын кеп маданиятын өстүрүүгө, сабаттуулукка үндөөгө максат коюшту.

 

Эссе төмөнкүдөй теманын алкагында жүргүзүлдү:

  1. К. Карасаев – хх кылымдын Кашгариси  (Ч.Айтматов).
  2. Кыргыз элинин залкар инсандарынын бири, агартуучу, туңгуч лексикограф жана лексиколог К. Карасаев – улут сыймыгы.
  3. Билимдүүгө дүйнө - жарык (К. Карасаев атындагы  Бишкек мамлекеттик университетинде окуганыма сыймыктанам).
Жогорудагы темалар боюнча бардык факультеттердин 1-2-курсунун студенттери катышышты. Анын ичинен төмөнкү студенттердин жазган дил баян, эсселерин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот:

 

  1. Керимова Бегимай                           2-курс ККФ
  2. Асаналиева Жылдыз                       2-курс ККФ
  3. Ырысбек кызы Жаннат                   2-курс ФС
  4. Алиева Майрамгүл                          1-курс ФЖИС
  5. Маматкадырова Жумаида               2-курс СПФ
  6. Мүкүлова Эрмек                              2-курс СПФ
  7. Орозмамат кызы Нуркан                2-курс ФС
  8. Осмонбекова А.                               1-курс ФЖИС
  9. Сабутбаева Н.                                 1-курс ФЭФ
  10. Токтосунова Альбина                     1-курс ФЭФ
  11. Өмүрбекова Касиет                         1-курс ФС
  12. Ибрайымова Гүлүмкан                   1-курс ФС
  13. Жекшенбаева Гүлзана                    1-курс ФВМО
  14. Абдурасулова Арзыгүл                   2-курс ФВМО

 

Ошентип, залкар окумуштуу, биздин университет сыймыктанып атын алып жүргөн агайыбыз К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чарада студенттер да анын залкар окумуштуу экендигин, туңгуч лексикограф жана лексиколог, педагог, котормочунун эмгектери менен терең таанышып, өмүрүнөн өрнөк алып, билимге умтулуп, ушул университетте билим алып жаткандарына сыймыктана тургандыгын баса белгилеп жазышты.

 

 

Керимова Бегимай  

II курс ККФ

 

Билимдүүгө -дүйнө жарык

(К.Карасаев атындагы БМУ окуу жайы мен үчүн - сыймык)

Адам баласы болуп , бул жарык дүйнөгө келген соң, билим алып, акыл топтоп, татыктуу жашап өтүү, бул-адамдын парзы.

         Адам баласы байыртадан эле акыл менен билимдүүлүктү адам баласына таандык башкы касиет катары баалап келишкен.

            Ата-бабаларыбыздын мурасталган уламыш- аңгемелеринде , дастандарында ,макал-лакаптарын- да азыркы муундар үчүн акыл менен билимдин адам турмушундагы ордун ар тараптуу түшүнүүгө , алардын билимге болгон дитин коюп, ойготууга себеп болуучу осуяттар да арбын. Акыл менен билимдин улуулугу жөнүндөгү элдик даанышмандык төмөнкү макалдарды да таамай ,так айтылат: “Билимдүүгө- дүйнө жарык”, “Билегиңе ишенбей , билимиңе ишен” демекчи, көптү окусаң , көптү билесиң. “Сокур дешет билимсизди – жөн дебе, окуу гана жарык чачат дүйнөгө”. 

    Мен  да орто билим берүү мектебин аяктаган соң, жашоодогу чоң эшиктердин бирине кадам таштагам, ал менин жашоомдогу чоң жетишкендиктердин бири болду десем жаңылышпайм. Бул менин келечектеги кесибимди  тандоо болгон. Сыймыктанып айта кетчү , чоң окуу жайлардын бири болгон, менин сүйүктүү окуу жайым - К . Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университети. Биздин университет кыргыз элинин залкар инсандарынын бири, агартуучу,   тунгуч лексикограф жана лексиколог К.Карасаевдин ысымын алып жүрөт. “Тилим менен улутмун”-демекчи , бизге кыргыз тилин кандай барктап, сыйлап, сүйүшүбүздү  даңазалап берген бул инсандын өмүр баянын билбесек,  ал туура эмес, уят болуп калабыз.

