Факультет жөнүндө жалпы маалымат


Не удалось найти URL спецификации гаджета
Чет тилдерин  үйрөнүү азырку учурдагы биздин өлкөбүздүн дүйнөлүк коомчулукка активдүү алакалашуу учурунда өтө  зарыл болуп турат. Миллиондогон биздин мекендештерибиз чет өлкөлөргө барып келүүдө.
Азыркы көп тилдүү жана көп маданияттуу дүйнөдө тилчи, чет тилдер мугалими, котормочу, чет тилдерин билген адистер ар дайым суроо-талапка ээ.
Европа цивилизациясы факультети университеттин алдыңкы түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. 1992-жылдын 1-сентябрында романо-герман филологиясы катары ачылган, ал эми 2001-жылы Европа цивилизациясы факультети деп аты  өзгөртүлгөн.
Факультеттин миссиясы - жогорку моралдык жана атуулдук потенциалы бар, педагогикалык, котормо жана илимий иш-аракеттерди жүргүзө билген квалификациялуу, көп тилдүү адистерди сапаттуу даярдоо тутумун камсыз кылуу.
Факультет төмөнкү жогорку кесиптик билим берүү программаларына кабыл алынат: 
550300 Филологиялык билим берүү, окутуунун формасы:күндүзгү, окуу мөөнөтү:4 жыл 
Профили: Чет тили (англис / немис)
531000  Филология, окутуунун формасы:күндүзгү, окуу мөөнөтү:4 жыл 
Профили :Филологиялык дисциплиналарды окутуу (англис / немис),  
531100 Лингвистика , окутуунун формасы:күндүзгү, окуу мөөнөтү: 4 жыл   
Профили: 
  • Чет тилдерди жана маданиятты окутуунун теориясы жана методикасы 
  • Перевод и переводоведение (немис жана англис тилдеринде)
530003 Котормо жана котормо таануу (англис / немис), окутуунун формасы: күндүзгү жана кечки, окуу мөөнөтү: 5 жыл, квалификациясы: специалист

Магистратура
531100 Лингвистика, окутуунун формасы: күндүзгү, окуу узактыгы: 2 жыл.
Профили: Салыштырма лингвистика
550300 Филологиялык билим берүү, окутунун формасы: күндүзгү, окуу узактыгы: 2 жыл, окутуунун формасы: кечки жана сырттан окуу , окуу узактыгы: 2,5 жыл.
Профили: Чет тили
Окутуу бюджеттик жана контракт негизде жүргүзүлөт.
Кесиптик билим алуу менен студенттер англис, немис, италия жана француз тилдеринде практикалык билимдин жакшы деңгээлин, ошондой эле чет  тил окутулуп жаткан өлкөлөрдүн тарыхын жана маданиятын терең билишет.
Факультеттин негизин үч кафедра түзөт:
Факультетте ошондой эле факультеттин илимий кеңеши, окуу-усулдук комиссиясы, окуу-усулдук бөлүм бар.




Comments