             К.Карасаев 1901-жылы Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Кыргыз- тилчиси, профессор,  Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын ардактуу академиги. «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн бири. 1931-жылы улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы «Манас» эпосун жазып алууну уюштургандардын катарында болгон. 

           “Уядан эмнени көрсөң,учканда ошону аласың” дегендей, биздин университеттен чыккан улуу ага-эжейлердин жолун жолдоп, биз дагы жакшы кесиптин ээси болуп кетишибизге тилектешмин. Мен окуп жаткан университетибиздин өзгөчөлүктөрү абдан көп, мисалы, ар дайым биз билим алып жаткан тилдердин өкүлдөрү, ар кайсы улуттун элчилери келип,жетекчилерибиз, окутуучуларыбыз жана ошол тилди үйрөнүп жаткан студенттер менен жолугушуп, баарлашып, кызыккан, каалаган студенттерди  өз мекенине тажрыйба алмашууга чакырып,биздин да сыйыбызды анча-мынча көрүп кайтышат.

              Окуу жайыбызда ар тараптуу тил багытындагы факультеттер бар болгондуктан , ар кайсы улуттагы студенттерди кезиктиребиз, бул да бир жакшы жагы. Башка чет жактын студенттери менен баарлашканга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

    Билимибизди өркүндөтүп ,башка улуттун тилин-дилин , үрп -адатын ,каада- салттын үйрөнүп, билип алууга мен дагы К.Карасаев атындагы университеттин кыргыз-кытай факультетинде билим алып келем. Башка элдин тилин окуп , үйрөнүп жатканда , өзүңдүн эне тилиң кандай гана таттуу, барктуу экенин билип калат экенсиң. Биздин эне тилибиздин унутулбай , сакталып улуу элдин тилин сактап , бизге мурас кылып калтырып кеткен агайыбыз К.Карасаевдей инсандар бар болгондуктан, тилибизди жоготпой келе жатабыз. Мен ушундай улуу инсандын атын алып жүргөн Бишкек Мамлекеттик Университетинин студенти экениме сыймыктанам!


 

Асаналиева Жылдыз

2-курс ККФ

 

Кыргыз элинин залкар инсандарынын бири, агартуучу, туңгуч лексикограф жана лексиколог  Кусеин Карасаев – улут сыймыгы.

            Кыргыз улутунун чыгаан инсандарынын бири, кыргыз тилинин башаты, жалпы турк калкынын улуу илимпозу, залкар акылманы, даанышман ойчулу, ардактуу академик  Кусеин Карасаев, 1901-жылдын 5-январында, азыркы Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында тѳрѳлгѳн. Агайыбыз бала кезинен эле аябай зирек, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнгөн, алдыга умтулууну каалаган жеткинчек эле. Жаштайынан Пушкиндин ырларын жаттап жүрчү экен. 1914—1916-жылдары Караколдогу орус-тузем  мектебинде окуп, алгачкы билимин ошол жерден алган. Ошондо эле орус тилин билген. 1916-жылдагы алаамат үркүндө, эл менен бирге Кытайга качып, ал каргашалуу күндөр анын жүрөгүндө кеткис дарт болуп кала берген. Карасаевдин өмүр жолу өтө татаал мезгилде өтүп, жокчулукту, ачкачылыкты, кордукту да башынан кечириптир. Ошого карабастан, эч тайманбай, алдыга аттанып, эми  анын өчпөс эмгектери  кыргыз элине гана эмес,  коңшу түрк тилдүү мамлекеттерге да жардамы тийди. 

Кусеин Карасаев кыргыз  алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышып, авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» деген туңгуч алиппени 1926-жылы Ишенаалы Арабаев менен биргеликте тузуп чыгышкан. Ал китеп кыргыз элинин 60 пайыз сабатсыздыгын жоюуга жардамчы болгон. Андан соң өзүнүн «Сабат ачкыч» деген алиппесин жазган. Ушундан улам, Кусеин агайыбызды кыргыз элинин алгачкы алп агартуучуларынын катарына кирээрин билсек болот. Бул киши эң алгачкылардан болуп Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салган, ал Батманов менен бирге 1938-жылы  «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүшкөн.  К. Юдахин, Ж.Шүкүрбеков, К.Карасаевдин биргелешкен эмгегинин натыйжасында «Орусча-кыргызча сөздүк» дагы жарык көргөн. Чыгаан окумуштуулар, Юдахин жана Карасаев  кыргыз лексикасын бирге изилдешкен экен. Аны менен эле чектелбестен, Кусеин Карасаевдин өзү жазган китептери да көп. «Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдүн семантикасы» китебин 1944-жылы Фрунзеде жазган. Эки  жылдан соң «Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жөнүндө» деген китеби жарык көргөн. Андан башка «Кыргыз тилинин орфографиялык  сөздүгү»,  «Баштан өткөн мажаралар», «Накыл сөздөр», «Өздөштүрүлгөн сөздөр», «Кусеин Наама» жана башка эмгектерин билебиз. Агайыбыздын эмгектерини ичинен Ю.Яншанский менен биргелешип жазган «Орфографиялык сөздүк» деген китебин эң керектүү деп табам.

Мударисибиздин фольклорду жыйноодо болгон  эмгеги да зор, ал Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип, анын чыгармаларын алтын фондуга алган. Адабият жыйноо инструкциясын жазып, басмадан чыгарып, эл арасынан манасчыларды  издеп, айтылуу Саякбай Каралаевди алып келип, үйүнө этнографиялык кече уюштурган, Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Ыбрай Тойчиев жана башкаларды чакырып, сындан өткөргөн экен. Алар бир ооздон Саякбайдын вариантын жактырышып, «Манас» эпосун ушул вариантта жазып алууну уюштурган. «Манас» сөзүн манастаанууга биринчилерден болуп киргизген дал ушул инсан.

Ал  нускалуу, чечен, сөзмөр, кыргыз сөзүнүн кылдат билерманы, тарыхты таасын билген, тилди ийне- жибине чейин иликтеген, устукандап, жиликтеген, кыраакы, көптү көргөн көсөм, илимдин артынан сая түшкөн өжөр илимпоз адам болгон. Карасаевдин «Кабус Наама» аттуу баа жеткис мурасындагы 4 сап тилегин айта кетпесек болбос:

 «Алладан тилегеним учөө гана:

Биринчи - ден соолукта эсенчилик,

Экинчи - берекелүү кененчилик,

Үчүнчү - жалпы элиме бейпилчилик!»

Кандай  гана тилектер! Ойлонуп көрсөк даанышман ойчулубуз  мекенибиздеги азыркы кырдаалды көрүп, алдын ала ойлоп, ушул тилектерди сурап койгондой. Чынында эле, азыркы учурда кыргыз элине дал ушул эсенчилик, кененчилик, бейпилчилик суудай керек болуп турат.

 Аны жоро-жолдоштору: «Кеп сыйкыры менен бир заматта өзүнө тартып алаар эле. Кээде жайдары күлүп, кандай сөз уга турганын алдын ала сезип, ошого жараша сөз учугун улап, бура тарткан чоң психолог болчу»,- дешип, жан жолдошун дайым эскеришет... Карасаев 1998-жылы каза болуп, сөөгү өз  жерине коюлган.  Азыр Кусеин Карасаевдин эстелиги, мемориалдык комплекси Ысык-Көлдүн  жээгине орнотулган. «Адам эмгеги менен даңктуу»,- дегендей, агайыбыздын эмгегин даңктап азыркы, Бишкек мамлекеттик университети Кусеин Карасаев деген атты  сыймыктуу алып журөт.  Бул кишинин залкар эмгектери түбөлүккө кыргыз элинде сакталып, мурас болуп кала берет. Ал эмгектерди барктап, бапестеп, кийинки муунга калтырып кетүү - биздин милдет.  Кусеин Карасаев - кыргыз совет тилчиси, туңгуч лексикограф, лексиколог,  илимпоз, окумуштуу, ошол мезгилдин чыгаан инсаны, бир сөз менен айтканда, кыргыз элинин өчпөс сыймыгы.  «Кызыл-Туу», «Манас» орденинин, эл аралык «Даанышман» сыйлыгынын ээси, «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер» мамлекеттик сыйлыктын ээси Кусеин Карасаев, ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө жана эсинде дайыма сакталып кала берет. Ушундай инсанды тарбиялап өстүргөн ата-энесине, Түп элине, чын дилимден таазим кылам... «Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт»,- демекчи,  ал адамдын артында жазып калтырган, алтындан кымбат эмгектери калды.

Ушундай даңктуу инсандын атын алып жүргөн жогорку окуу жайында окуп жатканым үчүн абдан сыймыктанам. Жеке мен үчүн эмес, К.Карасаев – улут сыймыгы.

 

Ырысбек кызы Жаннат

ФС 2-курс

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,

славян таануу факультети

 Билимдүүгө дүйнө жарык ( мен үчүн К. Карасаев    атындагы БМУда окуу - сыймык)

Кыргыз эли жер каймактангандан бери жашап келе жаткан калк. Мына ушул канчалаган кылымдардан бери элибизден ары билимдүү, ары өнөрлүү, эмгекчил,деги койчу, кыргыздын эркиндиги, келечеги,өнүгүшү  үчүн зор салымын кошкон инсандар чыгып келет. Мына ушундай инсандардын бири-Кусейин Карасаев. Кусейин Карасаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген академик, тилчи, лексиколог, агартуучу, адабият таануу боюнча окумуштуу, фольклор таануу боюнча изилдөөчү болгон. Карасаев өмүрү кысталыш учурга туш келип, жокчулукту,ачкачылыкты, кордукту көрдү. Бирок, канчалаган кыйынчылыктарга туш болсо да, баш ийип калбастан, турмуштун оор сыноосуна сынбай, мокобой,тескерисинче курчуп, алга карай умтулган. Кыргыз деп соккон жүрөгү, элине болгон сүйүүсү мындай сыноолорду жеңүүгө түрткү болгон. Ал өзүнүн бүтүндөй өмүрүн илим үчүн арнаган . Өмүр жолу ары өрнөктүү, ары даңазалуу.

    Кусейин Карасаевди сөздүн атасы десек жаңылышпайбыз деп ойлойм. Себеби,  ийне жибине чейин талдап, жети өлчөп бир кесип кыргыз тилинин өнүгүшүндө, тилдин сакталып калышында орду толгус эмгектерин калтырып кетти.Элдин жан дүйнөсү алсырап, илимге, билимге суусап турган учурда, караңгылыктан жол чырак менен алып чыккан сымал, өз эмгектери менен элдин сабатсыздыгын жоюуга зор салымын кошту.

Мен учурда К.Карасаев атындагы БМУда билим алып жатам. Максатым - элибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу. Келечекте билимдүү муунду тарбиялап өстүрүү. Жогоруда Кусейин агайдын өмүрүн, эмгектерин бекеринен айтып өткөн жокмун. Агайдын мындай эмгектеринен кийин мен мамлекет үчүн кандай салым коштум, бир пайдалуу иш жасадымбы деген ой туулду.Ушул учурдан тартып, мен да агайдай билимдүү болуп, мамлекетке орду толгус эмгек калтырып, чоң-чоң, алгылыктуу иштерди жасайм деп кыялга баттым.  Албетте, бул нерселерди кыялданып гана тим болбостон, мага берилген ар бир мүнөттү бул максаттарымдын четинен ишке ашуусу үчүн талыкпаган эмгегимди жумшайм.  Кусейин Карасаевдин эмгеги аябагандай чоң. Мындай ишти жасоо оор, ары түйшүктүү. Бирок, өзүбүзгө ишенип, жакшы ниеттер менен бир гана алдыга талпынсак ар бирибиздин колубуздан келет деп ишенем. 

   Элибизде: “ Билимдүүгө дүйнө жарык”, “ Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деп бекеринен айтылган эмес. Бул сөздөр кандай гана так-таасын айтылган. Билим алуу менен гана алдыга жылыш, өнүгүш бар. Ансыз түркөй болуп, караңгылыкка чөмүлөбүз. Азыркы учурда билим алуу кыйла жеңил. Мурнкудай кагаз, калем тартыш эмес,техниканын заманы. Бирок, канчалык техника өнүгүп, өзүңдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк көп болсо да, азыркы муун үчүн кыйынчылык болуп калды. Себеби, жалкоолук айрымдарынын мойнуна минип алган.

   Билим дегенде биздин көз алдыбызга китеп келет. Ооба, бул эки түшүнүк бири-бирине тыгыз байланышкан ажырагыс нерселер. Китепти көп окуу, адамдын эс тутумун жакшыртып, ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Китепкөй адам менен китеп окубаган адамдын айырмасы чоң. Ал сенин акылың, кеңешчиң,жардамчың жана ишенимдүү досуң. Ааламга болгон ачкычың.

   Билимдүү адам дүйнөнү жакшы тарабынан көрөт. Ага дүйнө дайым жарык. Бир орунда турбастан алдыга умтулуп турат. Мен дагы билимдүүлөрдүн катарын толуктоого тырышам. Университетти мыкты деген баалар менен аяктап, өз билгендеримди башкаларга үйрөтөм деп максат кылам. Кусейин Карасаевдин атындагы БМУда окуганыма сыймыктанам.

 

Алиева Майрамгул.

ФЖиИС 1-курс

Билимдүүгө дүйнө - жарык.

(Мен учун Кусейин Карасаев атындагы     БМУда окуу - сыймык)

 

Сүйүүм күчөп, ичке такыр батпаган,

Далай улуу инсандарды таптаган.

Мага дагы көп нерсени үйрөткөн,

БМУ менен сыймыктанам,мактанам

 

 Алып жүрөт, Карасаев ысымын,

Биринчи курс журналистика кызымын,

Мына ушундай күчтүү жерде окуган,

Мен да өзүнчө эң бактылуу кишимин.

 -демекчи дал ушул ыр саптары  менен билим уяма болгон сезимимди билдиргим келип турат.

«Айткым келди, оо акылман, сөз жайын окуу,билим пайдасынан баштайын», дал ушул сөз бекеринен айтылбаса керек.

Билим,илим адамга улутка кут алып келе  турган мүлк.Кыргыздар байыртадан эле акыл менен билимди адам баласына таандык башкы  касиет катары баалап, барктап келген.

«Билим адамга,канат», «Билим окуу чырагы,илим окуу булагы» дал ушул айтылган накыл сөздүн ичинде чоӊ бир философия жатат, адам качан гана билимдүү болгондо гана алдыга койгон максаттарына жетип ийгилик жаратат. Билими жок адам калагы жок кайыкка окшош канчалык алдыга жылам десе да жыла албайт анткени, жашоодо билимдин орду чоӊ.

Биз жана ар бир адам билимдүү илимдүү болууга тийиш деп билем,бул айтылган эки нерсе адамдын жашоосундагы түгөнбөгөн байлыгы.Инсан билимдүү болгон сайын анын аӊ сезими, ой чабыты, деӊгээли дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрө баштайт жана чөйрөсүндөгү адамдарга пайдасы тийип ошонун негизинде үй бүлөө,мектеп, жогорку окуу жай өркүндөп өсө баштайт.

Менин айтайын деген сөзүм, ,эч качан билим алуудан талыкпайлы,чарчабайлы билим бизди көккө жеткирет.

Келечек билимдуу жаштардын колунда!

 

                                                                                     Маматкадырова Жумаида

                                                                                     СПФ 2-курс

 Билимдүүгө дүйнө - жарык

                                                                                                ен үчүн К.Карасаев атындагы БМУда окуу - сыймык)                                                                                                         

            Караңгыда жарык чачкан шам канчалык керек болсо, адам баласынын жашоосу үчүн да, билим ошончолук керек. Жашоого, ийгиликке, келечекке жол көрсөтүүчү эн чоң курал бул - билим. Адам канчалык билим алса, анын материалдык дүйнөсү эле эмес, руханий дүйнөсү да аябай байыйт. ”Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” дегендей, адам канчалык билимге, илимге умтулган сайын, анын жашоого болгон көз  карашы өзгөрүп, дүйнө таанымы да кеңейет.

 

            Билимдүүгө дүйнө жарык. Мен да өз дүйнөмдү жарык, жаркын кылуу үчүн  жогорку билим алууну эңсеп келчүмүн. 2019-жылдын июнь айларында, адаттагыдай, абитуриенттердин баары мамлекетибиздеги окуу жайларды кыдырып, талон таштап жургөн учуру...

             Ал абитуринеттердин арасында мен да бар элем. Борборубуз Бишкек шаарындагы окуу жайларды кыдырып жүрүп, күндөрдүн биринде азыр билим алып жаткан сүйүктүү К.Карасаев атындагы БМУ окуу жайына келдим. Бул күн мен  үчүн эң унутулгус күндөрүмдүн бири, анткени, дал ушул күнү мен өзүм каалаган  окуу жайымды, БМУну таптым.

 

            Азыркы учурда мен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Социалдык психология факультетинде 2-курста окуп жатам. Мен учун бул окуу жайда окуунун өзү бир чон сыймык,чон бакыт! Анткени,

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген окумуштуу, лексикограф жана лексиколог, профессор Кусеин Карасевдин аты берилген окуу жайда окуу, менимче, бардык БМУ студенттерине сыймык болсо керек.

Кусейин Карасаев агайыбыз баа жеткис илимий эмгектерин, китептерин кийинки муундарга, б.а. бизге таштап кетти. Ал эмгектерди барктап, бапестеп окуу – биздин милдет. Адистигим башка болсо да, кыргыз тили жана адабияты сабагынан К.Карасаев тууралуу өтүлгөн материалдар менен таанышып жатып, Кусейин агайыбыздын басып өткөн татаал жолу да мени ойлондурбай койгон эмес. Анын 1916-жылкы кыргыздардын башына түшкөн кыямат күндөрүндө, жаш Кусейин Карасаев жан сактоонун айынан кой багып, Кытай чек арасындагы тилмечи сакчынын баласын окутуп жан баккандыгын окуганда, көзүмө жаш тегеренген.

            Бүгүнкү күндө БМУда 9 факультет, дистанциондук окуу институту жана колледж бар. БМУ окуу жайы борборубуздагы эң күчтүү, эң билим сапаты бийик болгон окуу жайлардын бири.

            Менин сүйүктүү окуу жайым, ийгилимдин башаты болгон БМУ окуу жайында окуп, билим алган ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр да аябай көп. Бүгүнкү күндө биздин бүтүрүүрүчүлөр чет жактарда өз билимдерин улантышып, иштегендер да бар. Аны менен кошо бүтүрүүчүлөр Кусеин Карасевдин жолун жолдоп, өз мекени үчүн, мамлекети үчүн иштеген жаштарыбыз арбын. БМУ окуу жайы эн билимдүү жаштарды тарбиялаган окутуучу, устаздарга бай, алардын бизге берген билиминин натыйжасында, биз ушундай терең билим алып жатабыз.

            БМУда билим сапатына аябай чоң басым жасалат.Окуу жай билимдүү жаштарды тарбиялап чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшайт. Окуу жайыбыз  билим сапатына гана көңүл бурбастан, спорттук,концерттик иш-чараларды бат-баттан уюштуруп студенттердин ар тараптан өнүүгүсүн каалашат. БМУ окуу жайынын студенттери да аябай эмгекчил, окурман келишет. Өз алдынча дебаттык, лидерлик клубдарды ачышып, кайрымдуулук  акцияларын өткөрүп турушат.

            Билим жолунда чарчабай,чаалыкпай бара жаткан учурум. Келечекте өз окуу жайымды эн жакшы баалар менен аяктап, БМУдан алган билимимди өзүм үчүн , окуу жайым үчүн, мамлекетибиз учун колдоном. Азыркы БМУ дан алып жаткан билимим, бул менин - келечегим. Айланамдагы жаштардын билимге, илимге умтулганын көрүп ушунчалык чоң күч, чоң таасир алам. БМУда өтүп жаткан ар бир күнүм өзгөчө. Баары: жашы да, карысы да изденүүнүн үстүндө. Студенттик өмүрүм дал ушундай адамдар менен, дал ушул окуу жайында өтүп жатканына тагдырыма аябай ыраазымын. Мен Кусеин Карасаев агайыбыздын наамын алып жүргөн БМУ окуу жайында окуп жатканыма абдан сыймыктанам! Себеби, окуп, билим алып жатып, ушундай окумуштуу болууга да аракетибизди жумшайбыз. К.Карасаев сыяктуу окумуштуу агайларыбыздын баскан өмүр жолу башкаларга өрнөк болот деп, сыймыктануу менен билимимди тереңдетип жатамын.

 

Comments